Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

"Казак бийлигинин абийиринде". Киевде ок жеген журналист каза тапты


Журналист Айдос Садыков.
Журналист Айдос Садыков.

Украинанын борбору Киевде кол салууга кабылган 55 жаштагы казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыков ооруканада каза болду.

Айдос Садыковго кол салуу Киевде быйыл 18-июнда, өзү жашаган үйдүн короосунда болгон.

Активисттин жубайы Наталья Садыкова Фейсбуктагы баракчасына күйөөсү Киевде 2-июлда үзүлгөнүн билдирди.

“Айдос Казакстан үчүн жанын берип, киллерлердин колунан каза болду. Айдос 13 күн реанимацияда жашоо үчүн күрөшүп, бирок эч кандай керемет болгон жок. Анын өлүмү Токаевдин абийиринде”, - деп жазды.

Журналистке кол салуу үчүн эки казакстандык жаран шек саналууда. Украина тарап билдиргендей, алар ошол эле күнү Украинадан чыгып кетишкен. Экөөнө тең эл аралык издөө жарыяланган. Украинанын Башкы прокуратурасы шектүүлөрдү Казакстандан экстрадициялоо аракети башталганы кабарланган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы оппозициялык журналист Айдос Садыковго кол салууга шектүү эки адамдын бири - Алтай Жаканбаев кармалганын 22-июнда маалымдаган. Жаканбаев укук коргоо органдарына өзү келгенден кийин суракка алынып, андан кийин кармалган.

Прокуратура бул окуяга шектүү жаткан экинчи адам - Мейрам Каратаевди издөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган. Казакстандык маалымат каражаттары Каратаевди милиция кызматкери деп жазышкан, бирок Ички иштер министрлиги ал 2019-жылы иштен бошонуп кеткенин маалымдады.

Украинанын тергөө органдары 33 жаштагы Мейрам Каратаев жана 36 жаштагы Алтай Жаканбаев Киевге 2-июнда келишип, ижарага батир алышкан жана "белгисиз бирөөнүн" буюртмасы менен Садыковду өлтүрүүгө камынып, артынан аңдышкан деп болжолдойт.

Полициянын версиясында 18-июнда Каратаев менен Жаканбаев Садыков үй-бүлөсү менен жашаган Киевдин Шевченков районуна барышкан. Журналист автоунаасы менен келгенде үн чыкпаган пистолет менен чыкыйга атышкан.

Айдос Садыковдун жубайы Наталья Садыкова ок атылган учурда күйөөсү менен машинеде болгон. Ал жабыркаган эмес. Наталья кол салуудан кийин кылмышты Казакстандын бийлигинен көрүп, муну Садыковдордун "Бәсе" YouTube-каналындагы сын материалдар үчүн өч алуу катары сыпаттаган.

"Кылмыштын аткаруучулары Казакстандын эки жараны - Мейрам Каратаев жана Алтай Жаканбаев. Шериктер Киевге атайын кылмыш кылуу үчүн келишкен. Алардын ким экени билинди. Кылмыштын изи Казакстанга барып такалат", - дейт ал "Бәсе" каналына жарыяланган видеодо.

Ал тапта 2-июлда Украинанын Башкы прокуратурасы Айдос Садыковдун өлүмүнө шектүүлөргө тагылган айыпты "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесинен "буйрутма менен топтолуп киши өлтүрүү" беренесине өзгөрттү. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы Телеграм каналында билдирүү таратты.

Украинанын Кылмыш-жаза кодексинин "буйрутма менен топтолуп киши өлтүрүү" беренесинде 15 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган. Учурда бул ишти Украинанын Улуттук полициясынын башкы башкармалыгы иликтеп жатат.

ШЕКТҮҮЛӨР ТУУРАЛУУ ЭМНЕ БЕЛГИЛҮҮ?

Ачык булактардан Мейрам Каратаев аттуу адам Костанай облусунун полиция департаментинин кызматкери болгонун көрүүгө болот. "Ал кызматкерлер арасында ок атуудан биринчи орунду алган", - деп жазган Наталья Садыкова Фейсбукка.

Казакстандын Ички иштер министрлиги 21-июнда Каратаев ички иштер органдарынан 2019-жылы кеткенин, "учурда полиция кызматкери эмес экенин" билдирген.

"Азаттыктын" казак кызматы ачык булактардан Мейрам Каратаевге таандык болушу мүмкүн деген телефон номерин тапты. Getcontact тиркемеси абонент бир катар жабдууларда "спецназ", "собр", "капитан", "снайпер" деп сакталганын көргөздү. Айрым колдонуучулар аны "Мейрам Арыс" жана "Мейрам Арыстан", 20дайы "Мейрам А" деп сактаган.

Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин "Арыстан" бөлүгү 2016-жылдан бери "А" атайын багыттагы кызматы катары аталып келет. Бирок телефондо сакталган аталыштарга таянып, Каратаев атайын кызматта иштеген деп айтууга болбойт.

Мейрам Каратаев менен тааныш Костанайдын тургуну Александр Варакин (өз аккаунтунда ал Каратаев менен күрөшүп жаткан видеофрагментти жайгаштырган) "Азаттыкка" Мейрам атайын комитетке полициядан которулуп барганын укканын айтып алып, бир нече секунддан кийин эле Каратаевдин комитеттеги иши тууралуу билбей турганын билдирди.

Ачык булактарда Алтай Жаканбаев 2017-жылы Астанада турак жай тармагындагы Turan development компаниясын жетектеген. Кийинчерээк аны Юрий Жаканбаевге өткөрүп берген. "Азаттык" Юрийге чалып, украин полициясынын билдирүүсүндөгү адам менен тааныштыгы тууралуу сурады. Юрий Жаканбаев суроону жоопсуз калтырды.

Getcontact тиркемесинин маалыматтары Жаканбаевдин номерин бир канча абонент "Алтай Сырбар КНБ", "Алтай КНБ", "Алтай Сыр" деп сактаганын көрсөттү.

"Сырбар" — Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин тышкы чалгын кызматы.

"Азаттык" - Улуттук коопсуздук комитетинен (КНБ) Каратаев менен Жаканбаев алардын азыркы же мурдагы кызматкерлери экенин сурады. Жооп азырынча келе элек. "Азаттыктын" кабарчысы атайын кызматтын төрагасынын орун басары жана "А" атайын багыттагы кызматынын жетекчиси Берик Кунанбаевге телефон чалды.

"Кудай сакта, андайларды билбейбиз. Кудай сакта, - деп чочуду Кунанбаев "Киев буюртма кылмыштын аткаруучулары деп эсептеген адамдар менен таанышсызбы?" деген суроого жооп берип жатып. - Мен бул кызматка 2022-жылы, Январь айынан кийин келдим. Алар менен тааныш эмесмин, көргөн эмесмин. Бизде андай адамдар жок болчу".

АСТАНА КАНДАЙ РЕАКЦИЯ КЫЛДЫ?

Наталья Садыкова күйөөсүнө кол салуу болгондо дароо Казакстандын бийлигин айыптап, кылмыш президент Касым-Жомарт Токаевге "пайдалуу болгонун" айткан.

Садыковго кол салуу болгон күнү Токаев окуяга байланыштуу дипломаттарга жана күч органдарга Киевге өтүнмө жиберүүнү тапшырганын билдирип, мамлекеттик органдар "чындыктын бетин ачуу үчүн иликтөөгө кол кабыш кылууга" даяр экенин айткан.

Ал оппозициялык активисттин жубайынын айыптоосуна комментарий берген эмес.

Токаевдин пресс-катчысы Берик Уали Tengrinews маалыматтар сайтына Токаев эч качан "Бәсе" каналынын материалдарын көрбөгөнүн айткан.

"Казакстанда ондогон, жүздөгөн ушул сыяктуу ар кандай багыттагы каналдар, сайттар бар. Эч нерсе болбой эле ишмердүүлүгүн улантып жатышат. Аталган ресурс боюнча айтсам, ички маалымат айдыңына эч таасир эткен эмес. Көптөр ал тууралуу Киевде болгон окуядан кийин билишти", - деди Уали.

Уали "Жетекчиликтин стратегиялык курсун жана тышкы саясатын өзгөртүү үчүн басым кылуу максатында Казакстандын дарегине айыптоолорду жаадырган" кайсы бир үчүнчү күчтөр тууралуу да айткан. Бирок кайсы күчтөр экенин жана алар эмнени көздөй турганын тактаган эмес.

21-июнда Казакстандын Башкы прокуратурасы иликтөө жүрө баштаганын, "Шектүүлөрдү кармоо жана кылмыштын бетин ачуу үчүн зарыл ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүчү" ыкчам-тергөө тобу түзүлгөнүн билдирди.

Андан бир күн мурда Казакстандын башкы прокурору Украинанын башкы прокуроруна кылмыштын бетин биргеликте ачуу сунушу менен кайрылды.

БАЙКООЧУЛАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 21-июнда Киев Айдос Садыковго кол салууга күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, аны жана көз карандысыз журналист Наталья Садыкованы коргоого чакырды.

"Садыковго чаламандын чак түшүндө Киевдин борборунда кол салынган кабар терең тынчсыздануу жаратат, - деп билдирди HRW уюмунун Европа жана Борбор Азияга адистешкен жетекчиси Хью Уильямсон. - Украин бийлиги Садыковдун коопсуздугун камсыздап, аларды жоопко тартып жана кол салууну ким уюштурганын табышы керек. Бул процесстин жүрүшүндө Казакстан мыйзам үстөмдүгүн сактай турганын көргөзүшү зарыл".

Украинадагы Хельсинки комитетинин аткаруучу жетекчиси Александр Павличенко "Азаттыкка" комментарий берип, Айдос Садыковго кол салууну атайын кызматтын ишине байланыштырды.

"Өлтүрүү үчүн кол салышканы далилденди, атайын кызматтардын өкүлдөрү барып, мындай аракет кылганы, дээрлик эл аралык деңгээлдеги кылмыш", - деди Павличенко.

Айдос жана Наталья Садыкова балдары менен Актөбөдөн Киевге 2014-жылы барышкан. Жубайлар Украинадан качкын статусун алышкан.

Өткөн жылы күзүндө Казакстандын бийлиги Айдос жана Наталья Садыковдорду "кастыкты козутту" деп айыптап, издөө жарыялаган.

Садыков анда "Азаттыктын" казак кызматына комментарий берип, саясий максатта иш козголушу мүмкүн экенин айткан.

Казакстандык белгилүү саясат таануучу Досым Сатпаев Фейсбукка Астананын ошол кезде Садыковдорду күнөөлөп чыкканы "учурдагы бийликчил псевдоэксперттердин жана акордолук аноним Телеграм-каналдардын "Бәсе" каналы бийликке кызыксыз болгону жана казак аудиториясына таасир этпегени тууралуу бармактан соруп жазган тезистерин жокко чыгарат" деп жазды.

"Эгер андай болсо эмнеге издөө жарыялашты эле? Анан калса, Н.Назарбаевдин көп жылдык тажрыйбасы көргөзгөндөй, "кастыкты козутуу" бийликтин сынчыларына койгон сүйүктүү айыптоосу. Тактап айтканда, бийлик өткөн жылы оппозиционерлерди маалымат талаасынан тазалоого кызыкдар экенин көрсөткөн. Бул агрессияга алып барган коркууну көрсөтүп турат", - дейт Сатпаев.

Жубайлар ачкан YouTube каналында казакстандык бийликтердин дарегине сын айткан, Январь окуясына байланыштуу соттук процесстер тууралуу видеороликтер жарыяланып турат. Айдос Садыков мекенинде аңдууга кабылган. 2010-жылы "ээнбаштыкка" айыпталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2012-жылы эркиндикке чыккан. Садыков жана анын тарапташтары анда кылмыш иши ойдон чыгарылганын айтышкан болчу.

Казак бийлигин сындаган журналист каза болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG