Ал эми оппозициячыл талапкер Амиржан Косанов 15% добуш алганы кабарланды. Ал ортодо полиция шайлоо күнү нааразылык акциясына чыккан 500дөй адам кармалганын билдирди.
Коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат кечки сегизге чейин жалпы шайлоочулардын 77% добуш берди.
Алматы облусунун шайлоочуларынын 89% добуш берүүгө катышып, эң жогорку көрсөткүчтү алса, Алматы шаарынын тургундарынын 52% гана жарандык укугунан пайдаланган.
Саат түнкү 12де өлкөдөгү экзит-полл сурамжылоонун алгачкы жыйынтыгы жарыяланды.
«Коомдук пикир» институтунун жыйынтыгына ылайык, учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 70,13% добуш менен алдыга чыкты.
Казакстанда оппозициячыл талапкер Амиржан Косанов шайлоонун жыйынтыгын тааныганын айтып, учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевди шайлоодо жеңиши менен куттуктады.
- Шайлоонун жыйынтыгында жеңишке жетишкен президент Касым-Жомарт Токаевди жана анын шайлоо жүрүшүндө айткан бийлик менен коом ортосундагы диалогду калыптандыруу, сын-пикирлерге сабырдуулук менен мамиле кылуу боюнча ойлорун кубаттап, жеңиши менен куттуктайм, - деди Косанов.
Ал эми оппозициячыл талапкер, «Улут тагдыры» кыймылынын мүчөсү Амиржан Косанов 15,39% добуш алды деп болжолдонууда. Үчүнчү орунга 5,32% добуш менен «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Эспаева чыкты. Ал эми Коммунисттик партиянын өкүлү Жамбыл Ахметбеков - 3,86%, «Айыл» партиясынан сунушталган Төлөтай Ракымбеков - 3,03%, Кесиптик кошуундар федерациясы көрсөткөн Амангелди Таспихов - 1,41% жана «Улуу талаа кыраандары» биримдигинин мүчөсү Сады-Бек Түгөл 0,86% алышы мүмкүн.
«Жаштар» илимий-аналитикалык борборунун сурамжылоосу боюнча Токаев 69,94% менен алдыда экени кабарланды.
Учурда бюллетендер саналууда. Казак мыйзамдарына ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы 10 күн аралыгында жарыяланышы керек.
Казакстандын Башкы прокуратурасы шайлоо күнү 19 мыйзам бузуу аныкталганын кабарлады. Борбордук шайлоо комиссиясында өткөн брифингде башкы прокурордун орун басары Булат Дембаев мыйзам бузуу фактылары Нур-Султан, Алматы шаарларында, Алматы облусунда жана Маңгыстауда катталганын билдирди.
«Бул мыйзамсыз үгүт, жарандарга бир нече бюллетень берүү, шайлоо үкөгүнө эки-үчтөн бюллетень таштоо жана эки шайлоо участогунан добуш берүү аракети. Бул фактылар боюнча прокурорлор 18 административдик иш козгошту», - деди Дембаев.
«500дөй адам кармалды»
Ал ортодо Казакстандын Ички иштер министрлиги шайлоо күнү Нур-Султанда жана Алматыда нааразылык акциясына чыгып кармалгандардын саны 500гө чукулдаганын расмий билдирди. Ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев кармалгандар «коомдук тартипти бузуп, полицияга таш ыргыткан» деп айтты. Ал жыйынтыгында үч полиция кызматкери жабыркаганын бийлик өкүлү кошумчалады.
Шайлоону бойкоттоо талабы менен акцияга чыккандарды кармоо учурунда полиция элге күч колдонгонун аны чагылдырган журналисттер баса белгилеп жатышат.
Акция учурунда тартылган видеолордо чопкут, калкан менен куралданган полиция кызматкерлери адамдарды колдон-буттан сүйрөп, жулкулдатып автоунааларга салып жатканын көрүүгө болот.
Буга кошумча акцияларды чагылдырганы барган журналисттер да кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди.
Маселен, «Азаттык» радиосунун казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкен эки ирет кармалса, «France-Presse» агенттигинин Алматыдагы кабарчысы Крис Риклтонду полиция кызматкерлери кармап кетип, кайра кое беришти.
Шайлоо күнү Нур-Султанда, Алматыда полиция элге күч колдонгону кызуу талкууга түштү.
«Жаштар жаңы президентке сыноо болот»
Талдоочулар соңку эки айдан бери Казакстанда утур-утур уюштурулган акциялардын аягы шайлоодон кийин да токтобой турганын айтышууда.
Алардын арасында «Ойгон, Казакстан», «Чындыктан кача албайсың» деген ураандар менен чыккан оппозициячыл маанайдагы жаштар басымдуулук кылууда.
Саясат талдоочу Айдос Сарымдын айтымында, акыркы күндөрү жанданган жарандардын жигердүүлүгү жаңы президент үчүн сыноого айланды.
«Бул 30 жылдан бери Назарбаев катышпаган алгачкы шайлоо болду. Экинчи жагынан бийликтин алдында мурдагыдай 98-99% добуш алыш керек деген милдеттенме турган жок. Негизи мындай добушту алуу мүмкүн эмес. Эми элдин алдында бийлик бир нерсе кылып жатат деген ишара берүү милдети турат», - деди Сарым «Азаттыктын» кыргыз кызматы менен болгон маегинде.
Ал эми кыргызстандык саясатчы Эдил Байсалов Казакстандагы нааразы болгон электорат өзүн «бийликке көрсөттү» деген пикирде экенин билдирди:
«Акыркы жыйынтыкты эске алганда, казак электоратынын каршылык дарамети Амиржан Косановго берилген добуштардан көрүндү окшойт. Ал айрым жерлерде мураскер-талапкерден ашып түшүп жатыптыр. Бул Казакстан үчүн таптакыр жаңы чындык деп айтсак болот. Эртең өлкө жаңы президент Токаев болгону үчүн эле эмес, башкача болуп ойгонот».
Аны менен катар эле Казакстандагы айрым күчтөр шайлоону «легитимсиз» деп сыпаттап жатышат. Маселен, бозгундагы казак оппозиционери Мухтар Аблязов шайлоону легитимсиз деп, аны бойкоттоого чакырууда. Ал оппозициянын айрым өкүлдөрү бул шайлоого катышуу менен «бийликке көмөкчү болду» деген позицияда турат.
Казакстандагы кезексиз шайлоо өлкөнү дээрлик 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев бийликтен кеткен соң жарыяланган. Шайлоого жети талапкер катышты. Алардын арасында Назарбаев кызматтан кеткен соң утурумдук президент болуп калган Касым-Жомарт Токаев да бар. Ал «Назарбаевдин саясатын улантам» деп убада берүүдө.
66 жаштагы Токаев Казакстан эгемендик алганы Нурсултан Назарбаевдин жакын үзөңгүлөшү катары бир катар маанилүү кызматтарды ээледи. Кесиби боюнча дипломат Токаев эки ирет тышкы иштер министри, премьер-министр, парламент төрагасы болуп, Казакстандын атынан БУУнун баш катчысынын орун басарлыгын аркалаган.
Айрым эксперттер Токаевдин берилгендигин эске алуу менен Назарбаев өзүнө мураскер тандаганын айтып келишет.
Бирок Нурсултан Назарбаев бийликтен кеткени менен «элбашы» макамын жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары өлкөдөгү маанилүү чечимдерди кабыл алууну колунан чыгарбай сактап калган.