Казакстанда шайлоочулардын 65 пайыздан ашыгы добуш берди
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00гө карата жалпы шайлоочулардын 65,9 пайызы добуш берди. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, Актөбө облусунда добуш берүүчүлөр жигердүүлүгүн көрсөтүүдө. Бул аймакта шайлоочулардын дээрлик 80 пайызга жакыны добуш берип үлгүрдү. Жалпысынан 17 аймактын ичинен Нур-Султан (49,6 %) жана Алматы (45,7 %) шаарларында гана шайлоочулардын катышы 50 пайызга жете элек.
Казакстанда 11 миллион 800 миңден ашуун шайлоочу добуш берүүгө укуктуу. Өлкөнү дээрлик 30 чукул убакыт башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкер, алардын ичинде утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев да ат салышууда.
Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган ондогон адамдар кармалганы белгилүү болду.
Казакстандын ички иштер министринин орун басары Марат Кожоев бул күнү өлкө боюнча жүзгө чукул адам «уруксатсыз митинг уюштурган» деген негиз менен кармалганын ырастады.
Москвада 600 дөн ашуун казакстандык добуш берди. Москва шаарында жана Москва облусунда 250 миңдей казакстандык бар. Москвадагы Казак элчилигинин имаратында ачылган шайлоо бекетинде добуш берүү жараяны тынч өтүп жатат. Бул тууралуу Москвадан Лазат Жаныбек кызы айтып берет.
Казакстанда уруксат берилбеген митингдерге катышкан 100дөй адам кармалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынынын жүрүшүндө Казакстандын ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев билдирди.
Нур-Султандын полициясы «Азаттыктын» кабарчысын бошотту
Жекшемби күнү Нур-Султан шаарындагы нааразылык акциясын чагылдырып жүргөн кезде кармалган «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкен бошотулду. Полиция аны документтерин текшергенден кийин коё бергени белгилүү болду.
Сания Тойкен Нур-Султандын «Жаштар» сарайынын алдында нааразылык билдирип чыккан 25 адам менен кошо кармалып, Есил райондук полиция бөлүмүнө жеткирилген болчу. Кабарчынын айтымында, полиция андан журналист экенин далилдеген документтерди көрсөтүүнү талап кылган.
Тойкен кармалып турган кезде «Facebook» аркылуу түз байланыш уюштуруп, анын жүрүшүндө шайлоону бойкоттоого чакырган ондогон адамдар полиция бөлүмүнө жеткирилгенине күбө болгон.
Мындан мурда «Азаттыктын» Алматы шаарындагы кабарчысы Петр Троценко да кармалып, бир аздан кийин кайра бошотулган эле. Казакстандын Ички иштер министрлиги 9-июнда өтүп жаткан шайлоо убагында жүздөй адам кармалганын ырастады.