Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:40

Жалал-Абад: милициядагы пикир келишпестик


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда жашаган милициянын ардагерлер тобу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин ишмердигин тескөөнү суранып президентке жана премьер-министрге кайрылды.

Кайрылууда "жергиликтүү милициянын жетекчилиги кызматынан ашыкча пайдаланып, кадрларды дайындоодо, социалдык маселелерди чечүүдө мыйзамдарды бузуп жатат" деп айтылган. Мындай дооматтарды облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги төгүндөдү.

Ал арада облустук ички иштер органдарынын ишмердигин тармактык комиссия текшерип жатканы кабарланды.

Жалал-Абад, 2017-жыл
Жалал-Абад, 2017-жыл

Буга чейин мындай кайрылуу облустагы милиция кызматкерлеринин
атынан Ички иштер министрлигине жиберилген. Анын негизинде
ИИМден комиссия келип текшерген. Бирок милициянын ардагери Муктар
Исмаиловдун
айтымында, тыянак чыккан жок, жагдай өзгөрбөгөн бойдон калды:

- Облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө иштеген инспекторлор негизсиз эле башка аймактарга ротацияланып, куугунтукталып жатат. Ошол боюнча айтса, аларга да ар кандай куугунтук жасап жатышат. Мамлекеттен "жол коопсуздугун жакшы карагыла" деп 10 атайын унаа берсе, аны да "кол ийрисине тартат" болуп жетекчилик анын үстүнөн акча топтоп, анан бөлүштүрүп бериптир. Облустун тарыхында ички иштер башкармалыгында мындай башаламандык, мындай тирешүү болгон эмес. Биз айтпасак муну ким айтат? Ошол кызматкерлер буга чейин облустук ИИБнин башчысына, ИИМге кайрылышкан, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Ардагер келтирген мисалдарга караганда, Ноокен райондук жол кыймыл
коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы башка аймакка которулуп, кызматынан төмөндөп, арызданган соң кызмат орду калыбына келтирген. Үч инспектор өз макулдугусуз Таш-Көмүр шаарына жана Тогуз-Торо районуна жиберилген. Бул факты боюнча инспекторлор өздөрү комментарий берүүнү каалашкан жок.

Ал эми облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Авазбек Досов жогоруда келтирилген дооматтарды төгүндөп, төмөнкүдөй жүйөлөрдү келтирди:

- 2017-жылдын декабрь айында мурунку патрулдук милиция кызматы жоюлуп, анын ордуна ЖКК болуп кайрадан түзүлгөн. Өкмөттүн буйругу менен бардык кызматкерлер автоматтык түрдө кызматынан алынып, кайра жаңы дайындоолор болгон. Ошол учурда алар ротация болбой эле, башка кызматтарга которулуу аркылуу дайындалган. Баары менен макулдашуу болуп, арасындагы эки кызматкер башка аймакка которулууга макулдугун берген эмес. Биз бул боюнча ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына билдирүү берип, чечимди ошолор кабыл алган. Бул жерде ротация эмес, кайра дайындоо болгон. Нааразылык билдирип жаткандардын баары кызматынан төмөндөтүлгөн жок, болгону башка аймактарга гана жөнөтүлдү. "Кызматтык унааларды акча менен бөлүштүрүп берди" деген сөз чындыкка жатпайт. Ошондой бир эле фактыны мага айтсын, далил болсо мыйзам чегинде жоопкерчилик тартканга даярмын. Биз жетекчилик тараптан кандай буйрук келбесин, аны аткарууга тийишпиз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад ички иштер башкармалыгына доомат койгон кайрылууну он төрт кишиден турган ардагерлер тобу президент Сооонбай Жээнбеков менен премьер-министр Сапар Исаковго жиберишти. Башкармалыкка коюлган кинелердин арасында "2017-жылдын күзүндө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда милиция кызматкерлерине берилген жүз батирдин айрымдары милиция жетекчилеринин туугандарына бөлүнүп кеткен" деген да доомат бар. Кайрылуу жазган ардагерлердин бири Муктар Исмаилов дооматтарын минтип негиздеди:

- Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков ошол көп
кабаттуу турак жайдын курулушуна келип капсула салып кеткен күндөн баштап турак жай бөлүштүрүү башталган. Кээ бирлери инисинин атына, айрымдары өкүл балдарына деп бергендери бар экен. Ушул боюнча кызматкерлер министрликке буга чейин кайрылышкан, бирок келип сурап койгон жери жок. Жаңы жазылган кайрылууда да бул көрсөтүлгөн.

Ардагер ошондой эле жергиликтүү милиция жетекчилигин "кол алдындагыларды кызматтан негизсиз алып, ар кандай кысым көрсөтүп жатат" деп билдирди.

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жаңыдан түзүлгөн патрулдук милициянын ишмердиги сынга алынды.

Милициянын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы
Акылбек Мамасеитов бул кызматка 2017-жылы апрель айында дайындалган. Ал өзүнө карата коюлуп жаткан дооматтарды жана сын пикирлерди өзү кызматка киргенде баштаган мыйзамдык катуу
тартип менен түшүндүрдү:

- Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык ИИБ башчылары буга чейин кол алдындагылардан ашыкча акча жыйнап жүргөн экен. Эскертүүлөргө карабай ошонун айынан кызматтан кетти. Ноокенде уурулук фактысы болгон. Азыр бул жетекчилердин баарынын үстүнөн кылмыш иши козголуп, сотто каралууда. Мурунку патрулдук милициянын командири имарат ичиндеги батарейкаларды уурдап сатканы үчүн азыр соттолуп жатат. Кара-Көлдүн милиция башчысы мэр менен тирешип, баңги затка байланыштуу жасалма кылмыш иштерин козгоп, бир топ ызы-чуудан кийин жумуштан кетти. Мен келген күндөн тартып эле катуу тартип киргиздим. Бир да жетекчини башка жактан алып келип дайындаганым жок. Ал эми 100 батирлүү турак жайды өздүк курамдан түзүлгөн комиссия бөлүштүрүп берген. Ага эч кимибиз аралашкан эмеспиз.

Маалыматка караганда учурда облустук ички иштер органдарынын ишмердигин тармактык комиссия текшерип жатат. Ал эми милициянын ардагери Муктар Исмаилов болсо "арыз-кайрылууларды токтотууну талап кылган коркутуулар болуп жатат, ушундан улам прокуратурага кайрылуу үчүн документ топтоп жатам" деп билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG