Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын чемпионатынын коло байгесинин ээси болду. Ал 60 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн таймашта өзбекстандык Кемран Нуриллаевди жеңди. Айбек уулу чейрек финалда дүйнө чемпиону (2015-ж.), Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2016-ж.), казакстандык Элдос Сметовду жеңип алган. Жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Юнг Йанг Вэйге утулуп калган эле.
Дзюдо боюнча чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионаты 9-апрелге чейин уланат. Таймаштар «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде өтүп жатат. Мелдешке катышуу үчүн 28 мамлекеттен 195 спортчу келген. Алар 15 топтом медаль үчүн күч сынашат. Кыргызстандын намысын 17 спортчу коргойт.