Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

“Мончого баратканда кармап кетишти”


Казак полициясы жарандык активисти кармап баратат. Иллюстрациялык сүрөт.
Казак полициясы жарандык активисти кармап баратат. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбүдө Алматыда бир нече жарандык активист кармалганы маалымдалды. Казак полициясы кармоолордун себебин түшүндүргөн жок. 16-декабрда да ушул эле калаада ондон ашуун киши кармалып, бир нече сааттан кийин коё берилген.

Казакстандын Алматы шаарында полиция экинчи күн катары менен активисттерди кармап жатат. Ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилгендерге эч кандай айып такпастан, кармоонун себебин түшүндүрбөстөн бир нече сааттан кийин бошотуп жатышканы да маалым болду.

"Ар.Рух.Хак" бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Бахытжан Торегожина баш болгон бир катар активисттер "Фейсбуктагы" баракчаларына "Дат" оппозициячыл гезитинин башчысы Ермурат Бапи, укук коргоочу Ерлан Калиев жана башка бир катар активисттер кармалганын жазышты.

Айрым активисттер алардын үйлөрүнүн жанында полициячылар күзөтүп турганын, көчөгө чыга албай калышканын билдиришти. Полиция кармоолордун себебин расмий түшүндүрө элек. Калаанын Бостандык районунун полиция бөлүмүнөн бир нече жаран кармалганын ырасташып, алар түштөн кийин бошотулганын кошумчалашты. Ал эми себебин сураганда "митингге чыгууну көздөшкөнү үчүн кармалышканын" айтты.

Бир күн мурда, 16-декабрда да Алматыда ондогон активисттер кармалганы маалым болгон. Алардын бири Есенгазы Куандыкты полиция кызматкерлери аны мончого бараткан жеринен күч менен кармап кетишкенин айтат:

- Эшигимдин алдында, элдин, аялымдын көзүнчө мени беш полициячы мал сыяктуу сүйрөп, машинесине салып кетишти. Ал жактан тергөөчү болбогон нерселерди сурады."Сиз митингге бараттыңыз беле?"-дейт. Мен "мончого бараткам" деп, баштыктагы самынымды көрсөттүм. "Сиз мамлекетке каршысызбы?",-деп сурайт. Мен "эч качан мамлекетке каршы чыккан эмесмин" деп айттым.

Таң эрте полициячылардын кайтаруусуна алынгандардын арасында укук коргоочу Бакытжан Торегожина да болгон. Ал күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү укук коргоочу жашаган үйдүн короосун эртең мененден тарта эле айланчыктап жүрүшкөнүн айтты:

- Бийликтин бул аракеттери чет жактагы белгилүү оппозициячыл активисттин чакырыгынан кийин башталды. Ал Желтоксон менен Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктарын өлкөнүн бардык аймактарындагы башкы аянттарда эскерүүгө чакырык жасаган. Таң эртеден тарта адамдар кармалып жатканы тууралуу маалыматтарды ала баштадым. Бирок мени да эшигимдин алдында кайтарып турушат деп ойлобоптурмун.

Укук коргоочу белгилегендей эле, полиция кармалган активисттерден чет жакта бозгунда жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязов түптөгөн "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы тууралуу сурашкан. Айрымдар полиция алардын смартфондорун алып, ичиндегилерди текшеришкенин айтышты. Бир күн мурда Мухтар Аблязов социалдык тармактар аркылуу казакстандыктарга кайрылып, айтылгандай чакырык жасаган. Аталган кыймыл быйыл жазында Астана соту тарабынан экстремисттик уюм деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Ал эми бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов ага чейин эле “миллиарддаган каражатты кымырып алды”, “кылмыштуу топ түздү” деп айыпталып, сыртынан 20 жылга соттолгон.

16-декабрда Казакстандын батышындагы Орал шаарында аймактык көз карандысыз "Уральская неделя" гезитинин эки журналисти Рауль Упоров менен Мария Мельникова да бир нече саатка кармалышканы кабарланды.

Жекшембиде Казакстандын бир нече шаарларында Желтоксон жана Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктары эскерилип куран окулду. 1986-жылдын 16-декабрында Москванын Казак ССРиндеги Коммунисттик партиянын борбордук комитетинин 1-катчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна Геннадий Колбинди дайындалышына каршы чыккан казак жаштарынын демонстрациясы күч менен басылып, адамдар өлүп, жүздөгөн киши куугунтукка кабылган. Ал эми 2011-жылдын 16-декабрында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган эле.

"Эмнеге өз көлөкөбүздөн коркобуз?"

16-декабрда Казакстандын Эгемендик күнү белгиленди. Бул күнү эртең менен Алматынын борбордук аянтындагы Төбөлсүздүк монументине гүл коюу аземине шаар башчысы Бауыржан Байбек баш болгон жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Алматы калаасынын мэри Бауржан Байбек баш болгон бийлик өкүлдөрү гүл чамбар коюу аземинде. 16-декабрь, 2018-жыл.
Алматы калаасынын мэри Бауржан Байбек баш болгон бийлик өкүлдөрү гүл чамбар коюу аземинде. 16-декабрь, 2018-жыл.

Бирок жергиликтүү тургундар жетекчилер сөз сүйлөбөй кетип калышканына нааразы:

- Бул иш-чара негизи өтө жогорку деңгээлде өтүшү керек эле. Жылда келебиз, кыска-кыска сүйлөп, тез эле өткөрүп, качып кетишет.

- Акимчилик куттуктоо сөздөрүн айткан жок. Калкты куттукташ керек эле. Ушул эгемендикке кантип жеткенибизди айтышы керек эле.

- Элдин көзүндө, жүзүндө от жок экенин байкап турам. Көз карандысыздыкка жеткен күнү баары кубанып, бирин бири куттуктап турушу керек го. Бирок рухту көтөргөн, элди, жерди ойготкон иш-чараларды көрө алган жокмун.

Ошондой эле бул күнү калаада полиция кызматкерлеринин саны адаттан тыш көп болгону, монументтин жанында күч түзүмдөрүнүн автоунаалары, өрт өчүрүүчү машиналар да тизилип коюлганы байкалды. Бул көрүнүш да жергиликтүүлөрдүн кыжырын келтирбей койгон жок.

- Желтоксон көчөсү менен келе жатсам аскерлер тизилип турат. Ким үчүн? Эмнеге өз көлөкөбүздөн өзүбүз коркобуз?-деп суроо узатат Аккүмүш Ихласова.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG