Өткөн аптада Жогорку Кеңеште “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Демилгечилер мыйзам кабыл алынса, маркумду акыркы сапарга узатуудагы чыгымдар, убарагерчилик азайып, коррупцияга бөгөт коюлат деп ишендирүүдө.
Маркумду жерге берүүдөгү убарагерчилик жана көптөгөн көйгөйлөр Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте өзгөчө курч. Муну тартипке салган мыйзам жок экени көптөн бери айтылып келет.
Депутат Марлен Маматалиев сунуштаган “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Маматалиев парламентте түшүндүрмө берип жатып, өлкөдө маркумду жерге берүү соңку жылдары көйгөйгө айланганын билдирди.
Жай сатып алуудагы коррупциядан тарта бир нече көрүнүштү тизмектеген депутат Кыргызстанда бул тармакты тескеген мыйзам керек экенин белгиледи:
"Азыр биз адамдын өлгөнү тууралуу маалымкатты дароо берсин деп жатабыз. Эгер анын өлгөнү тууралуу маселе, доомат жаралса, экспертизалардын негизинде экинчи маалымкатты күч органдары бере берсин, биринчи маалымкат дароо берилсин деп жатабыз. Себеби, ушул жерде дагы коррупция болуп келген. Экинчи маселе - бул көрдүн өзү. Бишкек шаарында көр 40 миң сомго чейин сатылып келген учурлар, өзүнчө мафия болгон. Маркум өлсө анын туугандары жанындагы жерлерди башка туугандары үчүн ээлеп койгон, акча берген көрүнүштөр болгон. Биз азыр мыйзам менен маркумдун сөөгү коюлган жердин жанына дагы бир эле жакын тууганына, үй-бүлө мүчөсүнө жер ээлеп коюуга уруксат берилсин деп жатабыз".
Мыйзам кабыл алынса эмне өзгөрөт?
Биринчиден, маркумдун өлүмү тууралуу маалымкат алууну жеңилдетүү сунушталган. Ооруканада же башка ар кандай кырсык, кокустуктан каза тапкан болсо, жакындары маркумдун өлгөнү тууралуу моргдон маалымкат алышы керек.
Мыйзам долбоорунда эки күн ичинде моргдон өлгөнү тууралуу маалымкат берилип, эгер туугандары же укук коргоо органдары маркумдун өлүмүнөн шек санаса же доомат артса, экинчи маалымкат берилиши керек жана сөөктү союуга жол берилет деп сунушталууда. Эгер эч бир тараптан доомат жок болсо, биринчи маалымкат менен гана чектелет.
Ошондой эле мурда маркумдун сөөгү коюлган жердин жанына беш-алты орун ээлеп койгон учурлар болсо, мындан кийин бир гана орунду ээлеп коюуга уруксат берилет.
Мындан сырткары, айдоо жана сугат жерлерди көрүстөн катары колдонууга болбойт. Маркумдун туулган жерине карабастан, жашаган жери тууралуу маалымкаты болсо, ошол чөлкөмдө сөөгүн коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Буга чейин пенсия курагындагы маркумдун жакындарына эле өкмөттөн кенемте төлөнүп келсе, жаңы мыйзам кабыл алынса, маркумдун жаш курагына карабай кенемте төлөнөт. Учурда анын баасы 16 миң сом деп сунушталууда.
Ал эми эски көрүстөндөрдү 25-30 жылдан кийин кайра иштетүүгө уруксат берүү каралууда. Бирок бул жергиликтүү тургундар жана бийликтин макулдугу менен гана ишке ашат.
Буга чейин маркумду акыркы сапарга узата турган жакындары жок болсо же тек-жайы такталбаса, сөөктөрдү чогултуп, бир жерге көөмп келишкен. Мындан ары ар бири өзүнчө көмүлөт жана аны аткаруу үчүн өкмөттөн акча бөлүнөт.
Ошондой эле диний ишенимине же улутуна карата өзүнчө көрүстөн уюштуруу каралат.
Буга чейин башка улуттагы же башка динди карманган адамдардын көрүстөндөрүн талкалаган учурлар катталган.
Мындан сырткары, маркумдун же анын жакындарынын макулдугу менен кремация жайын дагы уюштуруу каралууда.
Парламент депутаты Эмил Токтошев сунушталган мыйзам долбоору тууралуу мындай деди:
"Албетте, бул мыйзам керек болчу. Буга чейин Бишкекте, Ошто көп ызы-чуу болуп келген. Бирдиктүү эреже жок, коррупция болгон. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, көрүстөндөн акча кылгандардын канчасына күбө болдук".
Көрүстөндөгү коррупция жоюлдубу?
Коррупция демекчи, мыйзам долбоору талкууланып жаткан жыйында "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев “Азаттыктын” кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин беш жыл мурдагы Бишкектеги көр сатуу жөнүндөгү иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен кимдер жоопко тартылганын сурады:
"Улан Эгизбаев алып чыккан маселеден кийин үч кылмыш иши козголду. Ошондон кийин көр сатуу схемасына байланыштуу катышы бар делген канча киши жоопкерчиликке тартылды? Ушундан кандай жыйынтык чыкты? Бул теманы беш жылдан бери үчүнчү жолу көтөрүп жатам, күч органдарынан кат жүзүндө жооп берип коюусун талап кылам".
Бишкектеги көр сатуу фактылары тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы маркум Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсүнүн негизинде 2019-жылы кылмыш иши козголгон. Тергөө жүргүзгөн ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат иш эмне болуп аяктаганы жөнүндө маалымат берген эмес.
Жанар Акаевдин суроосуна Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков жооп берип, ал фактыларга боюнча милицияга жана прокуратурага бир нече ирет кайрылганын билдирди:
"Көр саткандардын бир тобун былтыр жумуштан кетирдик. Бирок ага карабай катышып жаткандыктан милицияга бергенбиз, милиция бошотуп салгандыктан алардын үстүнөн прокуратурага арызданганбыз. Милиция дагы мыйзам жоктугуна шылтап жатат, жакшы чара колдоно албай калып атабыз дейт".
Төрөхан Жунусбеков "Азаттыкка" берген комментарийинде Бишкектин тегерегинде айыл чарба жерлери көрүстөнгө айланып баратканын белгилеп, мунун баарын тескеген мыйзам керектигин айтты:
"Бишкекке караштуу бир көрүстөн Аламүдүн районундагы Гроздь айылында жайгашкан. Бирок 30 чакырым алыста болгондуктан эл алыс барбай Бишкектин тегерегиндеги айыл өкмөттөрдүн жерлерине коюп жатат. Алыс баргандан көрө 30-40 миң сом болсо деле макулбуз дешет. Ал жактагы тегиз, сугат жердин баары акыркы эки жылда тарып кетти. Бул долбоордо сугат жерлер көрүстөнгө берилбей турганы жазылды. Ошондуктан бул мыйзам аябай зарыл".
Жунусбековдун айтымында, көрүстөндөгү коррупциялык иштер токтобой жатат. Маселен, Ала-Арча көрүстөнүндө 80 орун, түштүк батыш көрүстөндө 5 миң, түндүк көрүстөндө 3 миңдей орун алдын ала ээленген дейт.
Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин маалыматы боюнча, Бишкекке караган жети көрүстөн бар, анын үчөө жабылган. Шаарда жыл сайын эки миңдей сөөк жерге берилет. Бишкектин чет жакасындагы көрүстөндөр Чүй облусуна караган аймактарда. Ошондуктан айыл өкмөттөр тартипке салып, көрүстөндөгү жайларга өзүнчө баа коюп алышкан. Маркумду жерге бериш үчүн жай 30-40 миң сомго чейин бааланат.
Маркум Улан Эгизбаевдин коомдо резонанс жараткан "Көрүстөндөгү коррупция" аталган иликтөөсү 2018-жылы 30-майда жарыяланган. Анда көрүстөндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган эле.