Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:23

Марипов: Бизде сөз эркиндиги күчтүү


Ош шаарында майрамдык салтанатка күбө болуп олтурган чиновниктер.
Ош шаарында майрамдык салтанатка күбө болуп олтурган чиновниктер.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош шаарында Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап сөз сүйлөп жатып Кыргызстанда сөз эркиндиги күчтүү экенин айтып өттү.

"Мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууда ачык коомдун ролу чоң. Бизде сөз эркиндиги күчтүү. Бул чыныгы демократия деп эсептейбиз. Демек биз демократиялуу, укуктук, эгемендүү мамлекетпиз", — деди Марипов.

Ал мындан сырткары кыргыз элинин улуттук мурастары, көз карандысыздыкка салым кошкон инсандарын эскерип өттү.

30-август күнү "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова өзүнүн жана 100гө жакын активисттердин, оппозициячыл саясатчылар менен укук коргоочулардын телефон сүйлөшүүлөрү сот чечиминин негизинде ИИМ тарабынан тыңшоого алынганын "Фейсбук" аркылуу билдирди. Президентке кайрылып, ички иштер министри Улан Ниязбековду жана баш прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алуу, кызматынын башчысы А. Жумабаев менен Биринчи Май райондук сотунун судьясы Ч. Бердимуратовду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" талаштуу мыйзамга 23-августта кол койгон. Коомчулукта бул мыйзам активисттерге, бийлик өкүлдөрүнө жакпаган журналисттерге каршы колдонулары айтылган. (DU)

XS
SM
MD
LG