Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:43

"Коом Тазбаймат менен Арзыматтардын зыянын тартууда"


Кубан Мамбеталиев.
Кубан Мамбеталиев.

Коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзамдын иштеп кетишинен күмөн санайт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан механизмге ылайык, арыз-даттануулар аркылуу кайсы бир сайтты убактылуу жаап койсо болот. Сунушталган жобого ылайык, арызды Санариптик өнүктүрүү министрлиги алат жана жалган маалымат тараткан деген айып менен онлайн басылманын ишин токтотконго акылуу болот.

Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиев "Азаттыкка" маек куруп, Акаевдин президенттик доорунан бери журналисттердин оозун жабуунун ар түрдүү ыкмалары колдонулуп келатканын белгиледи:

- Акаевдин учурунда, 90-жылдардын ортолорунда буйрук менен маалымат каражаттары боюнча комиссия түзүлгөн. Ал кезде гезиттер көп болчу. Кайсы бир басылма бийликке жакпаган макала жарыяласа, ошол комиссияга арыз жазылып, гезитти жаап салышчу. Бирок ал комиссия бир жылга жетпей эле ишин токтоткон.

- Эмне себептен?

- Себеби, алар Сталиндин доорундагыдай сотсуз эле чечим чыгарып, басылмаларды жаап койчу. Макалада колдонулган кайсы бир сөз жакпай калса, болду, жаап салганга укуктуу эле. Журналист жазган макаласында фольклордогу макал-лакаптарды иштетсе, аны кайсы бир чиновниктин кадыр-баркына шек келтирүү деп кабыл алышкан. Мисалы, "ит өлөрүндө кабанаак болот" деген макал-лакапты колдонгону үчүн бир басылманы жаап салышкан.

1998-жылы Юстиция министрлигинин алдында Адеп комиссиясы түзүлгөн. Ошол комиссиянын сотко берген доо арызынын негизинде "Лимон", "Пайшамба", "Каттама" деген гезиттер жабылган. Ал комиссия деле көпкө иштебеди.


- Демек, сиздин оюңузча азыр сөз болуп жаткан "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзамдын иштеп кетиши да күмөн?

- Ооба. Ал мыйзамды колдонуунун кандай гана механизмин иштеп чыгышса да баарыбир элге жакпайт. Аткарылбайт. Биз демократиялык мамлекетпиз. Бул - сынчыларды оозун жабуу максатында кабыл алынган мыйзам. Бирөө кайсы бир чиновникти сындап койсо, ал дароо арыз жазат да, басылманы жаптырып салат. Биз мындан өткөнбүз.

- Атамбаев бийликте турганда президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп прокурор басылмаларды сотко берген, миллиондогон доо койгон учурларды да баштан өткөрбөдүкпү. Ушул эле кадамдын уландысы эмеспи биз сөз кылып жаткан мыйзам?

- Прокурор президентти коргогон мыйзам Акаевдин учурунда кабыл алынган. Президентти сындаган журналисттердин үстүнөн прокурор арыз жазып, анын колу менен басылмаларды жабууга аракет жасашкан. Бирок Акаев өзү муну колдонгонго үлгүрбөдү. Бакиев да колдонгон жок. Атамбаев аны 2015-2016-жылдары кеңири колдонуп, журналисттерде, басылмаларга каршы доо арыздардын сериясы болбодубу. Анын ичинде "Азаттык" да бар. Кийин Жээнбеков президент болгондо бул мыйзам жокко чыгарылды эле. Азыркы бийлик кайра ошого алып баратышат.


- Мындай демилгелер, мыйзамдар Кыргызстанда журналисттердин, жарандык коомдун тизгинин канчалык тарта алат? Канчалык иштейт?

- Мындай болбойт. Сынчылардын жаагын эч ким жаба албайт, айрыкча биздин мамлекетте. Биз көрсөтпөдүкпү муну. Бир жолу ыңкылап болду, эки жолу болду, үч жолу болду... Дагы канча жолу болушу керек? Биздин коом коркпойт. Рузвельт айткандай, коркунучтан арылуу - демократиянын негизги принциптеринин бири. Биздикилер коркунуч доорунан өткөн. Бизде эркиндик бар. Эркиндиктен эч ким ажырата албайт. Бийлик иштеп жатабы, иштесин. Журналисттер колдой турган жерде колдойт, сындай турган жерде сындайт. Ошондуктан журналисттерди "демократияны коргогон дөбөттөр" деп коюшат. Журналисттерге хан сарайды эмес, демократияны коргогон дөбөт болгон артык.

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган мыйзамды аткаруу жолдорун иштеп чыкканы айтылып жатпайбы. Аны мыйзам кабыл алынгандан кийин иштеп чыгууну кандай түшүнсөк болот? Кабыл алынган чейин такталышы керек эмеспи механизмдери?

- Эч кандай тактоонун кереги жок. Мындай мыйзамдын өзүнүн кереги жок. Кантип тактайт? Демократияга каршы келген документ болуп турбайбы. Бизде журналисттик эрежелерди тактаган массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзам бар да. Интернет жөнүндө мыйзам кабыл алып койсун, болду. Эгерде мыйзамды бузсаң, фейк болсоң, бирөөгө жалаа жапсаң, ал далилденсе мыйзамдын негизинде жооп бер, жетет.

- Тыйындын экинчи тарабын ала турган болсок, журналисттер өзү мурда кабыл алынган мыйзамдардын эрежелерин сактап иштеп жатабы?

- Баары журналисттин чеберчилигинен көз каранды. Журналисттерди сөздү колдоно билүүгө окутуш керек. Кабарчылардын куралы - сөз. Начар журналист болсо, начар адамдардын сөзүн сүйлөйт.


- Эмнеге Кыргызстанда ар бийликтин тушунда ушундай маселе жарала берет? Журналисттердин оозун чабуу аракетин дээрлик бардык президенттин башкаруусунда көрүп келе жатабыз.

- Биздин коомдо Тазбаймат менен Арзыматтын элементтери көп. Бул эки персонаж жөн жерден ойлоп табылган эмес да. Улуттук энциклопедияны барактап көрсөң, бир топ кемчиликтер бар. Тогуз том, ичинде коомдук-саясий ишмерлер тууралуу маалыматтар бар. Бирок Атамбаев жок. Атамбаевдин тушунда түзүлгөн энциклопедияда өзү жок. Сооронбай Жээнбеков жок, Табылды Эгембердиев жок, Сатыбалды Жээнбеков жок. Он чакты киши унутулуп калган. Себеби, ал энциклопедияны Тазбайматтар түзгөн. Ал эми Арзыматтар - кошоматчылар. Ким бийликке келсе, анын сол жагынан, оң жагынан өтүп кошомат кылып турушат. Бийликтин ишин сындаган макала жазган журналисттерди, жарандык активисттерди жамандап, аларды "тыңчылар, келесоолор, чыккынчылар" деп сыпаттап турушат. Коом мына ошол Тазбайматтар менен Арзыматтардын зыянын тартат. Ал эми журналисттер өз ишин аткарып жатат. Күрөшө беребиз, айта беребиз!

XS
SM
MD
LG