Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган жарандык активист Рита Карасартованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карап, мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Ал буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.
"Биздин кыймыл-аракетибизде эч кандай мыйзам бузуу жок. Биз өзүбүздүн Конституция берген укугубуз боюнча биригип, сүйлөшүп, мыйзамсыз иштерге жол бербейли деген эле аракет болчу. Азыркы жасалып жаткан иштер мыйзамсыз. Кыргызстан укуктук өлкө болот деп ишенебиз", - деди Карасартова сот залында.
10-ноябрда шаардык сот Карасартованын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. Анда активист "башаламандык уюштуруу" боюнча тагылып жаткан айыптарга макул эместигин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирген. Рита Карасартова тергөө жүрбөй жатканын кошумчалаган.
Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган саясатчы, активисттердин кармалышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыздарды кароону улантууда.
Бул күнү сот Айданбек Акматов боюнча мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Журналист бөгөт чарасын карап жаткан судьяларга кайрылып, Конституция бузулуп жатканын белгиледи.
"Бизди соттой турган болсоңуздар Конституцияга чогулганга, сүйлөшкөнгө, талкуулаганга болбойт деп жазып коюңуздар. Ошондон кийин соттой бериңиздер", - деди Акматов сот залында.
Сот жүрүп жаткан маалда журналисттин тарапташтары аны бошотуу талабы менен акция өткөрүштү.
Журналист Айданбек Акматовдун иши сотто каралууда. Соттор чечим кабыл алганы кетишти.