1999-жылы НАТОнун аскерлери Косового кирип, аймактагы серб күчтөрүн сүрүп чыгарган. Косоводо азыр да НАТОнун 4 миңдей бейпилдик күчтөрү кызмат өтөп жатат.
Мамлекет башчы Хашим Тачи 11-июнда АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтонду 1998-1999-жылдары 13 миң адамдын өмүрүн алган бул өлкөдөгү согушту токтотуудагы эмгеги үчүн «Эркиндик» медалы менен сыйлады. АКШнын экс-президенти Билл Клинтон, мурдагы мамлекеттик катчы Мадлен Олбрайт жана башка расмий адамдар азыр Приштинада жүрөт. Алар НАТО күчтөрүнүн Косового жайгашканынын 20 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга катышууда.
Президент Хашим Тачи Клинтонго сыйлык тапшырып жатып, «эркиндикке кошкон салымын» белгилеп, аны «Косовонун баатыры» деп мүнөздөдү. Ал эми Билли Клинтон өзү мындай деди:
«“Улутту кырууга жол жок, адамдарды үйүнөн эч ким кубалабайт, күнөөсү жок карапайым элди мындан ары эч ким өлтүрбөйт” деп айтып чыга турган адам керек болгон учурда мен АКШнын президенти кызматында турганыма дайыма сыймыктанам».
Билл Клинтон менен Мадлен Олбрайт Косового НАТО күчтөрүн киргизүүдө жана кийин да Сербия менен Косовонун ортосунда тынчтык келишимин түзүүдө чоң роль ойношкон.
Мурдагы Югославиянын аймагындагы Косово согушу 1998-жылы февралда башталган. Сербиянын курамында провинция болгон Косоводогу албандардын эгемен өлкө болуу боюнча талаптары жана аракеттери күч менен басылган. Айрым маалыматтарга ылайык 230 миңдей карапайым албан үй-жайын таштап, жер которууга аргасыз болгон. Катуу ырбаган согушка 1999-жылы мартта НАТО аралашып, Сербияны 78 күн бою бомбалаган. Белград ушундан кийин гана Косоводогу согуштук аракеттерин токтоткон.
Косоводо НАТОнун бейпилдик күчтөрүнүн (KFOR) 213 жоокери курман болду. Азыр да НАТОнун 4000ге жакын кызматкери бар.
«Биз курман болгондорду эскеребиз. Ошол эле кезде НАТОнун жетекчилигиндеги бул операция «кансыз согуш» жылдарынан берки Европанын үрөйүн учурган бул акыркы Балкан жаңжалын токтотуп калганын белгилейбиз», - деди НАТОнун бейпилдик күчтөрүнүн башчысы Жеймс Фогго.
Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы биротоло жоготкон. Косово болсо Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныды. Ал эми Сербия 2008-жылы бөлүнүп кеткен мурдагы провинциясынын эгемендигин тааныбай, Косовону Конституцияга ылайык өлкөнүн бир бөлүгү деп эсептейт.
Белград калкынын басымдуу бөлүгүн албандар түзгөн Косовонун Интерпол, ЮНЕСКО өңдүү эл аралык уюмдарга мүчө болуп киришине каршы болуп келет. Косовонун эгемендигин Сербиянын өнөктөшү Орусия да тааныган эмес.
Эл аралык уюмдар Косово менен Сербияны өз ара талашын биротоло жөнгө салууга чакырып келе жатат. Ал эми Европа Биримдиги муну уюмга мүчө болуудагы негизги талап катары көрсөткөн.