Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Астана эми Нурсултан деп аталат


Казакстандын баш калаасы Астана шаары, 22-март, 2013-жыл.
Казакстандын баш калаасы Астана шаары, 22-март, 2013-жыл.

Казакстандын борбору Астана шаары эми Нурсултан деп өзгөрөт. Казак парламенти жаңы ишке киришкен президент Касым-Жомарт Токаевдин сунушун дээрлик бир добуштан колдоп берди.

Советтер Союзу учурунда Акмолинск, Целиноград деп аталып, Казакстан эгемендик алгандан кийин Акмоло деген тарыхый атына кайткан, андан соң Астанага айланган шаар эми Нурсултан деп аталмай болду.

20-мартта казак парламенти баш калаанын аталышын өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун дээрлик бир добуштан жактырды. Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин муну “тарыхый чечим” деп атады.

Казакстандын борбор шаарына өз ыктыяры менен президенттиктен кеткен Нурсултан Назарбаевдин ысымын ыйгаруу сунушун шаршебиде ант берген жаңы президент Касым-Жомарт Токаев киргизген.

- Биздин улуу замандашыбыз - Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымын төмөнкү жолдор менен түбөлүккө калтыруу зарыл деп эсептейм: Биздин баш калаабыз анын ысымын алып, Нурсултан деп аталышы керек. Мындан тышкары биздин мамлекеттин баш калаасында Казакстандын биринчи президентинин айкели тургузулат.

Жаңы президент Токаев Астананын курулушун Назарбаевдин эрдиги катары мүнөздөдү.

Назарбаевдин дымагы

Астанадагы Назарбаев университети.
Астанадагы Назарбаев университети.

Чынында Астананын борбор шаар катары калыптанышы өлкө ичинде да, сыртында да Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жеке дымагынан жаралган долбоор катары мүнөздөлүп келет.

"Элбашы" 1997-жылы парламенттин макулдугун алып, казак баш калаасын Алматыдан Акмолого көчүрүүнү чечкен. 1998-жылдын май айында Назарбаев Акмолого казак тилинде "борбор шаар" деген маанини берген Астана деген атты ыйгарган.

Назарбаев Казакстандын баш калаасын көчүрүү чечими убагында казак элитасында ишенбөөчүлүктү жаратканын, бирок ал туура чечим болгонун айтканы бар:

- Биринчиден, перспективасы чоң идеяны жаратып, аны ишке ашырып, өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн баарына көрсөтүшүбүз керек болчу. Экинчиден, баш калаа мамлекеттин борбордук бөлүгүндө болушу зарыл эле. Үчүнчүдөн, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылган, жаңы импульсту жарата алган борборго муктаждык бар болчу.

Астанага сарпталган миллиарддар

Астанадагы курулуш иштери, 2009-жыл.
Астанадагы курулуш иштери, 2009-жыл.

Кантсе да Назарбаев Астанадан акча аяган жок. Шаардык мэриянын былтыркы расмий маалыматы боюнча, жыйырма жыл ичинде казак баш калаасына 2 триллион 300 миллиард теңге же 6 миллиард доллардай акча салынган.

Натыйжада Астанада жаңы өкмөттүк имараттар, көз жоосун алган заманбап комплекстер менен бизнес борборлору салынып, жаңы райондор пайда болду.

Ошондой эле катаал климаты менен өзгөчөлөнгөн түндүктөгү бул шаардын калкы да эселеп өстү. Маселен 1998-жылы бул калаада 300 миңге жетпеген киши жашаса, 2017-жылы Астана миллион калкы бар шаарлардын катарына кошулду.

- Биз 1 миллион 200 миң киши жашаган мегаполисти кура алдык. Мунун баары биздин көз алдыбызда, абдан тез ишке ашты. Астана биздин мамлекеттүүлүктүн жана келечегибиздин бирдиктүү символу болуп калды, - деп билдирген Назарбаев.

Коомчулукта кайчы пикир кала берүүдө

Астанадагы "Хан чатыр" имараты.
Астанадагы "Хан чатыр" имараты.

Астанага Назарбаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси 2010-жылдардын башынан бери эле көтөрүлүп келе жаткан. Казакстанда президенттик бийликтин формалдуу түрдө алмашуусу менен акыры андай демилге ишке ашып жатат. Албетте, азырынча мыйзам долбоорго жаңы президент кол коюп, бул чечим мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек.

Ошентсе да Астананын Нурсултанга айланганы калганы коомчулукта мурдагыдай эле эки ача пикирди жаратып жатат. Социалдык тармактарда айрымдар Назарбаев буга татыктуу дешсе, кайсы бири муну жеке адамдын керт башына сыйынуу жана жагынуу аракети катары мүнөздөшүүдө.

Жаңы президенттин чечимин сындагандардын арасында казакстандык көз карандысыз саясатчы Амиржан Косанов да бар:

- Азыр казакстандыктардын баш катырып жүргөн маселеси - бул жумуш таап, үй-бүлөсүнүн курсагын койгузуу. Миллиарддаган долларлар жумшалып, брендге айланган Астананын атын бир адамга берип салуу эч бир демократиянын чегине сыйбайт. Жалпы Казакстанды дүйнө жүзүнүн алдында маскара кыла турган жагдай.

Нурсултан Назарбаев менен Касым-Жомарт Токаев парламентте. 20-март, 2019-жыл
Нурсултан Назарбаев менен Касым-Жомарт Токаев парламентте. 20-март, 2019-жыл

Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев өз ыктыяры менен бийликтен кетип жатканын 19-мартта жарыялаган. Анын ордуна келген Касым-Жомарт Токаев билдиргендей, "элбашынын" атын "түбөлүккө калтыруу үчүн" Казакстандын бардык облус борборлорунун башкы көчөлөрүнө Нурсултан Назарбаевдин аты ыйгарылат. Мындан тышкары Назарбаевге "калк каарманы" же "эл баатыры", "ардактуу сенатор" наамы берилди.

Ошондой эле Казакстандын биринчи президентинин портрет жана сүрөттөрү коомдук жайлардын, мамлекеттик кызматкерлердин кабинеттеринин жана окуу жай имараттарынын негизги атрибуттарынын бири бойдон кала бермекчи.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG