Нур-Султан «Азаттыктын» чет элдик журналисттерине аккредитация берген жок
Казакстан «Эркин Европа/Азаттык радиосунун» кыргызстандык, чехиялык жана орусиялык жети журналистине президенттик шайлоону чагылдырууга аккредитация берүүдөн баш тартты.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров бул тууралуу 8-июнда маалымдап, себебин түшүндүргөн жок.
Смадияров аккредитация сурап кайрылгандар шайлоо күнү журналисттик ишмердик менен алектенбеши керек экенин эскертти.
Журналисттер 8-июнь күнү Казакстанга келишкен эле. Уруксат берилбеген кабарчылардын арасында «Азаттыктын» кыргыз кызматынан Жанар Жолдошбаев, Бакыт Асанов жана Айбек Кулчуманов бар.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосу 23-апрелде кыргыз, тажик кызматтарынын жана «Настоящее Время» каналынын кабарчыларынын Казакстандагы президенттик шайлоону чагылдырыш үчүн аккредитация сурап өлкөнүн расмий органдарына кайрылган.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы алты журналистине аккредитация берүүдөн баш тарткан эле.
Президенттик шайлоо күч органдарынын күчөтүлгөн тартиптеги көзөмөлү жана адамдарды кармоо менен коштолуп жатат. Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүзгө жакын адамды полиция кармап кетти. Нур-Султан жана Чымкент шаарларында да адамдар кармалып жатканы кабарланды.
Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат - түз эфир