Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

09:57 10.11.2022

"Кылым шамы" укук коргоо уюму Кемпир-Абад маселеси боюнча эки айга камалган саясатчы жана активист аялдарды бошотуу талабы менен президентке кайрылды.

Уюмдун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова кайрылууну Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, бул аялдарды бошотуусун өтүндү.

"Бул энелерди камап отурууга зарылчылык канчалык? Улгайган аялдарды да камап отурганы бийликтин алсыздыгы. Өзүңүздүн маегиңизде сиз алардын тагдырын сот чечерин, мунапыс сурап кайрылса болорун айттыңыз. Сизге алардын суранычы зарылбы? Андай болсо ал аялдар үчүн сизден мен суранайын, керек болсо тизелеп чөгөлөйүн, анткени алар үчүн бул кадамдарга баруу - уят эмес", - деп жазды укук коргоочу.

10:17 10.11.2022

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда жарандык активист, "башаламандык уюштурууга" шек саналып жаткан Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугун карай баштады.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн ушундай эле шек менен кармалган саясатчылар Асия Сасыкбаева, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, активисттер Клара Сооронкулова, Эрлан Бекчоро, Акыл Айтбаев, Улукбек Маматаев жана Марат Баязовдун да бөгөт чарасы каралат.

Бишкек шаардык соту 10-ноябрда саясатчы Канат Исаевдин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды да карай турганы кабарланды.

Шаардык сот Сасыкбаева менен Сооронкулованын кармалышын 9-ноябрда карап, мыйзамдуу деп тапкан.

Шаардык соттун 9-ноябрдагы чечими менен Гүлнара Журабаева, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Кеңешбек Дүйшөбаев, Перизат Суранова, Айбек Бузурманкулов жана Таалай Мадеминовдун бөгөт чарасы каралып, аларды эки айга камоо тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

10:18 10.11.2022

Бишкек шаардык сотунда кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жаткан жарандык активист Рита Карасартова "башаламандык уюштуруу" боюнча тагылып жаткан айыптарга макул эместигин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди:

"Кыпындай да күнөөм жок. Биздин аракетибиздин баары мыйзам чегинде. Кыймыл-аракетимде эч кандай мыйзамсыздык жок. Кемпир-Абад тууралуу элге туура эмес маалыматтар жетип жатат. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери!".

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Ушу тапта активист Улукбек Маматаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жатат.

10:19 10.11.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG