Бишкектин Ала-Тоо аянтында массалык кармоолорго каршы акциянын катышуучуларынын жүрүшү аяктады. Катышуучулар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, кагазга кол коюшту.
Бишкекте 24-октябрда оппозициялык саясатчы, активисттерди жапырт кармоолорго каршы жүрүш өттү. Уюштуруучулар ага 500гө жакын адам катышканын билдиришти. Акцияга чыккандар темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө барышты.
Кыргызстанда "массалык башаламандыкка даярданды" деген шек менен 20дан ашуун активист, саясатчы камалды. Бийликтин мындай кадамына нааразы болгондор 24-октябрда Бишкекте жөө жүрүш өткөрдү. Соңку кырдаал, ага бийликтин мамилеси тууралуу президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Азаттыкка" маек курду.