Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

Жапониянын мурдагы премьер-министри кол салуудан каза тапты


Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ.
Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ.

Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ жума күнкү кол салуудан кийин өзүнө келе албай каза болду. Полиция ок атты деген бир кишини кармады. 67 жаштагы Абэ Жапониянын өкмөтүн эң узак убакытка жетектеген саясатчы катары белгилүү болчу.

Жапониянын киши колдуу болгон мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэнин сөөгү 9-июлда үй-бүлөсү жашаган Токиодогу батирине жеткирилди. Көп кабаттуу үйдүн короосунан аны эң жакын санаалаштары – бийликтеги Либералдык-демократиялык партиянын саясий кеңешинин төрагасы Санаэ Такаити жана "Комэйто" партиясынын төрагасы Нацуо Ямагути тосуп алышкан. Маркумдун үйүнүн тегерегиндеги көчөлөр полициянын жана улуттук коопсуздук кызматынын тыкыр көзөмөлүндө турат.

“Киодо” маалымат агенттиги билдиргендей маркум 12-июлда өзү туулуп-өскөн Ямагути префектурасындагы Симоносеки шаарында жерге берилет. Ал эми коштошуу зыйнаты 11-июлда борбор калаа Токиодогу буддисттик храмда өтөт.

Жапониянын өкмөт башчылыгынан кеткенине эки жыл боло элек Синдзо Абэни атып кетишкени тууралуу кабар 8-июлда дүйнөгө желдей тарады.

Окуя Абэ өлкө түштүгүндө Нара шаарында парламенттик шайлоонун алдында үгүт иштерине катышып жаткан маалда болгон. Эл алдында сүйлөп жаткан 67 жаштагы мурдагы премьер-министрдин белгисиз бирөө далыга ок аткан.

Интернетке тараган видеолордон Абэ ок атылгандан кийин дароо жерге кулаганын, анын жоон топ адамдын курчоосунда кансырап жатканын көрүүгө болот. Жапон өкмөтүнүн маалыматына ылайык, Абэ жергиликтүү убакыт боюнча 11:30 чамасында оор абалда ооруканага жеткирилген.

Полиция мурдагы өкмөт башчыга кеминде эки жолу ок атты деген шек менен 41 жаштагы эркек кармалганын билдирди.

Жапониядагы NHK телеканалы шектүүнүн аты-жөнүн Тецуя Ямагами деп атады. Телеканалдын маалыматы боюнча, полиция анын үйүнөн башка куралды жана жардыргыч заттар табылганын билдирди.

Суракта ал күнөөсүн моюнуна толук алып, Абэнин саясий ишмердүүлүгүнө жана көз караштарына эч каршылыгы болбогонун, өзүнүн апасы туш болгон диний уюмга тиешеси бар деп эсептегендиктен гана ушундай кадамга барганын, алгач ошол уюмдун жетекчисине кол салууну көздөп, кийин бута катары Абэни тандап алганын айтып бергени кабарланууда.

Абэге ок атты деген шектүү, 8-июль 2022-жыл.
Абэге ок атты деген шектүү, 8-июль 2022-жыл.

Шайлоо өнөктүгү маалындагы кол салуу

Жапон премьер-министри Фумио Кисида бул окуяны "жырткычтык" деп атады.

Бул өлкөдө курал колдонуу эрежелери абдан катаал жана зомбулук менен коштолгон кылмыштуулуктун деңгээли кыйла төмөн. Андыктан Жапониянын тарыхында эң узак убакытка премьер-министрлик кызматты ээлеп турган адамга курал менен кол салуу болгону бүтүндөй өлкөнү нес кылып койду.

Абэ Жапониянын парламентинин жогорку палатасына 10-июлга белгиленген шайлоонун алкагында үгүт иштерине катышып жаткан. Сурамжылоор Абэнин партиясы шайлоодо жеңишке жетерин ишарат кылып жаткан.

Жапониянын өкмөтү азырынча шайлоого байланыштуу эч кандай чечим кабыл алына электигин билдирди.

"Биз демократиябыздын негизин түзгөн шайлоо маалында бул зомбулуктун орун алганын кабыл ала албайбыз. Мен бул окуяны катуу айыптайм. Шайлоонун жадыбалы боюнча эч кандай чечим жок. Кырдаалды жакшыраак түшүнгөндөн кийин биз тийиштүү түрдө жооп беришибиз керек", - деп айтты жума күнү Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида.

Ок тийген Абэге жоон топ адам жардам берүүгө аракет кылып жаткан учур, 8-июль 2022-жыл.
Ок тийген Абэге жоон топ адам жардам берүүгө аракет кылып жаткан учур, 8-июль 2022-жыл.

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттердин лидерлери учурда Синдзо Абэге кол салууну кескин айыптап жатышат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жапониянын премьер-министри Фумио Кисидага окуяга байланыштуу көңүл айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Жеке мени, Кыргыз Республикасынын бардык элиндей эле бул кабар нес кылды. Бул бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн чоң жоготуу. Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнө салды. Синдзо Абэ масштабдуу инсан болгон, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын коргоо канчалык маанилүү жана зарыл экендигинин таасын үлгүсү болгон”, - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Мурдараак Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев да Синдзо Абэге кол салууну кескин айыптай турганын билдирген.

67 жаштагы Абэ 2015-жылы жубайы менен Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен.

Ден соолугунан улам кызматтан кеткен премьер

Синдзо Абэ Жапониянын премьер-министри болуп жалпысынан тогуз жылдан ашык иштеди. Улутчул консерватор саясатчы деп мүнөздөлгөн Абэ Жапониянын Либерал-демократиялык партиясын парламенттик шайлоолордо эки жолу жеңишке жеткирген.

Адеп Абэ 2006-жылы өкмөт башына келип, бир жыл өтпөй ичеги-карын оорусуна байланыштуу премьерлик кызматтан кеткен.

2012-жылкы шайлоодо кайра жеңишке жетишкенде илдети көзөмөлдө экенин айткан. Ал 2020-жылдын 28-августунда ден соолугу начарлаганына байланыштуу кызматтан кетерин жарыялап, моюнуна алган милдеттерин аткара албай калганы үчүн жапон элинен кечирим сураган.

Синдзо Абэнин ошол кездеги премьерлик мөөнөтү 2021-жылдын сентябрында аяктамак. Андан кийин Жапонияда премьер-министр эки жолу алмашты.

Серепчилердин баамында, Абэ кызматтан кетсе да учурдагы жапон өкмөтүнүн саясатына таасири эте алган мамлекеттик ишмер катары кала берген. Ал Орусия Украинага кол салганда Жапониянын армиясына көбүрөөк акча бөлүшү керек экенин айткан.

Ал кызматта турганда да Жапониянын Экинчи дүйнөлүк согуштан бери келе жаткан пацифисттик саясатын өзгөртүүгө аракет кылган. Мындан тышкары Абэ алга сүрөгөн финансылык жана экономикалык реформалар Жапонияда "Абэномикс" деген атка конгону белгилүү.

Абе Жапониянын мурдагы тышкы иштер министри Синтаро Абэнин уулу жана мурдагы премьер-министр Нобусуке Кишинин жээн небереси. Мындан улам ал саясий элитанын көрүнүктүү өкүлү катары да мүнөздөлүп келген. Синдзо Абэ жубайы Акие менен балалуу болгон эмес.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG