Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Байден Навальныйдын өлүмүнө Путинди күнөөлөдү


Biden Jordan
Biden Jordan

АКШ президенти Жо Байден Алексей Навальныйдын Орусиянын абагында каза болушуна тынчсыздануусун билдирип, ошол эле учурда бул таң калычтуу эместигин белгиледи. Байдендин айтымында, эгер маалыматтар тастыкталса, бул үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин жоопкерчилик тартат.

Байден орусиялык оппозиция лидеринин өлүмүнө байланыштуу расмий билдирүү жасаганда Навальный "түрмөдө да чындыктын өктөм үнү болгонун" айтты.

Навальныйдын чет өлкөдө калып калуу мүмкүнчүлүгү болгонуна карабай, 2021-жылы сырттан Орусияга кайтып келгенин кошумчалаган Байден буга чейин аны ууландыруу аракети болгонун эске салып, "Навальныйдын өлүмүнө Путин жооптуу", - деди.

АКШ президентинин айтымында, Навальный Орусияга ишенген жана Путиндин каалоо-максаттарына каршы келген баалуулуктарды коргогон. "Өз идеясы үчүн күрөшүүгө, ал үчүн өлүүгө татыктуу экенин билчү",- деген Байден Алексей Навальный согушка каршы болгонун белгиледи.

Байден Навальныйдын үй-бүлөсүнө жана анын санаалаштарына көңүл айтты. "Навальныйдын өлүмү - адам өлтүрүүбү?" - деген суроого Байден түз жооп бербесе да, бул "Путин менен анын жан-жөкөрлөрүнүн кылганынын кесепети болгонунда шек жоктугун" билдирди.

Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда Федералдык жаза аткаруу кызматы кабарлады. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG