Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

"Куугунтук токтосун!" Медиа коомчулук сөз эркиндигине кабатыр


Болот Темиров кармалган учурда тартылган сүрөт. 23-январь, 2022-жыл.
Болот Темиров кармалган учурда тартылган сүрөт. 23-январь, 2022-жыл.

Кыргызстандагы медиа уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги жана жарандардын конституциялык укуктары коркунучка кабылды деп тынчсызданышууда.

Журналистика тармагында эмгектенгендер жана жарандык коом өкүлдөрү билдирүү таратып, бийликти иликтөөчүлөргө жана активисттерге басым жасабоого чакырышты.

15-февралда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы мыйзамдуу болгону тууралуу биринчи инстанциядагы чечимди күчүндө калтырды. Ошол эле учурда сот милиция өкүлдөрү аны кармоодо Кылмыш-жаза кодексинин нормаларын бузган деп тапты. Бирок милиционерлер кандай эрежелерди бузганы жана аларга карата чыгарылган сот аныктамасы коомчулукка маалымдалган жок.

Темировдун адвокаты Нурбек Токтакунов муну түшунүксүз жагдай деп баалады. Журналист Болот Темиров өзү төмөнкүчө комментарий берди:

Болот Темиров
Болот Темиров

"Укук коргоо органдарынын, соттун аракети башынан эле мыйзамсыз болуп келатат. Ошондуктан шаардык соттун чечими таң калычтуу эмес. Мындан ары да мыйзам чегинде иштейт деп күтпөйбүз".

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январга караган түнү кармап кетип, эртеси күнү кое берген. Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айткан. Күч органдары аларды кармоодо мыйзам бузулбаганын билдиришкен.

Акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акцияда белгилүү төкмө акындар окуя тууралуу пикирин ыр менен билдирип, бийликти адилет чечим кабыл алууга үндөп ырдашкан. 23-январь, 2022-жыл.
Акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акцияда белгилүү төкмө акындар окуя тууралуу пикирин ыр менен билдирип, бийликти адилет чечим кабыл алууга үндөп ырдашкан. 23-январь, 2022-жыл.

Ал арада Кыргызстандагы медиа уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү "өлкөдө сөз эркиндиги жана жарандардын конституциялык укуктары коркунучка кабылды" деп билдирүү таратышты. Алар Темиров менен Назаровдун кармалышына, Kaktus Media басылмасына карата козголгон кылмыш ишине тынчсызданышып, муну сөз эркиндигин тизгиндөө деп баалашууда.

"Укук коргоо органдары биздин көз алдыбызда жазалоочу органдарга айланып, ал эми мамлекеттин аракеттери мыйзамга баш ийген өз жарандарына каршы багытталууда. Биз журналисттерге, укук коргоочуларга, Кыргыз Республикасынын жарандарына куру жалаа жабууну токтотууга чакырабыз. Temirov Live жана Kaktus media командаларын куугунтукка алуу токтотулсун!​" - деп айтылат билдирүүдө.


Көз карандысыз журналисттер бирлигинин төрагасы Азамат Касыбеков журналисттерге байланыштуу соңку кылмыш кылмыш иштери жок жерден токулган деп эсептейт.

Азамат Касыбеков
Азамат Касыбеков

"Тилекке каршы сөз эркиндигинин деңгээли төмөндөп баратат. Анткени, журналисттерге басым күчөгөн. Бул - саясий басым. Андан тышкары, экономикалык басым да бар. Пандемиядан улам маалымат каражаттарынын рекламалык булактары азайган. Каражаттын жоктугунан айрымдары жабылганга аргасыз болууда. Жумушсуз калган журналисттер саясий партиялар менен иштешип, алардын интернеттеги троллдоруна айланып, саясатчыларга курал болуп жатканына күбө болуудабыз. Аларга иликтөө менен алектенгенге караганда, кайсы бир саясатчыга иштеп, анын оппоненттерин каралап жазып отурган оңой. Ал эми иликтөө менен алектенген саналуу гана журналисттердин артынан күч органдары сая түшүп алган. Журналистиканын стандарттарын кармангандар куугунтукка кабылып, саясатчыларга иштеген көмүскө журналистика, троллдук журналистика өнүгүүдө Мындан улам суроо жаралат: мамлекетке жоопкерчиликтүү журналистика керекпи?".

Ошондой эле билдирүүдө бейөкмөт уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп таануу боюнча сунуш өлкөнү жарга такай турганы белгиленген. Бейөкмөт уюмдар грант алып иштегени үчүн каралоону токтотууга чакырык жасалып, өкмөт өзү да чет элдик уюмдардын гранттарын дайыма алып жүрөрү эскертилген.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова жакында Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” деген макам берүүнү сунуштаган эле.

Депутат 10-февралдагы парламент жыйынында V чакырылышта аталган маселе боюнча мыйзам долбоорун жазганын белгилеп, аны кайра карап чыгуу керектигин айткан.

Жанат Токтосунова
Жанат Токтосунова

Журналист, "3-канал" телекомпаниясынын директору Жанат Токтосунова журналисттерди, активисттерди куугунтукка алуу туура эместигин төмөнкүчө негиздеди:

"Өлкөдө экономикалык маселелер бар, жумушсуздукту, инфляциянын өсүшүн, кымбатчылыкты ар бир кыргызстандык сезип жатат. Алларды чечүү ордуна көйгөйдү айтып чыккандарды душман катары көрсөтүү жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Кыргызстандын тарыхы муну далилдеп турат".

Кыргыз коомчулугунда сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктар жетиштүү деңгээлде сакталып келатат деген ойдогулар да бар. Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев сөз эркиндигин Бишкектеги айрым окуяларга гана байлап коюуну туура эмес деп эсептейт:

"Бир блогерге, бир журналистке же бир маалымат каражатына куугунтук болуп жатат деп, ошого эле көңүл буруп алган болбойт. Ага да көңүл буруш керек, бирок басым жасап албаш керек".

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда басма сөз жыйынында журналисттердин кармалышы, иш козголушу тууралуу пикирин билдирип, тергөө бүткөндө баа берилерин айткан жана "журналисттерге эч ким тийишкен деле жери жоктугун" белгилеген.

Ушул күнү парламентте Кыргызстандагы адам укугунун жана эркиндигинин абалы талкууланган учурда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков айтылган сын-дооматтар жүйөлүү экенин билдирген.

Лондондогу The Economist Intelligence Unit (EIU) уюмунун демократия тууралуу дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан соңку бир жылда сегиз орунга артка кетип, авториардык режими бар өлкөлөрдүн катарына кошулган.

XS
SM
MD
LG