Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

12:46 8.12.2023

БУУнун Коопсуздук Кеңешти жума күнү Газа тилкесиндеги ок атышууну тез арада токтотууга добуш берүү үчүн чогулмакчы.

Антониу Гутерриш "дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирген кайсы маселе болбосун" баш катчыга жыйынды чакырууга мүмкүндүк берген БУУнун уставынын 99-беренесине таянуу менен биринчи жолу чечкиндүү кадамга барды.

Буга чейинки БУУнун баш катчылары мындай кадамга ондогон жылдардан бери бара элек болчу.

Коопсуздук Кеңешине жазган катында Гутерриш Израилдеги жана Газадагы кырдаал "эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн" экенин белгилеген.

Бул кеңештин мүчөлөрүнүн бир пикирге чакыруу үчүн жасалган бешинчи аракет.

Буга чейинки согуш башталгандан кийин сунушталган төрт резолюциянын долбоору Коопсуздук Кеңеши тарабынан четке кагылган.

15:30 8.12.2023

Израил армиясы билдиргендей, 7-декабрдын кечинде Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис калаасында ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ондогон жайларына сокку уруп, Жабалияда рейд өткөрдү.

Жөөт аскерлери ал жакта радикал уюмга караштуу туннелдер түйүнүн, машыгуучу жай жана курал-жабдык кампасын аныктаганан билдирди.

Буга чейин Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы жериндеги кабарчысына таянып, Жабалия лагерин учурда жөөт армиясы курчап турганын маалымдаган.

Жабалия шаары Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Согушка чейин эле ал жакта качкындар баш калкалаган ири лагерь бар болчу. 1,4 чарчы чакырым аймакта 115 миңден көп киши отурукташкан. Израил армиясы тургундарды бул жактан чыгып кетүүгө чакырган.

ЦАХАЛдын маалымат катчысы Даниэл Хагари ондогон жоочулар өз ыктыяры менен колго түшкөнүн билдирди.

Андан тышкары жөөт армиясы Ливандагы “Хезболла” тобуна караштуу делген жайларга сооку урду. Бул кадам Израилдин түндүгүндөгү Штула аймагына урулган ракеталык соккудан кийин жооп чара катары жасалганы кабарланды. Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 7-окябрда жасаган билдирүүсүндө эгер "Хезболла" кеңири масштабадагы согуш баштоону чечсе, анда Бейрут менен Ливандын түштүгүн өз колу менен Газа жана Хан-Юниске айлантарын эскертти.

Анклавдагы экинчи чоң шаар Хан-Юнисте жөөт жоокерлери менен радикал согушкерлердин ортосунда айыгышкан кармаш уланууда. Мындан улам ал жакка гуманитардык жардам жеткирүү ого бетер кыйындады.

19:06 8.12.2023

Газа: качкындардын лагерине сокку урулду

Жумага караган түнү Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына сокку урду. Бул аймакка Хан-Юнис шаарындагы аба соккулардан аман калуу аргасын издеген качкындар топтолгон.

Учурда алар оор шартта жан багып жатканын айтышууда. Газанын түндүгүндө да катуу согуш болуп жатат.

Газа тилкесиндеги экинчи чоң шаар Хан-Юнисте жөөт жоокерлери менен радикал согушкерлердин ортосунда айыгышкан кармаш уланууда. Мындан улам ал жакка гуманитардык жардам жана дары-дармек жеткирүү ого бетер кыйындады.

Оор жарат алган уулун ооруканага алып келген Мухаммед Ал-Амури аба соккусунан жарат алгандардын саны көп экенин айтат.

"Бул аялдар жана балдар жарылган мечиттен 500 чакырым алыста болчу. Бир маалда алардын да кыйкырыгы угула баштады. Көчөгө качып чыксак 20дай жарадар киши жатыптыр. Кийин алардын айрымдары каза болгонун уктук. Азыр уулумду дарыгерлер карап жатат, бирок, алар да жетишпей жатат".

"ХАМАСты жок кылууга даярбыз, бирок жол узак"

7-декабрда жөөт аскерлери Жабалияда рейд өткөрүп, радикал уюмга караштуу туннелдер түйүнүн, машыгуучу жай жана курал-жабдык кампасын аныктаганын билдирди.

"ЦАХАЛ жана Шин-Бет террордук иш-аракеттерге шектелген жүздөгөн адамдарды кармап, суракка алды. Алардын көбү акыркы бир сутканын ичинде бизге багынып берди. Тергөөдө алынган чалгындоо маалыматтарын биз күрөштү улантуу үчүн колдонобуз. Биз ХАМАСты жок кылууга даярбыз, бирок жол дагы эле узак", - деп билдирди Израил армиясынын басма сөз катчысы Даниел Хагари.

Андан тышкары жөөт армиясы Ливандагы "Хезболла" тобуна караштуу делген жайларга сооку урду. Бул кадам Израилдин түндүгүндөгү Штула аймагына урулган ракеталык соккудан кийин жооп чара катары жасалганы кабарланды.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху эгер "Хезболла" кеңири масштабдагы согуш баштоону чечсе, анда Бейрут менен Ливандын түштүгүн өз колу менен Газа жана Хан-Юниске айлантарын эскертти.

Жабалиядагы качкындардын абалы оор

Буга чейин Би-би-Си дүйнөлүк кызматы жериндеги кабарчысына таянып, Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан ири Жабалия лагерин учурда жөөт армиясы курчап турганын маалымдаган эле.

Учурда лагердеги качкындардын абалы оор бойдон кала берүүдө.

"Бул жердеги жашообуз өтө оор. Жада калса суу жок. Бүгүн сууну жөө барып алып келдим, бирок ал туздуу экен, иче алган жокпуз. Өзүңүздөр көрүп тургандай, от жагып тамак жасайбыз. Күн сайын ушул кыйынчылык менен күрөшүп келебиз", - дейт качкындар лагеринде баш калкалаган газалык Хамейни.

Жабалия шаары Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Согушка чейин эле ал жакта качкындар баш калкалаган ири лагер бар болчу. 1,4 чарчы чакырым аймакта 115 миңден көп киши отурукташкан. Израил армиясы тургундарды бул жактан чыгып кетүүгө чакырган.

Ал тапта АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бейшембиде Израилдин Газанын түштүгүндөгү чабуулдарын сынга алды. Ал эвакуацияланган жарандардын коопсуздугун кепилдөө үчүн чара көрүп, ошондой эле газалыктар баш калкалаган аймактарга жүк жеткирүүнү сунуштады.

"Түштүктө бул кампаниянын башталганына дээрлик бир апта болду. Израилдин жай тургундардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушу керектиги абдан маанилүү. Чындыгында жарандарды коргоо ниети менен ал жактагы биз көрүп турган реалдуу жыйынтыктардын ортосунда ажырым кала берүүдө", - дейт Блинкен.

БУУ ок атышууну токтотууга добуш берүү үчүн чогулат

Жума күнү ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газа тилкесиндеги ок атышууну тез арада токтотууга добуш берүү үчүн чогулмакчы. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун уставынын 99-беренесин колдонуу менен Газа тилкесиндеги ок атышууну гуманитардык максатта токтотууга чакырып, Коопсуздук кеңешине кайрылган.

Бул берене ага Коопсуздук кеңешине дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирген маселени алып чыгууга жол берет. Бул- кеңештин мүчөлөрүн бир пикирге чакыруу үчүн жасалган бешинчи аракет. Буга чейин согуш башталгандан кийин сунушталган төрт резолюциянын долбоору Коопсуздук Кеңеши тарабынан четке кагылган.

Радикал топ башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жума күнү жоготуулар тууралуу маалыматты жаңыртып, согуш жүрүп жаткан эки айда палестиналык 17 200 киши набыт болгонун, 46 миңи жараат алганын билдирди.

Бул санды көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.

Израил ХАМАС кол салган 7-октябрдан бери 1200дөй киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген.

21:23 8.12.2023
 Израил армиясы Газанын Рафах шаарына сокку урду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG