Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Алтын тууралуу чуулгандуу тасма, өкмөттүн жообу


Алтын куймалары боюнча социалдык тармактарда тараган тасмадан алынган скриншот.
Алтын куймалары боюнча социалдык тармактарда тараган тасмадан алынган скриншот.

Кыргызстанда алтын куймалары жөнүндө белгисиз бирөөлөр интернетке тасма жүктөгөндөн кийин аны журналист Болот Темиров иликтеп чыкты.

7-майда Темиров алтын куймаларга окшош зат тартылган видеону жарыялап, ал өлкөдөн чыгарылып кетиши мүмкүн экенин болжолдогон. Тасманы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сынга алып, журналистти коомчулукка "жалган маалымат таратып жатат" деп айыптады. Ал тапта УКМК бул тасманы чагымчыл деп атап, аны тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

7-май күнү түш ченде социалдык тармактарда жайылган кыска видеотасмада алтын уютмалары түспөлдөнгөн заттар салынган кара кутулар көрүнөт. Аларды тартып жаткан киши жүктүн жетип келгени, аларды кабыл алып, кайсы бир жакка жөнөтөрү тууралуу маалымат берип жатат. Сөз арасында “Сабыр ава” дегенин угууга болот.

Видеотасмада көрсөтүлгөн кутуларда 2023-жылдын 2-июлу жана IKU, LCA деген аббревиатуралар жазылганын көрүүгө болот.

"Тасмадагы айрым маалыматтар бири-бирине шайкеш келип жатат"

Маалыматты ачык булактар аркылуу текшерип чыккан иликтөөчү журналист Болот Темиров ошол эле күнү кечке маал өзүнүн версиясын коомчулукка жарыялады.

Болот Темиров IKU деген сөз Тамчы аба майданынын, ал эми LCA Кипрдеги Ларнака аба майданынын эл аралык коду экенин айтат. Муну менен катар, чындап эле ошол датада, тагыраагы 2023-жылдын 2-июлунда Тамчыдан Кипрге белгисиз жеке учак учканын белгилейт.

“Биринчи ТикТоктон чыккан. Мен изилдеп карап чыктым. Анан кийин, темир кутунун жазуулары латынча болгон. Ошону тагыраак карасам, IKU жана LCA деген жазуулар бар экен. Ал болсо Тамчы аба майданынын эл аралык коду деп койсо болот. Ларнака болсо Кипрдеги шаардын аталышы. Ошондо, бул кутулар Тамчыдан Ларнакага барат деген белгилүү жазуу болду. Анан, 2-июль деген жазуу бар экен. Ошону биз текшерип чыктык. Текшерип чыкканда, чын эле 2023-жылдын 2-июлунда Тамчыдан Ларнакага чартердик каттам учкан экен. Ал болсо Embraer 1000 деген жеке чартердик рейс экен. Мен деле карап көрдүм, Африкада же башка жакта алтын өндүргөн компаниялар ачык эле көрсөтүп турат, ошондой кутуларда алтындарды даярдап койгон жеринен сүрөттөр бар. Ошондуктан, алтынды, болгондо да аткезчилик аркылуу алтынды ташыбайт деген аргумент эмес”.

Журналист тасмада аты аталган “Сабыр” деген сөздү президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров болушу мүмкүн деп болжоп жатат. Бирок аны тастыктаган далил келтирген жок. Дегеле иликтөөчү журналист бул тасманын чын-төгүнүн, андагы заттар алтын экенин ырастаган кандайдыр бир далил көрсөткөн эмес. Буга кошумча, ошол күндөрү Кыргызстанга келип-кетти деген учак чынында эле алтын жүктөгөнбү деген суроо да ачык бойдон турат.

"Калп маалыматтар менен элди козутуп жатышат"

Мындан улам, коомчулуктун бир бөлүгү жана бийлик бул тасманы фейк-маалымат деп четке кагып жатат.

Алгач президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков, андан кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алтын тууралуу таркатылып жаткан маалыматтар ишеним жаратпайт деп билдиришти.

Вице-премьер Темировду таптакыр чындыкка коошпогон маалыматтарды таратуу менен коомчулукту адаштырып жатканына айыптап чыкты.

Эдил Байсалов өлкөдө элди козутуу, бийлик менен элдин ортосуна ажырым салуу үчүн ушундай маалыматтар коомдун талкуусуна атайын ташталып жатат деп эсептейт.

“Кечээ күнкү видеолорго адамдар кандайдыр бир шек санап, дагы бир суроолорду туудурушу мүмкүн. Бирок, аны деле өзүңүздөр көрүп турасыздар да, бул жасалма. Ошончо алтын болсо, 400 килограмдык кутуларды ким көтөрө алат? Алтын антип чыгарылбайт. Биздеги алтын 25 сантиметрден болот, ар бирине клеймо коюлат. Ал алтын аффинаждык заводдон чыгат. Булардын калпы ошонусу менен эле көрүнүп жатат. Кудайга шүгүр, азыр мамлекетибизге андай жеке менчик учактар келип атат. Күнүгө келип, күнүгө учат. Анда биздин деле ишкерлерибиз жалдап учуп жатат. Аларда сырттан келген байлар, туристтер келет, инвесторлор келет. Ошол учакты 2-июлга деп байлап туруп, Тамчы менен Кипрге алып чыгыптыр. Эми мындай эле суроо да, эмнеге Тамчыга? Алтындын бардыгы Бишкекте, Кара-Балтада же башка жерлерде. Тамчыдан эмнеге учат деген деле суроо жок эч кимде? Түшүнгөн, аркы-берки билими бар киши үчүн бардыгы эле жылжытуу (вброс) экени көрүнүп турат”.

Буга кошумча, бийликтеги атын атагысы келбеген жооптуу аткаминер 2023-жылдын 2-июлу кандайдыр бир окуяга байланыштуу экенин туюктата айтып, бирок бирөөлөрдүн жеке жашоосуна бүлүк салбоо үчүн эч кимдин атын атабай турганын билдирди.

"Фейк көп, бирок бийлик өзүнүн тазалыгын далилдеши керек"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 8-май күнү алтын окуясын комментарийлеп, маалыматты чагымчыл мүнөздөгү аракет катары сыпаттады. Атайын кызмат жарандарды ал факты боюнча чагымчыл сөздөрдү таркатпоого чакырып, атайылап жалган маалымат тараткандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.

Коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева укук коргоо органдары маалыматтын чын-бышыгын терең изилдеп, элди ынандырарлык жоопту бериши зарыл экенин айтат. Ал коомдо бурмаланган маалыматтар көбөйүп кеткендиктен, бийлик өзүнүн тазалыгын тастыктоонун заманбап ыкмаларын колдонушу зарыл деп эсептейт.

“Фейк болобу, фейк эмеспи – коопсуздук кызматы дыкат изилдеп чыгыш керек. Себеби, бүгүнкү күндө бул чоң чуу (ажиотаж), бийликке чоң күмөн саноо жаратты. Албетте, кийинки кездери биздин коомдо жалган жалаа, куру дооматтар көбөйүп кетти. Бул дагы байкалбаган рак оорусундай акырын жайылып баратат. Ошондуктан, бийлик мындай маселеге абдан олуттуу мамиле жасап, ишти аягына жеткирип, элге туура маалымат бериши керек. Бийлик бул маалыматтардын фейк экенин далилдеши зарыл. Азыр жөн эле “бул фейк” деп койсо, эл ынанбайт. Бул жөн эле айтылган иш эмес. Айтылган сөздүн кийин жакшы жакка же жаман жакка бура турган өзүнүн бир кесепети болот. Бул нерсе кийинчерээк барып дагы бир чоң чырга айланып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн коопсуздук комитети терең изилдеп, жарандарды өз убагында ынандырышы зарыл”.

Ошентип, Кыргызстанда чуулгандуу тасма кызуу талкуу жаратканы менен, учурда башы ачылбаган бүдөмүк суроолор менен коштолууда. Коррупциялык жаңжалдар орун алган өлкөдө мында маселелер коомчулуктун көңүл борборунда болуп, ар кандай реакцияларды жаратып келет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылы жалпысынан 20 тонна 213 килограмм алтын экспорттолгон. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун статистикасы боюнча ал жылы дүйнөнүн төрт өлкөсү Кыргызстандан 21 тонна 479 килограмм алтын импорттошкон. Уюмдун статистикасы импортер-өлкөлөрдүн расмий маалыматтарына негизделген. Эки статистиканын ортосунда 1 тонна 266 килограмм айырма бар.

Кыргызстандын статистика комитети улуттук жана эл аралык эсептөө системасындагы ажырымдын себеби тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек. Буга чейин мындай көрүнүштү эсептөө ыкмасындагы айырмачылыктар менен түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG