Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

"Айыпсыз окко учкан Айкөркем ". Январь окуясынын тагы


"Айыпсыз окко учкан Айкөркем ". Январь окуясынын тагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:16 0:00

2022-жылы Казакстандын эгемен тарыхындагы эң кандуу окуя орун алды. Январь айында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган нааразылык акциялары башаламандык менен коштолуп, андан 230дай адамдын өмүрү кыйылды. 7-январда казак президенти Касым-Жомарт Токаев көчөгө чыккандарга «эскертүүсүз ок атуу» буйругун берген. Аны улай Алматыда аскерлердин огунан казак үй-бүлө бараткан автоунаанын ичиндеги төрт жашар Айкөркем да каза тапкан. Январь окуяларынан кийин президент Токаев бийлигин бекемдей алды. Айкөркемдин атасы болсо кызынын өлүмү үчүн президент жооптуу экенин, ал адилеттикти талап кылууну эч качан токтотпой турганын айтууда.

XS
SM
MD
LG