Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Кабулда коопсуздук чаралары күчөтүлөт


Кабулдагы ооган аскери.
Кабулдагы ооган аскери.

Ооганстандын башкалаасы Кабулда соңку маалда катары менен болгон бир катар жардыруулардан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

Ооганстандын башкалаасы Кабулдун бийлиги шаардын өкмөттүк имараттар жана чет өлкөлөрдүн элчиликтери жайгашкан борбордук аймагындагы коопсуздук чараларын күчтөндүрөрүн маалымдашты.

Мындай чечим соңку мезгилдеги жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган бир катар жардыруулардан кийин кабыл алынды.

Жакынкы алты айда киргизилчү коопсуздук планына ылайык, калаанын негизинен чет өлкөлүк элчиликтер жайгашкан аймагында 30га чукул көзөмөл-өткөрүү бекеттери орнотулат.

Кабул шаардык полиция башкармалыгынын жетекчиси Салем Ихсаас "Рейтерс" агенттигине курган маегинде жаңы коопсуздук планы тууралуу айтып берип жатып, алар чет өлкөлөрдүн элчиликтери жайгашкан районго басым жасап жатышканын белгиледи:

- Коопсуздук планына жана Кабул полициясын реформалоо планына ылайык биз айрым чараларды көрүп, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан районго артыкчылык беребиз. Биздин максат бул райондо коопсуздукту бекем камсыздоо жана кийинчерээк бул планды Кабулдун башка тараптарына жайылтуу.

Кабулда чабуул жасалган Ирактын элчилиги.
Кабулда чабуул жасалган Ирактын элчилиги.

​Полиция жетекчиси кошумчалагандай, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан райондун ичиндеги 42 жолдун боюна 27 туруктуу көзөмөл өткөрүү бекети орнотулат. Алардын баары жардыруучу заттарды аныктай алган мобилдүү сканнерлер, иттер жана коопсуздук камералар менен жабдылат. Негизги сегиз бекеттин төртүндө жүк ташуучу машинелерди текшере турган жабдыктар коюлат. Калган төрт бекет мындай аппараттар менен кийинчерээк жабдыларын шаар бийликтери маалымдашты.

Жакынкы алты айдын ичинде киргизиле турган чараларды жергиликтүү тургундар кубатташты. Алардын бири, Кабул тургуну Ферейдун Хан:

- Бизди Ооганстандагы коопсуздук тынчсызданырат. Элди жакырчылык деле кыйнабайт жана алар ачкачылыктан деле өлбөйт. Болгону өлкөбүздө тынчтык болушун каалайбыз, - деди.

Ооганстандын Улуттук чалгын кызматы 6-августта билдиргендей, жакында эле Кабулда 16 тоннадай жардыруучу зат алып бараткан жүк ташуучу машине кармалган. Жардыруучу зат үй канаттууларына жем катары белгиленген жашиктерге салынган.

Ал эми Кошмо Штаттар Ооганстандагы талиптер менен күрөшүү стратегиясын жакын арада өзгөртөрү айтылып келет. Буга чейин Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер аталган өлкөдөгү америкалык аскерлердин санын көбөйтүүгө чакырган.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Давлат Вазири "Азаттык" радиосунун ооган кызматына курган маегинде кандай болгон күндө да бул ар тараптуу стратегия болушу керектигин белгиледи.

- Бул Ооганстандын ичиндеги террорчуларды жок кылуу менен катар өлкө эшигин дүйнө үчүн ачык калтыра турган тынчтык стратегиясы болушу керек. Ошондой эле бул стратегия Пакистанга басым көрсөтүп, террорчуларды колдоосун токтотууга түртүшү абзел. Андан тышкары террорчуларды колдоп жаткан бардык күчтөрдүн тамырын кыркыш керек. Эгер мындай болбосо жана Кошмо Штаттар бир гана Ооганстанга басым жасаса, бул согуш аяктабайт.

Ооганстандын Коргоо министринин маалымат катчысы Давлат Вазири.
Ооганстандын Коргоо министринин маалымат катчысы Давлат Вазири.

Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Ооганстандын башкалаасында эле жыл башынан бери негизинен талиптер уюштурган чабуулдардан 209 жайкын тургун мерт кетип, 777си ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган.

Кабулдун дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан тарабында уюштурулган 31-майдагы жардыруу 150 адамдын өмүрүн алган. Жарадарлардын саны 400гө чамалаган. Жабыр тарткандардын көбү жайкын тургундар болгон.

24-июлда шаардын батыш тарабында "Талибан" кыймылынын жанкечтиси жардырган автоунаадан 26 киши мерт кетип, 41 киши жарадар болгон.

5-августта эле өлкө түндүгүндөгү Сари Пул провинциясындагы Сайад районундагы кыштактардын бирин "Талибан" кыймылы өз көзөмөлүнө алган маалда 50дөй киши курман болгон. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG