Акыркы маалыматтар:
- АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин Газанын түндүгүндөгү аракетин айыптады.
- БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газада ок атышууну тез арада токтотуу резолюциясы, АКШ вето койгону үчүн өтпөй калды.
- Израилдин Батыш жээктеги жума күнү жасаган рейди учурунда беш адам өлтүрүлгөнүн палестиндердин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
- Газанын түндүгүндөгү Жабалия лагериндеги качкындар лагеринин жашоочулары аларды израилдик танктар курчап, атып жатканын билдирди.
- БУУ ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп табылган) тобу менен израилдик күчтөрдүн Газадагы кармашы тилкенин түштүгүндөгү Хан-Юниске жардам жеткирүүнү кыйындатып жатканын билдирди.
БУУнун резолюциясы кабыл алынган жок - АКШ вето койду
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газада ок атышууну тез арада токтотуу резолюциясына добуш берди. Документ АКШ каршы добуш бергени үчүн кабыл алынган жок. Туруктуу өкүл катары анын вето койгонго укугу бар.
Кеңешке мүчө калган 13 өлкө "макул" деп добуш берди, Британия калыс бойдон калган.
АКШнын өкүлү резолюцияда Вашингтондун сунуштары, анын ичинде ХАМАСты (АКШ менен Евробиримдикте террордук топ деп табылган) 7-октябрдагы кол салуусун айыптоо эске алынбаганын билдирди.
"Тилекке каршы, биздин бардык сунуштар каралган жок. Бул чукул процесстин жыйынтыгы тең салмактуулугу жок, реалдуулуктан алыс резолюция болду" деп билдирди ал.
Дипломат АКШ "ок атышууну токтотуу иштебеген" учурда документти колдой албасын, "бул жаңы согуштарга үрөн себеши мүмкүн" экенин белгиледи.
Коопсуздук Кеңешине вето койгону үчүн АКШны Орусиянын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү согуш токтобой, бейкүнөө палестиндердин каны төгүлүп жатканына айыпташты. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Орусиянын Коопсуздук Кеңешиндеги өкүлү Дмитрий Полянский АКШнын турумун "катуу жана өзүмчүл" деп атап, анын жыйынтыгы "палестин балдарынын мүрзөсүнө" айланып жатканын айтты.
"Зомбулукту токтотууну коргоо зарыл, болбосо ал тарыхта адамгерчиликке жат, варвардык аракеттерди колдогонуңар менен каласыңар", - деди Орусиянын өкүлү. Москва ошол эле маалда Украинада согуш ачкандан кийин, аны токтотууга чакырган БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясын үч жолу четке каккан.
Кытайдын БУУдагы өкүлү Чжан Цзюнь АКШны кош стандарттуулукка айыптады.
ДСУга кирген өлкөлөр Израилди Газада иштеп жаткан гуманитардык кызматкерлерди коргоого чакырды
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 10дон ашуун өлкөсү Израилди эл аралык укукту сыйлап, Газа тилкесинде иштеп жаткан гуманитардык кызматкерлерди коргоого чакырды. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы билдирди.
Резолюциянын тексти жекшембиде ДСУнун аткаруу кеңешинин атайын сессиясында каралган. Ал Алжир, Боливия, Кытай, Египет, Индонезия, Ирак, Иордания, Ливан, Малайзия, Марокко, Пакистан, Катар, Сауд Арабиясы, Тунис, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Йемен тарабынан даярдалган.
Палестин автономиясынын ДСУда байкоочу макамы бар өкүлү да документке кол койгон.
Анда "Газа тилкесиндеги аскердик операцияга байланыштуу жаралган гуманитардык курч кырдаал терең тынчсыздануу" жаратары белгиленген.
ДСУнун мүчөлөрү Израилди "өз ишин кылып жаткан медициналык жана гуманитардык кызматкерлерди, ооруканаларды жана башка медициналык жайларды сыйлоого жана коргоого" чакырышкан.
Reuters: израил дрондору Сириядагы "Хезболла" тобунун мүчөлөрүнө сокку урду
Израилдин дрондору жума күнү Сириянын түштүк-батышындагы исламчыл согушкерлердин объекттерине сокку уруп, "Хезболла" тобунун ливандык үч жоочусу өлгөнүн Рейтер агенттиги өз булактарына таянып билдирди.
Жоочуларды коштоп бараткан сириялык дагы окко учкан.
Сирия бийлиги сокку дүйнөлүк коомчулук Израил басып алган деп эсептеген Голан чокуларына жакын Эль-Кунейтра шаарына урулганын ырастады.
ЦАХАЛ жума күнкү соккулары тууралуу маалымат берген жок, ошол эле маалда ал Иран колдогон "Хезболлага" караштуу объекттерге сокку уруу аскердик милдети экенин танбайт.
Тегерандын Сирияга таасири өлкөдөгү 2011-жылдагы жарандык согуштан кийин күчөгөн. Иран Башар Асаддын режимин колдоп, бул үчүн Сириянын аймагынан Израилге сокку урууга даярданып келет.