Акцияны чагылдырган журналисттердин ишине да жаштардын тобу тоскоолдук кылышты.
Астанада 22-мартта Нооруз майрамы белгиленген кезде акцияга чыккандардын нааразылыгын түз ободо чагылдырган "Азаттыктын" казак кызматына жаштардан турган белгисиз топ каршылык көрсөттү.
Алар "негатив" көрсөтпөгүлө деп талап кылып, акциянын катышуучуларын жана полициянын кармоо учурун видеокамерага тартууга жолтоо болушту.
"Бүгүн майрам. Ноорузда негатив көрсөтүп, элдин маанайын бузуп эмне кереги бар?", - деди бул топтун атын атабаган өкүлү.
Полиция кабарчылардын аларга чара көрүү тууралуу өтүнүчүнө көңүл бурган жок.
Бул күнү "Настоящее время" телеканалынын Астанадагы кабарчысы Светлана Глушкованы да полиция кармап кетти. Укук коргоо органдары журналистке кайсы бир аялдын арызынын негизинде кармалганын түшүндүргөн.
Окуя болгон жерде жүргөн парламент депутаты Бахытбек Смагул журналисттерди нааразылык акциясын эмес, Нооруздун расмий белгиленишин чагылдырууга чакырды.
"Кол да, жол да баштай турган силерсиңер. Бирок жакшы жолго баштооңор керек".
Кармалгандар жүктөлгөн автобусту тартуу үчүн барган операторго видео тартууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Журналисттердин эмнеге тоскоол болуп жатасыңар деген суроосуна жаштардын бири "акимчиликтен буйрук болгон" деп жооп берди.
Чет өлкөдө жашаган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынынын негиздөөчүсү, оппозиционер Мухтар Аблязов 22-мартта тарапкерлерин бийликке каршы акция өткөрүү үчүн Астанадагы "Шапагат" соода борборунун алдындагы аянтка топтолууга чакырган.
Ал эми Алматыда акциянын катышуучулары майрамдык иш-чаралар өткөн Панфилов-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишине чогулушкан.
"Азаттыктын" жана "Настоящее время" телеканалынын журналисттери Алматыда да тоскоолдуктарга кабылышты. Коомдук тартипке көз салган полиция кабарчылардын ишине жолтоо болгондорго эч кандай чара көрбөдү.
Алматыда түшкө чейин полиция жана атайын бөлүктүн кызматкерлери ондон ашык кишини кармады. Ага чейин чогулгандар бийликтин саясатына нааразы экенин, Астананы Нурсултан деп өзгөртүүгө макул эместигин айтышты.
"Мен Астананы Нурсултан деп атоого каршымын".
"Биздин укугубузду ким коргойт".
"Мен демократиялык Казакстанда жашагым келет", - дешти чогулгандар.
Бейшембиде Чымкентте да төрт киши кармалганын "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.
21-мартта Астанада да ушундай эле талап менен акция өткөргөнү жаткан 20га чукул киши полиция бөлүмүнө жеткирилген. Башкалаанын аталышын өзгөртүүнү 20-мартта кызматына киришкен президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Ал отуз жылдай өлкөнү башкарган 78 жаштагы "эл башы" Нурсултан Назарбаевдин ысымын түбөлүк калтыруу зарылдыгын билдирген.
Казак парламенти бул сунушту колдоп, Конституцияга референдумсуз эле өзгөртүү киргизген мыйзам кабыл алган. Казакстандын Конституциясына ылайык, башкалаанын аталышы жалпы элдик добуш берүү аркылуу өзгөртүлүүгө тийиш.
Эми Астана мажилис кабыл алган мыйзамга президент кол койгондон кийин расмий өзгөрөт.
Мажилисти 2013-жылдан бери башкарып келаткан спикер, 65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев Назарбаевден кийинки экинчи президент болду. Мыйзам боюнча президент мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткондо шайлоого чейин анын милдетин спикер аткара баштайт.
Токаев ант берип президенттик кызматка расмий киришкенден кийин, парламенттин жогорку палатасын Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига жетектеп, Казакстандагы экинчи адамга айланды.
Кызматын тапшырган менен Нурсултан Назарбаев мамлекеттик башкаруудагы таасирин сактап калды. Ал Коопсуздук кеңештин төрагасы, бийликтеги "Нур Отан" партиясынын жетекчиси, Конституциялык кеңештин мүчөсү. Мындан тышкары "улут көсөмү" макамына, биринчи президент катары кол тийбестикке ээ.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.