Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Жалал-Абадда өтмөктүн орду талашка түштү


Жер алдындагы өтмөктүн орду. Жалал-Абад шаары, 23-май, 2018-жыл.
Жер алдындагы өтмөктүн орду. Жалал-Абад шаары, 23-май, 2018-жыл.

Жалал-Абад район аралык соту шаардын борборунда жер астындагы өтмөк жолдун курулушун жеке ишкердин арызына ылайык убактылуу токтотту.

Жеке ишкер курулуш менчик аймакка кирип кеткен деп эсептеп, шаар жетекчилиги шарттарын аткарса, арызын кайра аларын айтууда. Ошол эле учурда мэрия да облустук сотко кайрылды. Мэрияны колдогон тарап акция уюштурду.

Шаар борборундагы курулуш иштери токтогон аймакка элүүдөй шаардык тургун чогулган. Акцияга чыккандардын бири Абдыкадыр Аманов мындай деди:

Жалал-Абадда жер алдындагы өтмөк боюнча чогулгандар.
Жалал-Абадда жер алдындагы өтмөк боюнча чогулгандар.

- "Сот аркылуу курулуш иштери токтоп калыптыр" дегенинен өз оюбузду айтканы келдик. Жолдогу тыгынды азайтуу максатында жасалып жаткан бул курулуш шаардыктарга керек. Бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жумуштун токтоп калышына каршыбыз. Ошондуктан шаар бийлиги, тийиштүү кызматтар кийлигишип, башталган ишти акырына чыгарышын суранабыз.

Шаардын Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине салынып жаткан өтмөктүн курулушу өткөн жумада башталган. 22-майда Жалал-Абад район аралык соту өз чечими менен курулушту убактылуу токтотту. Облустук соттун басма сөз катчысы Маркел Болотов аны мындайча түшүндүрдү:

Жалал-Абад облустук соту.
Жалал-Абад облустук соту.

- Жалал-Абад облусунун район аралык сотуна жеке ишкер доо арызы менен кайрылган. Анда Жалал-Абад аймактык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жер астынан өтүүчү көпүрөнү курууга берген уруксатын жараксыз деп табууну жана ушул доо арыз каралып бүткөнгө чейин курулуш иштерин убактылуу токтотуп турууну сураган. Соттун 2018-жылдын 22-майындагы аныктамасы менен жер астынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери доогердин арызы боюнча соттук териштирүү каралып бүткөнгө чейин убактылуу токтотулду. Соттун айтылып жаткан аныктамасына Жалал-Абад шаарынын мэриясы макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна даттануу менен кайрылды. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун район аралык сотунун аныктамасына даттануу Жалал-Абад облустук сотунун кароосуна жөнөтүлдү.

Жеке ишкер Максат Орозалиев шаар борборундагы 1400 чарчы метрден ашык аянтты 2000-жылы жеке менчикке алган. Шаар мэриясы куруп жаткан өтмөк анын менчигиндеги жерге өтүп кеткендиктен, буга чейин бардык тараптарга эскертүү иретинде кайрылган. "Акыркы чара сотто болчу" дейт Орозалиев:

Максат Орозалиев.
Максат Орозалиев.

- Жеке менчик имараттан 2 метрден кийин эле өтмөк башталат. Долбоор ушундай түзүлүптүр. Бул жолдо жүргөндөргө таптакыр ыңгайсыз болуп, тыгын пайда кылат. Мен "ошол жерди кеңейткиле" деп эле кайрылып жатам. Өз менчигимдеги жерди берүүгө каршылыгым жок, болгону бардык талаптар сакталышы керек. Буга чейин шаар бийлигине, жергиликтүү депутаттарга чейин кайрылгам. Алар мени менен макул болбой, курулушту баштап жиберишти. Анан мен да сотко кайрылууга аргасыз болдум. Мен да шаарда өзгөрүү болушун каалайм, бирок эреже, тартип да болушу керек.

Жалал-Абад шаарынын мэриясы жеке ишкер талашып жаткан жер муниципиалдык менчикте экенин ырастайт. Анткени жөө адамдар өтүүчү аймак жеке ишкерлерге пайдаланууга берилгени менен шаардын карамагында турат.

Ошондуктан мэрия өкүлдөрү район аралык соттун чечимине каршы облустук сотко даттанууга аргасыз болушту. Мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев буларга токтолду:

Турдалы Темирбаев.
Турдалы Темирбаев.

- Өтмөк куруу долбоору былтыр башталган. Коомдук талкууда каралып, шаардык кеңештин депутаттары бекитип беришкен. Тендер жарыяланып, 13 млн. сомго ”Сафари” фирмасы курулушту аткарып жаткан. Соттун аныктамасы азырынча бизге түшүнүксүз. Жеке ишкердин суранычы менен токтоп калыптыр. Азыр биз облустук сотко кайрылдык, ал акыйкат чечим чыгарып берет деген үмүттөбүз. Бир жеке ишкердин кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй шаардагы турмуш токтоп калбашы керек. Өзүңөр көрүп тургандай, жолдор жабылып, казуу иштери жүрүп жаткан.

Анткен менен жеке ишкер Максат Орозалиев шаар бийлиги менен сүйлөшүү баштаганын билдирди:

- Соттук иштерден кийин гана шаар бийлиги мени менен сүйлөшүгө барып жатат. Ага чейин тоготпогон мамиле кылып келген. Мага каршы чыккан акцияга жалаң жатаканаларда жашаган адамдарды топтоп алып келишиптир. Бул мэрия үчүн уят иш. Азыр мэриядан кат алдым, Капиталдык курулуш башкармалыгынын катын дагы күтүп жатам. Андан соң сотко жөнөткөн доо арызымды кайра карап көрүшүм мүмкүн.

Узундугу 40 метр болгон жер алдындагы өтмөктүн курулушуна шаар казынасынан 13 млн. сом бөлүнгөн. Аны быйыл 31-августта пайдаланууга берүү пландалып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG