"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунда иштеген Мохаммад Абу Мугайзеб Би-Би-Сиге курган маегинде Газадагы медициналык жардамга байланыштуу зээн кейиткен абалды айтып берген.
"Биздин уюм коопсуздуктан улам Газадагы бардык ишин токтотту. Түштүктөгү айрым медициналык мекемелер иштеп жатканы менен толуп калды, анда бейтаптар эле эмес, октон качкандар да жашынууда", - деди Мугайзеб.
Анын айтымында, дарыгерлер бейтаптарды жердин үстүндө эле операция кылууда.
"Бул кылымдын кыргыны" , - деп эсептейт дарыгер.
Жекшемби күнү Газа тилкесинде кандуу кармаштар уланды. "Франц пресс" агенттигинин маалыматы боюнча, Хан-Юнисте израилдик аскерлер АКШ менен Евробиримдикте тыюу салынгани ХАМАС жана "Ислам жихады" тобу менен кыл чайнашкан кармашты жүргүзүүдө. Маалыматтар боюнча Израилдин армиясы жалпысынан абадан 250дөй сокку урду. Бутага башкы мечиттин тегереги жана жер астындагы тоннелдер алынды. Ишембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жөөт армиясы ХАМАСты биротоло жок кылмайынча "адилеттүү согуш" улана берерин айтып, ок атышууну токтотууга чакырган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына вето койгону үчүн АКШга ыраазычылыгын билдирди. "Мен АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде алган туура позициясын абдан баалайм", - деди ал видео кайрылуусунда. - "Израил ХАМАСты жок кылуу үчүн адилеттүү согушту улантат". Ишембиде Тель-Авивде жүздөгөн израилдиктер чогулуп, ХАМАСтын барымтасындагы калган 137 адамды бошотуу талабы менен митинг өткөрүштү. Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бир катар израилдиктер жана палестиндер барымтадан бошотулган Кечээ БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Газа тилкесиндеги миллионго жакын балдар согуштун айынан үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушканын билдирди. "Алар суу, тамак- ашы жана коргоосу жок абалда түштүктү көздөй баратат", - деди ЮНИСЕФтин өкүлү Адель Ходр. Анын пикиринде, Газага дүйнө коомчулугу гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө тийиш. Ар кандай булактардан алынган маалыматтарга ылайык согушка чейин Газада 1,8 - 2,2 миллиондой адам жашаган.
Израилдин армиясы Газадагы аба соккуларын улантууда. Ишембиде АКШ тилкедеги ок атууну токтотууга үндөгөн БУУнун резолюциясына вето койгон. Ал тапта кабар агенттиктери Газадан чыга албаган палестиналыктар Израил коопсуз деп атаган райондордо да бомбалоолорго кабылганын жазып жатышат.
Жекшембиде эртең менен Хан-Юнистин катардагы тургундары менен жарандык куткаруу кызматы түнкү бомбалоодон кийин урандылардын арасынан аман калгандарды издеп жатышты.
“Биз бул жерден кетүүнү ойлогонбуз. Чөлкөм салыштырмалуу коопсуз болчу. Рафах же Маваси жакка жер которолу дегенбиз. Бирок Рафахта да чабуулдардан шейит кеткендер бар. Бир түнөп андан ары жылалы дегенбиз. Мен жалгыз өзүм жолго чыккам. Үй-бүлөм бул үйдүн астында калды”, - деп айтып берди зээни кейиген Ахмед Абдел Вахаб.
Reuters агенттиги жазганына караганда, Израил палестиналыктарга тилкенин түштүгүндөгү калаанын борборунан чыгып кетүү көрсөтмөсүн берип, түн ичинде анклавды, анын ичинде жөөт армиясы коопсуз деп атаган райондорду бомбалады.
АКШнын БУУдагы ветосу
Бир күн мурда Кошмо Штаттар БУУнун Газадагы ок атууну дароо токтотууга чакырган резолюцияга вето койду. Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү документти колдогон, Британия добуш берүүдөн карманды. Бириккен Араб Эмираттары сунуш кылган долбоорду иштеп чыгууга 97 өлкө катышкан.
АКШнын Улуттар Уюмундагы элчисинин орун басары Роберт Вуд резолюцияны “тең салмактанган эмес жана реалдуулуктан алыс” деп сыпаттады. Дипломаттын айтымында, ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) тобунун кол салуусун айыптаган пункттун киргизилбегени “кабыл алынгыс”.
Вашингтон Израилди жөн жай палестиналыктарды коргоо үчүн көбүрөөк чара көрүүгө үндөгөнүн белгилөө менен катар ок атууну токтотуудан ХАМАС пайда табат деген Тел-Авивдин позициясын колдоп келатат.
Палестинанын БУУдагы өкүлү Рияд Мансур Вашингтонду "кош стандарт” саясаты үчүн айыптады. "Америкалыктардын ветосу согуш кылмышкерлерине жаңы кылмыштарды ишке ашырууга көбүрөк убакыт берет”, - деп айтты Мансур.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын ветосун кубаттап, анын өлкөсү “ХАМАС радикал тобун жок кылууну көздөгөн адилет согушту улантарын” билдирди.
Гутерриштин эскертүүсү
Ветого карабай, 10-декабрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Газада тынчтык орнотуу аракеттеринен “баш тартпасына” ишендирди.
Катарда Доха форумунун ачылышында баш катчы тилкеде коркунучтуу гуманитардык абал түзүлгөнүн кайталады:
«Гуманитардык жардам берүү системасы толугу менен үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин, кырдаал апаатка айланып баратканын, анын арты палестиналыктар, региондогу бейпилдик жана коопсуздук үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келерин эскерттим”.
Коопсуздук кеңешиндеги добуш берүү алдында сүйлөгөндө баш катчы: «Абадан, жерден жана деңизден соккулар тынымсыз урулууда”, Газанын калкына “топтой болуп тилкенин түштүгүндөгү улам тарып бараткан алкандай жерде эки жакка жылуу буйругу берилүүдө, алардын жашоо шарттары жокко эсе”, - деп билдирген.
Анклавда миңдеген карапайым киши каза таап, 2,2 миллион калкынын 85% үйлөрүн таштап, бозгунга айлангандан кийин Израил эл аралык коомчулуктун сынына кабылып, ок атууну токтотуу чакырыктары күчөдү. Улуттар Уюмунун мекемелери Газада башкалкалоо үчүн жер калбаганын эскертүүдө.
9-декабрда Ак үй Конгресстин макулдугун албастан Израилге 106,5 миллион долларга курал сатууга жол ачкан чукул укугунан пайдаланды.
Израил 7-октябрда хамасчылар кол салганда 1 миң 200 киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген. Радикал топ башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги набыт болгондор 17 миң 400 кишиден ашканын, 70% аялдар менен балдар экенин билдирди. Associated Press (AP) кабар агенттиги министрлик жайкын палестиналыктар менен согушкерлердин жоготууларын бөлүп көрсөтпөгөнүн белгилейт.
Израилдин армиясы Газа шаарындагы Палестина аянтынын алдында ири туннелдер түйүнү аныкталганын билдирди.
“Палестина аянтында Яхья Синвардын кеңсеси, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун лидерлеринин кыймылсыз мүлктөрү, кеңселер жана террорчулардын туннелдери аныкталды”,- деди ЦАХАЛдын расмий өкүлү Даниэл Хагари.
Анын айтымында, бул туннелдердин Ас-Шифа ооруканасы менен байланышы болгон.
Буга чейин ХАМАС куралдуу тобунун башчысы Яхья Синвар Газа тилкесинин түндүгүндө согуш башталганы гуманитардык кербен менен аймактын түштүгүнө качканын Times of Israel басылмасы өз булактарына таянып кабарлаган.
Маалыматка караганда, ал Хан-Юнис шаарын көздөй иш жашырган. Өткөн жумада Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху жөөт армиясы Синвардын үйүн курчоого алганын айткан.
Абу Ибрагим деген ысым менен дагы таанымал 61 жаштагы Синвар Хан-Юнис шаарында туулган. Ал эки жөөт жоокерин өлтүргөн деген айып менен көп жыл Израил түрмөсүндө отуруп, 2011-жылы туткундарды айырбаштоо жараянынын алкагында бошотулган. Газага кайткандан кийин ХАМАС куралдуу тобун жетектеп баштаган.