Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Абыкеев: Бийлик диалог түзүү үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатат


Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

Кыргызстанда "массалык башаламандыкка даярданды" деген шек менен 20дан ашуун активист, саясатчы камалды. Бийликтин мындай кадамына нааразы болгондор 24-октябрда Бишкекте жөө жүрүш өткөрдү. Соңку кырдаал, ага бийликтин мамилеси тууралуу президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Азаттыкка" маек курду.

- Чолпонбек мырза, Кыргызстанда оппозициячыл маанайдагы 20дан ашуун активист, саясатчы камалды. Оппозиция жана жарандык коом болсо муну куугунтук катары сыпаттап жатат. Мындай сынга кандай жооп бересиз жана абалды жөнгө салууда эмнеге көңүл буруу керек?

- Эң алгач мыйзамга көңүл буруш керек. Биз мыйзам сыйлаган, укуктук мамлекетти куруунун өткөөл учурларын башыбыздан өткөрүп жатабыз. Мында ушундай мыйзамсыз аракеттер да болуп кетип жатат, кармалган адамдардын "сөзсүз түрдө митингге чыгыш керек, миндеген адам менен буларга көрсөтүшбүз керек" деген сүйлөшкөн сөздөрүн угуп жатасыздар. Андан атайлап башаламандык кылуу аракети түз эле көрүнүп тургандай.

Социалдык тармактагы маанайды байкасаң деле пикир жазгандардын 80% ашыгы же басымдуу көпчүлүк башамаландыктын кереги жок, кармалгандар туура болду дегендей мүнөздө болуп турат. Чын эле бизге тынчтык керек, биз дагы мыйзам менен жашаганды, шайлоо менен бийлик алмаштырууну үйрөнүшүбүз керек. Мына эки жыл өттү, дагы үч жылдан кийинки шайлоого даярданып, колунан келсе жеңип алышсын. Мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Болбосо беш-алты адам чогула калып, сырттан каражат келсе эле бийлик кубалап жиберели деген адатты такыр ташташыбыз керек болуп жатат.

- Оболу тергөө шектүүлөрдүн кыймыл-аракетин кылдат текшерип, тагылган айыптардын тактыгын аныкташы керек да?

-Ооба, тергөө аныктайт. Кимиси кандай күнөө кылганын тергөө аныктап, сот жыйынтыгын чыгарат. Азыр топтолгон фактылар боюнча өз пикиримди айтып жатам.

- Бирок бийликке сын айткандарды кармоо, камоо кырдаалды курчутуп ийбейби? Cоңку кырдаалдан чыгуунун кандай жолдорун көрүп жатасыз? Мындай учурда бийлик ар кандай саясий топтор менен диалог түзүү үчүн эмне жасашы керек?

- Мурдагы президенттерден айырмаланып Садыр Нургожоевич демократиялуу мамиле кылууга аракет кылып жатат. Мындан үч күн мурда эле Кемпир-Абад маселеси, бүгүнкү кырдаал боюнча кызыкдар адамдардын баарын чогултуп, беш жарым сааттан ашык бардык суроолорго жооп берди. Кимдир бирөөнү оппозиция, позиция деп бөлгөн жок. Айрымдар өздөрү барбай коюшту, баргандар курч суроолорду берди, аларга жооп алышты. Демек, бүгүнкү бийликте жашырып-жаба турган сыры жок.

Бул жагынан алганда Борбор Азия эле эмес, дүйнөдө абал оор болуп турат. Дүйнөлүк согуш башталып кетүүнүн босогосунда турабыз деп эскертип жатышат. Бизге жакынкы эле өлкөлөрдөгү кырдаалды байкап жатабыз. Ушундай кырдаалда биз ички тынчтыкты сактап, бийлик талашпай турсак абдан жакшы болот эле. Президент ички ынтымакты сактаганга болгон күч-аракетин жумшап жатат.

- Бийлик азыркыдай кырдаалда диалогго барууга даярбы?

- Бийлик диалог кылбадыбы. Өзүңөр деле көргөндөй, баарын өкмөткө чакырып алып, беш сааттан ашык сүйлөштү го. Ал жерде журналисттердин баары күбө болду. Болгон суроолорун берип, таптак жоопторду алышты. Бардык суроолоруна жооп алса деле, эшикке чыгып кыйшаңдап, ар кайсыны айткандар болду. Бийлик талашканга деле башка учур болот. Азыркы абалды карап туруп баарыбыз ынтымакта болушубуз керек. Бирөө кол салса эле же пандемиядагыдай оор учурда эле бирикпей, азыркыдай шартта ынтымактуу болушубуз керек болуп жатат.

XS
SM
MD
LG