Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Атамбаев элдин эркиндикке умтулуусу түбөлүк экенин унутпоого чакырды


Алмазбек Атамбаев (ортодо). 2023-жылдын 14-февралы.
Алмазбек Атамбаев (ортодо). 2023-жылдын 14-февралы.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Апрель ыңкылабынын 14 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анын кайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.

Алмазбек Атамбаев Апрель ыңкылабында үй-бүлөлүк, кландык режим кулатылып, жарандардын укугун жана эркиндигин чектеген саясат токтогонун, окуядан кийин карапайым кыргызстандыктардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен системалуу чаралар көрүлгөнүн билдирген.

"14 жыл аралыгында көп нерсе өзгөрдү. Бирок элдин эркиндикке, адилеттикке умтулуусу түбөлүк. Бул байыркы кыргыз элинин өзгөчөлүгү. Муну унутуп калгандардын баары бармагын тиштеп калышты. Өлкөнүн саясий бийлиги муну көрүп жана түшүнүп турат деп ишенем. Элдин укугу жана эркиндиги тууралуу конституциялык жоболорду аткарууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар", - деп жазган Атамбаев.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болгон.

Ушул жана коррупцияга байланыштуу башка да окуялар боюнча бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган. Ошол эле жылдын 15-февралында дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткени айтылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Жыл башында анын уулу - Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев атасы жакын арада Кыргызстанга келбей турганын Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG