Дамирбек Асылбек уулу өзү ким, ал жөнүндө жердештери, жакындары эмне дейт? Бала чагы кайда өткөн?
Депутаттын жарандыгы көп маселени козгоду
Депутаттын жарандыгы көп маселени козгоду
Дамирбек Асылбек уулунун атасы Асылбек Супатаевдин айтымында, уулу чоң энесинин колунда тарбияланган:
- Мен тарбиялаган жокмун. Энем тарбиялады. Мен дайыма: "Уулум кандай, окуп жатабы, жакшы эле жүрөбү?" деп сурап турчумун. Бул жерде 8-класска чейин окуду да, анан Бишкекке кетти.
Асылбек аксакал борборго барган соң уулу чоң спорттун жолуна түшкөнүн, мектепти бүтүп, армияга да барып келгенин билдирди. Ал баласы кийин машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөнүн да айтып өттү.
Асылбек аксакал уулунун азан чакырып коюлган аты Динарбек экенин, аты-жөнүн өзгөртүп алганын кийин угуп өзү да таң калганын кошумчалады:
- Аты Динарбек эле болчу. Бир жолу: "Сен кайдан жүрүп Дамирбексиң, атыңды энем Динарбек деп койбоду беле?" десем: "Ата, ага кайгырбай эле кой, атты эми коё берет да" деп койду. Фамилиясы кичинесинде Супатаев эле болчу.
Дамирбек беш бир туугандын экинчиси, жалгыз уул. Атасынын айтымында, ал Каракол шаарындагы №14 мектепте 8-класска чейин окуган.
Эл өкүлүнүн кармалышы ата-энесине оор сокку болгон. "Эгер мүмкүнчүлүк беришсе жолугуп келет элем" дейт атасы Асылбек Супатаев.
Ал уулунун кармалышын жалган жалаа же кимдир бирөөнүн өч алуусу деп жоромолдойт. Асылбек аксакал уулу коңшу өлкөнүн жараны деген маалыматка мындай деди:
- "Казак жараны" дегени - калп. Кыргызстанда төрөлсө, Кыргызстандын жараны да. Казакстанда төрөлбөсө, мен ал жакта жашабасам... Казактардын четине да басып барбасам... Кандайча казак болот?
Учурда Асылбек аксакал байбичеси жана кичүү майып кызы үчөө Каракол шаарындагы көп кабат үйлөрдүн биринде турат.
Аткезчиликке байланыштуу айыпталып, Казакстанда камакка алынган Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экени тууралуу Казакстандын расмий органдары билдирген.
Эл аралык “Казинформ” маалымат агенттиги менен болгон маегинде Казакстандын ИИМинин өкүлү Алмас Саудабаев Асылбек уулу туулгандан баштап эле Казакстандын жараны экенин ырастаган.
“Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусунун Кордай районунун тургуну болуп саналат, улуту казак. Ошол жерде чоңоюп, бой жеткенден кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде Казакстандын жарандыгын тастыктаган документти – паспортту алган”, деп жазган Саудабаевдин комментарийин маалымат агенттиги.
Анын айтымында, Дамирбек Асылбек уулу паспортунун мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Казакстандын паспортун 2010-жылы экинчи жолу алган. Саудабаев ошондой эле Асылбек уулу жарандыктан чыгуу тууралуу эч качан арыз жазбаганын белгилейт. ИИМдин өкүлү учурда бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын да кошумчалаган.
Дамирбек Асылбек уулу буга чейин аты-жөнүнөн тышкары жаш курагын да өзгөрткөнү туурасында маалыматтар чыккан.
Коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөлөрүнө таянып, Асылбек уулу бир мезгилде “1979-жылы туулган Динарбек Супатаев” деген ысым менен бир нече спорттук мелдешке катышып жүргөнүн жазды.
Ачык булактарга таянган Байсаловдун маалыматында, Дамир Асылбек уулу 1997-жылы кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн аты-жөнүн өзгөртүп, жаш курагын эки жашка төмөндөтүп, жаңы паспорт алган болушу мүмкүн:
- Биздин иликтөө боюнча, ал спорттук ишмердиктен улам фамилиясын өзгөрткөн болушу мүмкүн. 1979-жылы туулса, 1996-жылы 16 жаштагы улан катары Югославияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышкан экен. Ал жактан Кыргызстан үчүн коло медал жеңип келген экен. Аны спорт чөйрөсүндөгүлөр “Супатаев Динарбек” деген ысым менен таанышаарын айтышты. Экинчи жагынан, 2001-2004-жылдары Казакстандын атынан эл аралык мелдештерге катышканы Интернеттеги маалыматтар базасында жүрөт. Албетте, Казакстандын атынан эл аралык чемпионаттарга катышуу үчүн сөзсүз түрдө казак жарандыгын алышы керек болчу. Демек, 2000-жылдардын башында, ошол өлкөнүн жарандыгын, казакча айтканда, “азаматтыгын” алышы мүмкүн.
Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны - Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу") менен айыпталып, эки айга камакка алынган.