Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Карнеги фонду: Арачысыз жаңжал. Уруштан ким утту?


Достук айылында талкаланган үйлөрдүн бири.
Достук айылында талкаланган үйлөрдүн бири.

Айрым маалымат каражаттары бул жолу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кармашка кайрылышты. Ошондой эле коронавирустан эмдөө жараянынын жүрүшүн да талдашууда. Бир катар басылмалар Мароккодо көз жарган малилик аялдын тогуз эм төрөп, дүйнөлүк рекорд койгонун жазышты.

Москвадагы Карнеги борбору 4-майда жарык көргөн макаласында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы калабаны талдаган.

Темур Умаров макаласын “Арачысыз жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы уруштан ким утту?” деп атаган.

"28-30-апрелдеги кайгылуу окуялардын чоо-жайына токтолуп, президенттердин май айына пландалган кездешүүсүнөн сыягы майнап чыкпайт, саясий жана экономикалык себептерден улам тараптар чегинүүлөргө барууга даяр эмес" деген оюн ортого салат.

“Садыр Жапаров улутчул-популисттик риторикасынан баш тартпайт, Эмомали Рахмон бийликти баласына өткөрүп берүүгө даярданып жаткан маалда жер маселесине келгенде чегинбейт”, - деп эсептейт автор.

"Анын үстүнө чек аранын демаркациясы жана делимитациясы акча көп сарпталчу маселе, пандемияда бюджетте ашыкча акча жок", - деп улантат Умаров.

Ал ошондой эле регионалдык жана дүйнөлүк бир да державанын эки өлкөнүн чатагында арачы түшүүгө кызыкканы байкалбаганын белгилейт.

Макалада кырдаал бир заматта курчубаганы, Көк-Таш айылына жакын жерде чабуул койгон тажик армиясы 100 километр алыс Лейлек районунда да аткылоо баштаганы тууралуу айтылат. Автор Дүйшөмбү "алдын ала даярдыксыз мынча сандагы аскердик техниканы тарта албайт болчу" деп жазат.

Маалымат каражаттарындагы видео далилдерге таянып, Тажикстан армиясы орук казып, танк, тик учактарды, БТР, гранатометторду алып келгенин да кошумчалаган.

Автор жаңжал Кыргызстанда "мамлекеттик структуралардын, анын ичинде армиянын начар башкарылганын, коррупциялашканын көргөзүп койду" деп эсептейт. “Пандемиядай эле эл өзүн өзү камсыздоого аргасыз болду”, - деп салыштырат.

Макала азыркы эскалация “Рахмонго жардам берди. Чакан согуш коркунучка туш болгондо анын режими өлкөнү мобилизациялоого жөндөмдүү экенин көргөзө алды. Азыркы популярдуулугу бийликти уулу Рустамга өткөрүп бергенде жардам болот. Ал эми Жапаровдун ансыз да жабыркап келаткан аброюна тескерисинче чоң сокку болду”, - деген ой менен жыйынтыкталат.

"Бул жолку жаңжал өз популярдуулугун көтөрүү үчүн жасалган кескин билдирүүлөр, улутчул сезимдер менен ойногонду жакшы көргөн аймакта күтүлбөгөн жыйынтыктарга алып келиши мүмкүндүгүн көргөздү. Сырткы дүйнөнүн жардамына үмүт жок", - деп жазат Карнеги фондунун талдоочусу.

"The Diplomat" Борбор Азияда коронавируска каршы эмдөө кандай жүрүп жатканын талдап чыкты. Маалыматка караганда, региондогу өлкөлөр арасында Казакстан биринчи орунда турганы менен, Батышка караганда бул жараян жай жүрүүдө. Мунун себеби катары бюрократия, элдин күмөн саноосу жана өлкөнүн өзүндө иштелип чыккан препарат тууралуу маалыматтын тартыштыгы аталат.

6-майга карата казак калкынын 8,3% же бир миллион 400 миңдей киши жок дегенде бир доза алды. Акыркы жумаларда өлкөнүн өзүндө чыгарылган орусиялык "Sputnik V" вакцинасынын көлөмү көбөйдү, ага кошумча жергиликтүү "QazVac" да сайыла баштады. Бирок макаланын автору башка булактарга таянып жазганына караганда, бул вакцинаны алууну каалагандар аз. Аны иштеп чыккан Казакстандын Биологиялык коопсуздукту изилдөө мамлекеттик институту сыноонун эки этабынан кийин эффективдүүлүгү 96% экенин билдирди. Үчүнчү баскычы июлда аяктамакчы.

Казакстан ошондой эле Бириккен Араб Эмиратында жасалган кытайлык вакцинаны колдонгону жатат. "Hayat-Vax" деп аталган препараттын алгачкы дозалары өлкөгө келе баштады. Бул Кыргызстанда сайылып жаткан "Sinopharm" вакцинасы, бирок биргелешкен ишкана чыгаргандыктан ушундай аталат.

Ошол эле маалда, макаладай айтылгандай, Казакстан эмдөө жагынан Азиядагы кээ бир бакубат мамлекеттерден алдыда баратат. Алсак, 5-майдагы маалыматка ылайык Түштүк Кореяда калктын 6,9%, Жапонияда 2,2% эмдөөдөн өттү.

Автор вакцина өзгөчө жергиликтүү өндүрүш жөндөмү чабал өлкөлөрдө тартыш экенин белгилөө менен катар, элдин эмдөөгө анча дилгир эместигине да басым жасайт.

“Гэллап” институтунун дүйнө өлкөлөрүндө жүргүзгөн сурамжылоосу көргөзгөндөй, чоң кишилердин 68% вакцина бекер болсо эмделерин айткан, 32% эмделбөөнү чечкен. Ал эми жамааттык иммунитет үчүн адистер белгилегендей, калктын 70-90% вакцина алууга тийиш. Ошол эле сурамжылоого караганда, Чыгыш Европанын жана мурдагы СССРдин эли башкаларга караганда эмделүүгө анча шашылбайт.

Казакстанда, мисалы, суралгандардын 25% дароо жана бекер эмделүүгө даярдыгын айтып, 61% терс жооп берсе, Кыргызстанда 41% вакцина сайдырууну каалайт, 45% каалабайт экен.

Тажикстанда респонденттердин 64% эмделгиси келсе, 28% “жок” деген жообун узаткан. Өзбекстанда элдин 70% вакцина сайдырууга даяр, 23% эмделбесин айткан. Дагы бир нече процент “билбейм” деп жооп берген.

Тогуз эмдин жаңырыгы

Бир катар басылмалар Мароккодо көз жарган малилик аялдын тогуз эм – 5 кыз жана 4 эркек төрөп, дүйнөлүк рекорд койгонун жазышты.

Маалыматтарга караганда, Халима Сессе 7 эмдүү болот деп күтүлгөн, бирок УЗИ аппараттары түйүлдүктөрдүн санын жаңылыш көргөзүптүр. 25 жаштагы келиндин ушунча чүрпөлүү болору тууралуу жаңылык жетекчилерди да кайдыгер калтырган эмес. Мартта дарыгерлер келинге өзгөчө көңүл буруу керектигин айтышканда, Малинин утурумдук лидери аны Мароккого жөнөтүүнү буйруган. Эне менен ымыркайлар өздөрүн жакшы сезип жатышканын Халиманы коштоп барган малилик адистер маалымдашты.

Жубайлардын дагы бир кызы бар. Балдардын атасы "BBC Afrique" радиосуна интервьюда келечек үчүн кам санабаганын айтат: “Жараткан ушундай буйруган болсо, өз пландары бардыр”.

Дүйнөдө 9 эм төрөлгөн учурлар сейрек кездешет, көп учурда кээ бирлери чарчап калат. Тарыхка белгилүү биринчи 9 эм Сиднейде 1971-жылы төрөлгөн. Бирок ымыркайлардын бардыгы чарчап калган. 1999-жылы Малазияда жарык дүйнөгө келген 9 ымыркай бир нече саат гана жашаган. 2009-жылы Калифорнияда 33 жаштагы Надия Сулеман 8 эм төрөп, дүйнөлүк прессанын көңүлүн бурдурган.

"Саясий олку-солкудан жана жихадчы козголоңчулардан жабыркаган Мали үчүн тогуз эм көңүл көтөргөн сейрек жаңылыктардан болуп калды", - жеп жазды "The Guardian".

XS
SM
MD
LG