Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23
Казак полициясы нааразылыкка чыккандарды кармап баратат, 9-июнь, 2019-жыл.
Казак полициясы нааразылыкка чыккандарды кармап баратат, 9-июнь, 2019-жыл.

Казакстанда шайлоо кармоо менен коштолду

Казакстанда акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо өттү. Алматы, Нур-Султан баштаган бир нече шаарларда шайлоого каршы чыккан ондогон адамдар, алардын ичинде журналисттер да кармалды.

9-июнда Алматынын Астана аянтында 200гө чукул адам президенттик шайлоого каршылык билдирип чыкты. «Бойкот», «Маскара» деп кыйкырган бул адамдардын айрымдарын полиция кармап кетти.

Момбеков: «Казакстанда шайлоонун шаңы бар, жаны жок»

Казакстандагы добуш берүүнүн жүрүшүнө ТүркПАнын байкоочулар миссиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков да көз салууда. Эл өкүлү «Азаттыкка» маек куруп, өз байкоосу менен бөлүштү.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

«Азаттык»: - Рыскелди мырза, сиз Казакстанда өтүп жаткан президенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары көз салуудасыз. Жалпысынан шайлоонун жүрүшүн кандай баалап жатасыз?

Момбеков: - Жалпысынан алганда, мен шайлоонун шаңын көрүп атам, бирок шайлоонун жанын көрө албай жатам.

Шаңы дегеним, шайлоого бекер концерт коюшуп, бекер автобус уюштуруп ар бир шайлоо участогунда майрамдык маанай уюштурганга аракет кылышыптыр. Бирок жаны жок дегеним, айыгышкан кармашууну, байкоочулардын кызуу катышуусун көрө алган жокмун. Эр аралык байкоочулар миссиясынын курамында кыдырып жүргөнүмдө шайлоо участокторунда байкоочулардын аздыгы көзгө урунду. Эки-үч гана талапкердин ишенимдүү адамдары, байкоочулары катышып жатат. Маселен, Амиржан Косановдун, Дания Эспаеванын, анан негизги талапкер деген Касым-Жомарт Токаевдин байкоочулары бар экен. Ушул эки-үч талапкер жөнүндө эле сөз болбосо, калгандары жөнүндө шайлоочулардын деле кабары жок экенин байкадым.

Бирок булардын шайлоо мыйзамдары биздикине караганда катаалыраак экен. Биздикиндей үйүнөн салып келип, ташып келип добуш берүү жок экен. Мен азыр 10дон ашык участокто болдум. Нур-Султандын четине да чыгып, шайлоочулар, байкоочулар жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен баарлашып жатам. Көпчүлүк чочуп жооп бербей жатса, айрымдар «сиз кайдан келдиңиз, эмне кыласыз» деп корккон сезими бар, дагы бир бөлүгү «шайлоонун жыйынтыгы добуш берүүгө чейин эле чечилип калды» деп кайдыгер мамиле кылып жатканы байкалды. Бирок активдүүлүк жогору эле. Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 35-40 пайызы катышканын билдирип жатышат.

«Азаттык»: - Ошол эле учурда шайлоо күнү Нур-Султан, Алматы жана башка шаарларда адамдар кармалып жатканы кабарланды. Бул жөнүндө байкоочулар арасында маалымат барбы?

Момбеков: - Биз да ошондой маалымат угуп, ал жерлерге барып, эмне себептен бойкот жасап жатканын билели десем, «Алматы шаарында болуп жатат» деп айтышты. Нур-Султанда 10 участокту көрдүм, ал жактан андай нерсени байкай албадым.

«Азаттык»: - Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү Казакстанды 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаганында болуп турат. Ошондуктан айрым эксперттер «кандай болгон күндө да өзгөрүүлөр болот» деп жатышат. Эмне өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, калктын маанайынан эмнени байкадыңыз?

Момбеков: - Саясатчы катары мен эки жигит менен сүйлөшсөм «шайлоонун негизги маселелери шайлоо күнү эмес, анын жыйынтыгы жарыяланган соң чыгат» деп айтып жатышат. Добуштар саналган соң анын жыйынтыгы кандай болот? Ошого жараша мамиле аныкталашы мүмкүн. «Шайлоодо тандачу киши жок» деген таарынычтарды байкадым. Ошондуктан анын жыйынтыгы кандай болор экен деп чочулаган пикирлер айтылууда. Бирок одоно мыйзам бузууну өзүм анча байкаган жокмун.

Дүйнөдөгү Интернеттин эркиндигине мониторинг жүргүзүү менен алектенген «NetBlocks» эл аралык тобу Казакстанда 9-июнь күнү Интернет чектелип жатканын билдирди.

Британияда жайгашкан уюмдун аткаруучу директору Альп Токер «Азаттыктын» казак кызматына Интернет жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 11лерде кескин чектелген, чак түштө жарым-жартылай калыбына келтирилгенин айтты. Токер ошондой эле «NetBlocks» «шайлоо жараянына байланыштуу атайлап уюштурулган чектөөлөрдү» байкаганын кошумчалады.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00гө карата жалпы шайлоочулардын 65,9 пайызы добуш берди. Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган ондогон адамдар кармалганы белгилүү болду. Толугураак Нур-Султан шаарынан кабарчыбыз Бакыт Асанов айтып берет.

Кармоо менен коштолгон Казакстандагы шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00
Түз линк

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG