13-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы тик учак баш болгон атайын техника тапшырылды. Президент Садыр Жапаров бул «эгемендик тарыхта өлкө бюджетинен алынган алгачкы тик учак» деп билдирди. Буга чейин өзгөчө кырдаалдар учурунда, куткаруу, өрт өчүрүү маалында техника жетишпей, коңшу өлкөдөн, же менчик компаниялардан ижарага алууга аргасыз болгон учурлар болгон. Адистер куткаруучу техниканы алуу менен катар кырсыктардын алдын алуу ыкмасын күчөтүү керектигин белгилеп жатышат.
Куткаруучуларга атайын техника Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу авиация аркылуу куткаруу кызматынын «Байтик» аэродромунда тапшырылды. Техниканы тапшыруу аземинде президент Садыр Жапаров куткаруучуларды атайын жабдуулар менен камсыздоо дагы улантыларын белгиледи.
«Жалпыңыздар жакшы билесиздер, бир жыл мурда куткаруучулар заманбап өрт өчүрүүчү унаалар жана атайын инженердик оор техника менен камсыз болду эле. Бүгүн болсо эгемендикке ээ болгондон бери биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен бир даана жаңы тик учак, 34 даана атайын техника 384 млн. 140 миң сомго сатып алынып, бүгүн колуңуздарга тапшырып отурабыз. Ошондой эле, ушул жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен дагы бир жаңы учак сатып алуу планыбызда бар. Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 023 480 долларга 10 даана жол тандабас "Пикап" автоунаалары, бир даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техника алынды. Мунун баары мамлекеттин жүзү, күчү жана кубаты болот».
Президент дагы бир тик учакты сатып алууга 752 млн. сом жумшаларын кошумчалады.
ӨКМ тик учакка муктаж
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнүн тик учагы жок. 2004 жана 2007-жылдары эки тик учагы Нарын тоолорунда альпинисттерди куткаруу иштери учурунда кыйрап калган. Акыркы тик учагы эскилиги жеткендигине байланыштуу 2011-жылы колдонуудан алып салынган. Андан кийин тоо-таштардагы куткаруу иштерин Коргоо министрлигинин тик учактарын жалдап аткарып келди. 2015-жылдын жайында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүгө Казакстандан тик учакты жардамга чакырууга мажбур болушкан.
Мындан тышкары, өлкө жетекчилеринин жеке уюмдардын тик учактары менен учуп жүрүшү да коомдун сынына кабылган. 12-июнда президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы Ага Хан фондуна таандык Agusta-Bell AB139 тик учагы менен Ысык-Көлдү кыдырып жүргөн сүрөтү жарыяланган болчу. Ага чейин, 2018-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков да ушул эле уюмдун тик учагы менен Ошко барып келген.
Быйыл март айында Чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине техниканы тапшырып жатып президент Садыр Жапаров куткаруучуларга тик учак сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен 2 млн. евродон ашуун каражат бөлүнүп жатканын жарыялаган.
Ошого катар эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен «Еврокоптер Казакстан Инжиниринг» компаниясы Airbus H125 үлгүсүндөгү бир моторлуу турбиналык тик учак сатып алуу келишимин түзгөн. Француз-казак биргелешкен компаниясынын бул учагы ар түрдүү издөө-куткаруу операцияларын, өрт кооптуулугу жогору аймактарга, суу жана жаратылыш ресурстарына байкоо жүргүзүү иштерин алып барууга ылайыкташкан.
Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов аскердик жана куткаруу тармагын атайын техника менен чыңдоо зарылдыгы ар дайым күчүндө экенин айтты.
«Учуунун моторесурсу 300 саат болот. Андан кийин оңдоо керек. Бизде оңдоочу база дагы жок, ал Орусияда болгон. Эски техника жарабайт да, туурабы? Бизде азыр аскердик тик учактар бар. Бирок, ал жетпейт, акырындан чыңдоо керек. Ачык айтканда жетишпейт, анын үстүнө бизде каражат тартыш да».
Куткаруучулардын көйү
Буга чейин Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдөн тутанган өрттү өчүрүүдө куткаруу техникасынын чамасы чектелүү экендиги айтылып келген. Кийинки жылдары курулган 15-20 кабаттуу үйлөргө өрт өчүрүү техникасынын кубаты жетишпейт.
2016-жылы Бишкек шаарындагы И.Панфилов жана Т.Кулатов көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө өрт чыкканда куткаруучулардын жогорку кабаттарга жете албашы анык болгон. Өрт өчүрүүчүлөр 50 метр бийиктикке чыга алган бир гана автокраны бар экенин, 12-кабаттын өйдө жагынан тутанган өрттү өчүрүүдө кудуретсиз экендигин айтышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурунку кызматкери Абдишарип Бекиловдун оюн угалы:
«Эки-үч жыл мурда эл аралык уюмдардын колдоосу менен шатылар алынган. Бирок, бул маселени чечүүнүн жолу эмес деп ойлойм. Негизи, эгерде биз чындап өрт коопсуздугунун алдын алабыз десек, анда көп кабаттуу үйлөрдү куруудан мурда алдын алып, ошолорду камсыздоо чараларын көрүп, анан өрттү өчүрө турган техниканы алсак туура болмок. Эки-үч шаты менен чоң Бишкек же Ош шаарларынын маселесин чечүү такыр мүмкүн эмес. Бул биринчиден. Экинчиси, туура эмес курулуштар. Өрт өчүрүүчү техниканын, бийик шатылардын ыңгайлуу жайгашып, өрттү өчүрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Анын башка бир жолдору бар, чет өлкөлөрдө курулуп жаткан имараттарда гидранттар курулуп, ичинде өзүнүн коопсуздугун өзү суу менен камсыздай ала турган шарты болушу керек. Бул коюлуп жаткан маселелердин баары курулушту курарда, ага уруксат берилерде жана баштаарда чечилүүчү маселелер. Бир тик учак алып же эки өрт өчүрүүчү шаты алып коюу же суунун деңгээли жете турган техника менен камсыздоо андан кийинки маселе».
Тик учак тоо-ташта куткарууга эң керек
Министрлик март айында туристтерди куткаруу иштерин өркүндөтүү үчүн «Эдельвейс» деп аталган куткаруу тобун түзгөн. Адистер азыркы сатып алынган тик учак ошол багытка көбүрөөк зарыл техника экендигин белгилешүүдө.
Кыргызстан альпинизм федерациясынын вице-президенти Илим Карыпбеков кыргыз тоолорунда кырсыкка учураган альпинисттерди куткаруу үчүн атайын тик учактар зарыл деп эсептейт:
«Альпинизм абдан популярдуу тармак. Бизде туризм десе эле Ысык-Көлдү, Соң-Көл менен Чатыр-Көлдү билебиз. Бирок, бул туризмдин 15-20% гана түзөт. Негизи өлкөгө көп акча алып келе турган тармак – бул тоо туризми, альпинизм. Альпинизмге чынында эле акчалуу адамдар барат. Бизде дүйнө жүзүнө эң белгилүү тоолорубуз бар. Бул Хан-Теңири, Жеңиш жана Ленин чокусу. Бул үч чоку абдан белгилүү жана тоолуу өрөөн болгондуктан, бул жакка абдан көп альпинисттер келет. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин бизде Кыргызстанда ӨКМнин жана башка куткаруучу тармактын тик учагы жок эле. Бизде кырсык учурлар абдан көп болот, жылда адамдар каза болот. Жылда өзгөчө ушул үч чокуда каза болушат. Мен өткөндө Ленин чокусунда жүргөндө эле бир ирандык альпинист каза болуп, анын сөөгүн чыгара албай куткаруучу альпинисттер он күндөн ашык жүрүп эптеп чыгарышты. Мына ушул учурларда тик учак абдан керек. Көп учурда адамдарды сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок тик учактын жоктугунан ал жерге атайын куткаруучу экспедиция барыш үчүн эле 2-3 сутка кете турган учур болуп калат. Дагы бир нерсе, чет өлкөдөн бизге альпинисттер келгенде бүт баары өздөрүнүн өмүрүн, ден соолугун камсыздандырып келишет. Ошол учурларда, мисалы, жакынкы жер болгондуктан чет өлкөлүк компаниялар Казакстандан тик учактарды жалдашат. Акчанын баары Казакстанга кетет. Ошондуктан, өзүбүздүн министрликтин куткаруучу тик учагы абдан керектүү оокат».
2022-жылдын март айында Дүйнөлүк банктын кырсыктардын алдын алуу боюнча долбоорунун алкагында 5 млн. доллардан ашуун каражатка 58 өрт өчүргүч машинеси сатып алынган. Анда өрт өчүрүүчүлөрдүн автопаркын мынчалык масштабдуу жаңылоо 2008-жылдан бери алгачкы ирет болуп жатканы айтылган.
2021-жылы Азия өнүктүрүү банкынын каражатына 81 даана оор инженердик техника алынган.
2021-жылдын июнь айында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйын куруп, Орусиядан гранттык негизде 20 млн. долларга атайын техниканы алуу келишими түзүлгөнүн билдирген. Келишимге ылайык, 100 даана өрт өчүргүч машинеси, 2 тик учак жана дагы бир катар куткаруу техникасы менен жабдыктары алынат. Министрдин маалыматына караганда, мындан тышкары Кытайдан да алты мобилдик госпитал жана 100дөй өрт өчүрүү техникасын акысыз алуу боюнча макулдашуу болгон. Анын Кыргызстанга келгени тууралуу маалымат бериле элек.