Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26
Казак полициясы нааразылыкка чыккандарды кармап баратат, 9-июнь, 2019-жыл.
Казак полициясы нааразылыкка чыккандарды кармап баратат, 9-июнь, 2019-жыл.

Казакстанда шайлоо кармоо менен коштолду

Казакстанда акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо өттү. Алматы, Нур-Султан баштаган бир нече шаарларда шайлоого каршы чыккан ондогон адамдар, алардын ичинде журналисттер да кармалды.

"Human Rights Watch" эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттман "Твиттердеги" баракчасында Казакстандын бийлигин жарандардын тынч митингге чыгуу укугун сыйлоого чакырды:

-Полиция Казакстандагы тынч митингге чыккандарга күч колдонууда. Качан бийлик репрессивдик, адам укуктарын бузган тактикасын токтотот? Казакстан жарандардын тынч митингдердге чыгуу укуктарын сыйлап, демонстрацияга чыгууга аракет кылгандарды кармаганды токтотуш керек.

Алматыда шайлоого нааразы болгон демонстранттарды полиция кармап кетип жатат. Буга чейин «Азаттыктын» казак кызматынын репортеру Петр Троценкону да Алматыда шайлоону чагылдырып жүргөн жеринен полиция кармап кетип, бир сааттан кийин бошоткон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG