Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:18
Коопсуздук
Масанчинин чырдан кийинки абалы
8-Февраль, 2020
"Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери 8-февралда Жамбыл облусундагы Масанчы айылына барышты. Казак бийлиги бул айылда жума күнү түндө чыр чыкканын билдирген. Кабарчылар көптөгөн үйлөрдү, дүкөндөр күйүп кеткенин тартып алган.
1
Кабарчылар Масанчыга айланма жол менен барууга аргасыз болгон. Учурда айылга кирчү негизги жолдо күч органдарынын блокпосттору турат.
2
Кабарчылардын билдиришинче, блокпост Карасу аймагында турат. Ишембиге оогон түнү бул жердеги көпүрөдөн ондон ашуун адам өтүүгө аракет кылган. Күч органдары алардын өтүп кетүүсүнө жол берген эмес.
3
Жабыркагандар жана чыгым тууралуу азырынча расмий маалымат жок. Казак бийлиги жума күнү чыр-чатак жөнгө салынганын билдирген.
4
Масанчынын көчөсүндө жүргөн күч органдарынын адамдары.
5
Полиция мындан мурда Масанчыда мушташ болгонун кабарлаганы менен анын себебин атаган эмес. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев 7-февралдын түнү "Твиттердеги" баракчасына чагымчылар жапырт мушташтан пайдалангысы келгенин билдирди.
6
Жума күнү мессенжерлерде тараган видеодо айылдагы үй-жайлар күйүп жатканын көрүүгө болот.
7
Социалдык тармакта таш жана таяк кармаган ондогон жаштар айылда кыйкырып жүргөнүн көрүүгө болот. Бул видео чындап эле Кордайда тартылганын тактоо азырынча мүмкүн боло элек.
8
Масанчы айылынын калкы 2009-жылкы санактын эсеби боюнча 13 миң адамды түзгөн. Айыл Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан.
9
Айылдын тургундарын негизинен дунгандар түзөт.
10
Масанчинин чырдан кийинки абалы
Сунуш кылынган арга.
"Жөнөкөйлөтүү маселесин карайбыз". Өкмөт салык саясатын кантип жумшартат?
XS
SM
MD
LG