Президенттик шайлоодо ат салышууга жети талапкер расмий катталган. Алардын арасында Назарбаев бийликтен кеткен соң өлкөнүн башына келген азыркы президент Касым-Жомарт Токаев бар.
9-июнда таңкы саат 7ден тартып Казакстандын бардык аймактарында добушканалар ачылды. Бул 1991-жылы эгемендик алган Казакстандын тарыхындагы алтынчы жолку президенттик шайлоо. Буга чейинки шайлоолордо Нурсултан Назарбаев алдына эч кимди чыгарчу эмес.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11 миллион 947 шайлоочу добуш берүүгө катышууга укуктуу.
Талапкерлер:
«Улуу талаа кыраандары» биримдиги көрсөткөн, 64 жаштагы Сади-Бек-Түгөл;
Кесиптик кошуундар федерациясы көрсөткөн, 59 жаштагы Амангелди Таспихов;
Парламент депутаты, жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаева;
Бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын талапкери, 65 жаштагы утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев;
«Айыл» партиясы чыгарган талапкер, 54 жаштагы Төлеутай Ракымбетов;
Казакстан коммунисттик партиясынын талапкери, 58 жаштагы Жамбыл Ахметбеков;
«Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, 54 жаштагы Амиржан Косанов.
Токаев президенттик шайлоону «тарыхый» деп баалады
Казакстандын азыркы президенти, «Нур Отан» партиясынан президенттик шайлоого ат салышып жаткан Касым-Жомарт Токаев Нур-Султанда добуш берди. Андан соң журналисттерге чыгып сүйлөп, бул шайлоону «тарыхый» деп баалады.
Токаев «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысынын «Коомдо болуп жаткан нааразылык акциялары жөнүндө кабарыңыз барбы? «Токаев - менин президентим эмес» деген ураандар жөнүндө эмнелерди айта аласыз?» - деген суроосуна мындай жооп берди:
- Анын баарынан кабарым бар. Мен ар түрдүү жаңылыктарды угуп турам. Бул элдин тандоосу. Эгер айрым жарандар ошондой ураан таштаса, анда алардын тандоосу ошондой.
Буга чейин Алматы жана Нур-Султан шаарларындагы көп балалуу энелер жана өлкөдөгү оппозициянын тарапкерлери бир нече жолу нааразылык акцияларына чыгышкан. Буга кошумча «Ойгон, Казакстан» жана «Токаев - менин президентим эмес» деген ураан алдында активист жаштардын акциялары утур-утур уюштурулган эле.
Казакстанда шайлоого нааразыларды полиция кармап жатат
Казакстандын Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүзгө жакын адамды полиция кармап кетти.
Окуя болгон жердегилер тарткан видеолордо полиция бир нече адамды күч менен алып кетип жатканын көрүүгө болот. Алар «Бойкот», «Маскара» деп кыйкырып жатышат. Жагдайды чагылдырып жаткан «Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Петр Троценко да полиция бөлүмүнө жеткирилди.
Нур-Султан жана Чымкент шаарларында да адамдар кармалып жатканы кабарланууда.
Бүгүн Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы шайлоо. Шайлоодо жети талапкер ат салышууда. Талапкерлердин бири учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев нааразылык акцияларына чыгып жаткан адамдардын аракетин «өздөрүнүн тандоосу» деп айткан болчу.
«Азаттыктын» Нур-Султандагы кабарчысын полиция кармап кетти
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Нур-Султандагы кабарчысы Сания Тойкенди да полиция кармап кетти. Ал баш калаадагы шайлоо тилкелеринде добуш берүү жараянын, Жаштар сарайынын алдындагы митингди чагылдырып жүргөн.
Анын алдында Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүздөн ашуун адамды полиция кармап кетти. Жагдайды чагылдырып жаткан дагы бир журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Петр Троценкону да полиция бөлүмүнө алып кетишкен. Ал күбөлүгүн көрсөтүп, журналисттик ишин жасап жатканын айтканына да кулак салышкан эмес. Троценко бир сааттан ашуун убакыттан соң бошотулду.
«France-Presse» агенттигинин журналисти Крис Риклтон да кармалганы кабарланды.
Алматыда окуя болгон жердегилер тарткан видеолордо полиция бир нече адамды, анын ичинде улгайган аялдарды күч менен алып кетип жатканын көрүүгө болот.
Чымкент шаарында да 20дай киши кармалганы кабарланды.