Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Астананын аталышын коргогондор кармалды


Зауре Сагидолдинаны кармоо учуру. 21-март, 2019-жыл. Астана шаары. "Азаттыктын" кабарчысы тарткан сүрөт.
Зауре Сагидолдинаны кармоо учуру. 21-март, 2019-жыл. Астана шаары. "Азаттыктын" кабарчысы тарткан сүрөт.

Астанада шаарды Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы чыккандар кармалды. Башкалаанын аталышы казак мажилиси кабыл алган мыйзамга президент кол койгондон кийин расмий өзгөрөт.

Астананын акимчилигинин алдына 21-мартта башкалаанын аталышын өзгөртүүгө каршы нааразылык акцияга чогулгандарды полиция кармап кетти. Ондон ашык киши автобустарга күчтөп отургузулуп, полиция департаментине жеткирилди.

Алардын бири Зауре Сагидолдина акимчилик жайгашкан аянтка келе жатканда полиция кармап кеткенин "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

Сагидолдинанын айтымында, полиция ага өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылына козголгон кылмыш иштерине байланыштуу күбө катары суракка алып келингени тууралуу түшүндүрмө берген. Бирок кайсы кылмыш иши экенин так айткан эмес.

20-мартта мажилистин сессиясында Казакстан элине ант берип, президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев Астанага туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын ыйгарууну сунуштаган. Токаев буга Астана Назарбаевдин эрдиги менен курулганын жүйө келтирди:

- Биздин улуу замандашыбыз - Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымын төмөнкү жолдор менен түбөлүккө калтыруу зарыл деп эсептейм: биздин баш калаабыз анын ысымын алып, Нурсултан деп аталышы керек. Мындан тышкары биздин мамлекеттин баш калаасында Казакстандын биринчи президентинин айкели тургузулат.

Ошол эле күнү Астананын аталышын алмаштыруу үчүн Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр парламентке жиберилип, ал дароо эки окууда кабыл алынган. Бийликтин чечими казак коомчулугунда сынга алынууда. Аны колдогондор да жок эмес.

"Азаттыктын" казак кызматы эл арасында сурамжылоо жүргүзгөндө, жарандар ар кыл ойлорун ортого салышты:

"Астана бойдон калышы керек".

"Өтө туура чечим болду. Ал киши мага абдан жагат".

"Туура болду. Калааны ошол киши түптөгөн".

"Астана деген өзүнүн аты да. Ошол эле жакшы. Өзгөртүүнүн кажети жок деп ойлойм".

"Бул маселе 2015-жылы эле айтылган да. Назарбаев азыр кереги жок деп койбоду беле. Менимче, бул сунушка карата элдин пикири маанилүү. Бирок анын салымы чоң".

"Назарбаев шаарына барабыз деп кантип айтабыз? Астана болуп калганы жакшы".

"Башка мамлекеттердин борборундай эле калганы жакшы. Мисалы, Орусиянын башкалаасы Москва. Биздики - Астана. Мен Астана бойдон калышын туура көрөм".

"Нурсултан деп алмаштырса жакшы болот. Америкада Вашингтон шаары да президенттин атынан коюлган".

Ал тапта Интернетте шаардын аталышын референдум өткөрбөй эле өзгөртүү мыйзамсыз деген негизде эки петиция жарыяланып, анын биринде эки миңдей, экинчисинде 29 миңден ашуун кол топтолду.

Ушуну менен соңку 25 жыл ичинде Казакстандын ордо калаасын үчүнчү ирет өзгөртүү аракети көрүлүп жатат. Советтик доордогу Целиноград шаары Казакстан эгемендик алгандан кийин Акмоло деп аталып, 1998-жылы Астана деп өзгөртүлгөн. Казакстандын Конституциясына ылайык, башкалаанын аталышы жалпы элдик добуш берүү аркылуу өзгөртүлүүгө тийиш.

Казак башкалаасынын аталышы парламент кабыл алган мыйзамга президент кол койгондон кийин расмий өзгөрөт.

Астанага Назарбаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси 2010-жылдан бери эле көтөрүлүп келе жаткан. Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев өз ыктыяры менен бийликтен кетип жатканын 19-мартта жарыялаган. Анын ордуна келген Касым-Жомарт Токаев "элбашынын" атын "түбөлүккө калтыруу үчүн" Казакстандын бардык облус борборлорунун башкы көчөлөрүнө Нурсултан Назарбаевдин аты бериле турганын билдирген.

Анын сүрөттөрү коомдук жайлардын, мамлекеттик кызматкерлердин кабинеттеринин жана окуу жай имараттарынын негизги атрибуттарынын бири бойдон кала берерин айткан.

20-мартта Актөбө шаарынын чок ортосундагы Абылкайыр хан көчөсүнүн жарымына Нурсултан Назарбаевдин ысымы ыйгарылды. Дагы бир нече шаардагы көчөлөрдү Назарбаевдин урматына атоо боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG