Кыргызстанда Октябрь окуяларына үч жыл болду. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл менен саясий партиялардын митинги 5-октябрдан алтысына караган түнү бийликтин кулатылышы менен аяктаган.
Элдик толкундоонун арты менен бийликке келген президент Садыр Жапаров конституциялык реформа демилгесин көтөрүп, Кыргызстан парламенттик башкаруу формасынан толук президенттикке өттү. Бул убакыт ичинде Кумтөр кени мамлекетке алынып, өкмөт кенди буга чейин иштетип келген канадалык “Центерра Голд Компани” ишканасына коюлган бардык экологиялык доодон баш тартты.
Октябрь окуясына үч жыл болду
Мындан үч жыл мурун - 2020-жылы 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, баштапкы эсеп боюнча аны бийликчил “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиялары жеңген. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Жогорку Кенештеги 120 мандаттын 107син ушул партиялар алмак. Оппозициялык партиялардан жалгыз гана “Бүтүн Кыргызстан” 7% босого чектен өткөн. Буга нааразы болгон бир катар саясий топтор шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан.
5-октябрда түшкө жуук Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында - 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго тургузулган монументтин жанында партиялардын митинги башталган. Наразылык акциясы борбордук аянттын чок ортосунда уланып, шайлоону жокко чыгаруу талабы кечке жуук ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылууга өткөн.
5-октябрдан алтысына караган түнү демонстранттар Жогорку Кеңештин имаратына кирип барышкан эле.
Эмне өзгөрдү?
Ошентип, бийликке келген жаңы саясий күчтөр Кыргызстанда башкаруу системасын түп тамырынан өзгөртүп, президенттикке жана Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрдү. Октябрь окуяларынан кийинки саясий кризисте Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Өмүрбек Суваналиев үч жылдагы өзгөрүүлөр тууралуу пикирин бөлүштү:
“Эл эң оболу адилеттүү бийлик келсин деген талапты койгон жана президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдогон. Бирок камоолор, журналисттерге куугунтук болуп жатканын биз эле эмес, эл аралык коомчулук да айта баштады. Президент чет жактарга чыкканда, алар президентке өлкөдө адам укугу, сөз эркиндиги корголушу керектигин эскертишүүдө. Бирок биздин бийлик экономиканы алдыга коюп, адам укугун кийинки планга жылдырып коюуда. Азыр экономика, сөз эркиндиги, адам укугу тең салмакта болушу керек. “Сингапурдун жолу менен кетип, экономиканы көтөрөбүз да, адам укугун чектейбиз” деген туура эмес. Мындай практика Сингапурда 1960-жылдары болгон. Азыр эми 21-кылым да”.
6-октябрга караган түнү митингчилер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын дагы аз убакытка ээлеп алып, атайын кызматтын тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камактан чыгарышкан. Ушул эле күнү Молдовановка айылындагы №27 абакта жазасын өтөп жаткан Садыр Жапаровду да тарапташтары абактан бошотуп алышкан. Ал кийин Жогорку Соттон толук акталды.
Кыргызстанда 2020-жылы 6-октябрга караган түнү иш жүзүндө бийлик кулатылганы менен, Сооронбай Жээнбеков кызматын расмий түрдө 16-октябрда тапшырып, президенттин ыйгарым укуктары ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровго өткөн. Ал 2021-жылы 10-январда болгон президенттик шайлоодо жеңип чыгып, 28-январда кызматка киришти. Жапаров Октябрь окуяларындагы башаламандык учурунда, президент болуп шайлангандан кийин да өлкөдө адилеттикти орноторун, коррупция менен күрөшөрүн жана Кумтөр кенин мамлекетке аларын айткан.
Октябрь окуяларынын активдүү катышуучусу, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев мындай деди:
“Октябрдагы революция өзүнүн максатына жеткен жок. Себеби биз ошол кезде люстрацияны талап кылганбыз. Садыр Жапаров ошол учурда “биз люстрация кылабыз, Райимбек Матраимовду камайбыз” деп айткан. Анткени Райимбек Матраимов 2020-жылы Кыргызстанда эң чоң коррупционер катары шайлоого партиясын чыгарып, добуштарды сатып алганы аныкталган да. Бирок буга чейин түзүлүп калган коррупциялык система азыр деле бар. Бийлик алмашканы менен, ал система дагы деле иштеп атат. Биз муну куру сөз менен айткан жокпуз. Муну эл аралык бир нече рейтинг көрсөтүп турат. Ушундай эле рейтингдерде сөз эркиндиги начарлаганы аныкталып, биз демократиядан алыстап баратканыбыз көрүнүп турат”.
Октябрь окуяларынан кийин эле Садыр Жапаров Конституциялык реформаларды убада кылган. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоо менен чогуу эле элдик референдумда кыргызстандыктардын көбү президенттик башкарууга өтүүнү колдоп берген. Кыргызстанда муну менен Баш мыйзам, башкаруу системасы толук өзгөрүп, “эки чылбыр бир тизгин” азыр Садыр Жапаровдун колунда.
Президенттик башкаруу формасын артка кайтаруу бийликке жоопкерчиликти берүүнүн жалгыз айласы катары чечмеленген. Бирок жарандык коомдун өкүлдөрү бийликтин бир колго топтолушу авторитаризмге алып барат деген чочулоосун билдирип келишет.
Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев үч жылда өлкөдө болгон өзгөрүүлөр тууралуу мындай деди:
“Садыр Жапаров өлкөнү оор абалда турган мезгилде кабыл алган. Президент “бюджетте айлык, социалдык төлөмдөрдү берүүгө акча жок экен” деп айтканы эсиңерде болсо керек. Бирок ошондой оор кырдаалдан алып чыгып кетти. Азыр пенсия да, жөлөк пул да өз убагында берилип жатат. Ал эле эмес бир нече жолу көтөрүлдү. Экинчиден, “таза шайлоо өткөрөбүз” деген сөзүнө турду. Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо “бийликтин өкүлү экен, бата алыптыр” деген сөз жок болду. Эл таза шайлоого көнө баштады. Өлкөдө чоң жана кичи ГЭСтердин курулушу башталды. Андан тышкары мектеп, маданият мекемелери да азыркыдай курулган эмес. Ооба, артта калган, коррупцияга белчесинен баткан мамлекетти тез эле бутка тургузуу оңой эмес. Бирок азыр жемкорлор менен да, кылмышкерлер менен да күрөш жүрүп жатат”.
Президенттик башкарууга өтүү менен бийликтеги тең салмактуулук жоголгонун айтып, парламенттик башкаруудан баш тартканды сынга алгандар көп. Айрым укук коргоочу уюмдар соңку учурда саясий укуктар чектелип, сөз эркиндигине басым болуп жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.
“Парламенттик демократиядан президенттик башкарууга өткөнүбүздү туура эмес деп эсептейм. Себеби парламенттик башкаруудагы өлкөлөр өнүгүп жатканын көрүп атабыз. Анткени президент бардык жоопкерчиликти өзүнө алганы менен, тармактарды бүт бойдон көзөмөлдөй албайт. Кайсы мамлекетте жарандык коом күчтүү болуп, парламент тең салмактуулукту сактап турса, ошол өлкөдө коррупция азаят, экономика өнүгөт”, - деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев.
Кумтөр жана кымбатчылык
Садыр Жапаровдун бийлиги берген эң чоң убадалардын бири – бул Кумтөр кенин өлкөгө алуу болчу. Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы май айында алып, 2022-жылы апрелде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.
Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
Кыргызстан ири алтын кенди иштетүү менен бюджетке көп каражат түшүп жатканын билдирип келет.
Министрлер кабинети өлкөдө консолидацияланган бюджет былтыр 442,8 млрд сом болгонун, быйыл ал 557,5 млрд сомго жете турганын билдирди. Өкмөт казынаны акыркы эки жылдан бери консолидацияланган бюджет деп атап, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддун, Бишкек жана Оштун шаарларынын бюджетин кошуп эсептеп жатат.
Өлкөдө айлык-акылар кошулганы менен катар эле кымбатчылык болуп, баалар тынымсыз өсүүдө. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 4-октябрдагы жыйынында муну дүйнөдөгү инфляция менен байланыштырды.
“Баанын көтөрүлүшү жалгыз эле Кыргызстанда эмес да. Тегерек-четибизде мунайы, газы бар өлкөлөрдөгү базар баасын салыштырып көрсөңүз, бизде Кыргызстанда акыбал анча деле жаман эмес болуп калат. Биздеги инфляция импорт менен байланыштуу. Дээрлик көпчүлүк товарлардын бардыгын чет мамлекеттен алып келебиз. Алардын баасы дүйнөлүк биржаларга, доллардын кунуна карап чечилет. Көп товарларды көзөмөлдөгөнгө өкмөттүн алы жок, бирок азык-түлүк маселесин көзөмөлгө алганга чамабыз жетет. Ун, шекер, май жана башка азык-түлүктөрдөн элибизди көп кыйнабайбыз. Мындан сырткары биз кымбатчылыкка байланыштуу пенсияларды жок дегенде 38% көтөрдүк. Былтыр маяна, жөлөк пулдардын да көтөргөнбүз. Өкмөт каатчылык келерин алдын ала эле билген. Колунда жок 112 миң үй-бүлөгө электр энергиясын 50 тыйындан берип жатабыз, дагы 100 миңге жакын майыптардын жөлөкпулдарын көтөрүп жатабыз. Аларга түздөн-түз жардам берип турабыз”.
2020-жылдагы Октябрь окуяларындагы тоз-тополоңдо жүздөгөн адам түрдүү жаракат алган. Отузга жакын кишинин көзүнө ок тийген. Сегизи бир көзүнөн айрылганы айтылган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу катуу жаракат алып каза болгон.