Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

09:52 10.11.2022

9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда бир катары укук коргоочу, коомдук ишмер, активисттердин бөгөт чарасы каралып, аларды эки айга камоо тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

Ал эми Конституциялык соттун мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулованын “кармалышы мыйзамдуу болгон” деген тыянак чыгарган. Сооронкулованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызы бүгүн, 10-ноябрда каралат.

09:54 10.11.2022

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын 10-11-ноябрда карала турган бөгөт чарасы:

Равшан Жээнбеков (саат 09:00да), Улугбек Маматаев (09:45), Рита Карасартова (09:00), Акыл Айтбаев (15:00), Бектур Асанов (16:00), Марат Баязов (16:00), Ерлан Бекчороев (17:00).

11-ноябрда карала турган иштер:

Айданбек Акматов (саат 09:00да), Жеңиш Молдакматов (11:00), Асия Сасыкбаева (17:00). Кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Канат Исаев, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.

09:54 10.11.2022

09:56 10.11.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG