Соңку кырдаал боюнча Жогорку Кеңештеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" маек курду.
24-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын алдына ондогон адам чогулуп, президент Садыр Жапаровдун саясатын колдогон митинг өткөрүштү. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге да ишеним артып, бийликти сындагандардан өлкөдөгү кырдаалды олку-солку кылбоону талап кылышты.
Ушул күнү Өзгөн райондук акимчилигинин алдына да 100дөн ашуун адам чыгып бийликтин саясатын колдой турганын билдирип, биримдикке үндөгөн акция өткөрүштү.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 24-октябрда билдирди.
Ага ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. Анын негизинде Исаев 23-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Ички иштер министрлиги Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде саясатчылардын жана жарандык активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Мекеме кимдер кармалганы жана алар кайсы милиция бөлүмүндө экенин тактаган жок.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 21 киши кармалганын жазып, тизмесин жарыялады. Милиция жапырт иш козгоп, кармаган саясатчылар жана жарандык активисттер кимдер жана эмне менен алек болорун тизмектедик.