Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

12:54 11.11.2022

Массалык башаламандыкка айыпталып, эки айга камалган активист Чыңгыз Капаровдун бөгөт чарасы өзгөргөн жок. Бишкек шаардык соту ага карата Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.

Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №3 Нарын округунан катышкан. 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен шек саналып, кармалган.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган саясатчы, активисттердин кармалышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыздарды кароону улантууда. Бул күнү сот Айданбек Акматов, Рита Карасартова боюнча мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

12:29 11.11.2022

12:04 11.11.2022

Нурланбек Асанбеков сот залына дарыгердин коштоосунда алып келингенин "Азаттыктын" сотко катышып жаткан кабарчысы билдирди. Асанбеков сотто саясатчы же активист эмес экенин белгилеп, Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчылардан Равшан Жээнбековду гана тааный турганын, соңку айларда анын үйүн оңдоп жатканын айтты. Асанбеков анын жана жакындарынын банк эсептери жабылгандыктан, ири өлчөмдө насыяларын төлөй албай ачкачылык кармоого аргасыз болгонун кошумчалады.

12:02 11.11.2022

Массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, эки айга камалган Нурланбек Асанбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Бишкек шаардык сотунун төрагасы Н.Эсеналиевдин атына укук коргоочу Азиза Абдирасулова жолдоду.

Өтүнүч катта Нурланбек Асанбеков 11 жаштагы кызын, улгайган апасын, майыптыгы бар кичинекей баласын караган жалгыз бой ата экендиги, мурда сот жообуна тартылбаганы белгиленген.

Мындан тышкары анын 1-ноябрдан бери ачкачылык кармап жаткандыктан саламаттыгы да начарлаганы тууралуу жазылган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын "Азаттыкка" билдиришинче, Асанбеков ачкачылыгын улантып жатат.

"Он күн болду ачкачылык кармаганына. Абалы оор. Ордунан тура албай калыптыр", - деди укук коргоочу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG