Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына эки жолу сокку урду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып AP агенттиги жазды. Рафахка Хан-Юнис шаарындагы аба соккулардан аман калуу аргасын издеген качкындар топтолгон. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлдөрү тилкеде коопсуз аймак калбай калганын билдиришкен.
Анклавдагы экинчи чоң шаар Хан-Юнисте жөөт жоокерлери менен радикал согушкерлердин ортосунда айыгышкан кармаш уланууда. Мындан улам ал жакка гуманитардык жардам жеткирүү ого бетер кыйындады.
Буга чейин Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы жериндеги кабарчысына таянып, Жабалия лагерин учурда жөөт армиясы курчап турганын маалымдаган.
Жабалия Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Согушка чейин эле бул качкындар баш калкалаган ири лагерь болчу. 1,4 чарчы чакырым аймакта 115 миңден көп киши отурукташкан. Израилдин армиясы тургундарды бул жактан чыгып кетүүгө чакырган.
ЦАХАЛ 7-октябрга караган түнү Жабалия лагеринде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун обьектилеринде тинтүү жүргүзүп, бир нече жоочуну жок кылганын билдирген.
- автор Айнура Жекше кызы
Израилдин армиясы ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобуна каршы операцияны Газанын түштүгүндө улантканын билдирди. Тилкеге төрт күндөн бери чектелген гана гуманитардык жардам берилүүдө. БУУнун өкүлдөрү Газадагы абалды “кыямат” менен салыштырышат.
"Газадагы трагедия дүйнөнүн көз жаздымында калды"
"Балдарым канчадан бери суу иче элек, тамак жок. Уруштан улам бул жерге качып келдик. Андан көрө Газа шаарында калып, ошол жерде өлсө өлө берет элек. Бул жакта ачка калдык. Бир балам 7-8 килограммга арыктады. Ага чейин эле салмагы 30 килограмм болчу. Себеби толук кандуу азык жок. Эртеңкиге чейин жалаң ушул чөп-чарды жешет. Эптеп нан таап келсем, жарым сындырым гана бере алам, антпесем эртең эмне жейбиз?".
Анклавдын түндүгүндөгү Газа шаарынан түштүктөгү Рафахка жан сактай качууга аргасыз болгон Нажи Шаллах өңдүү ата-энелер жүз миңдеп саналат.
“Ачка болгон эл БУУнун кампаларына кирип барып, колуна эмне тийсе алып кетүүдө. Бомбалардын добушу балдардын жүрөк үшүн алып койду. Эл деңиз суусу менен жуунуп калышкан. Эркектер нан жапканга отун издеп, көрүстөндөрдөгү бактарды кыйып жатышат”, - Reuters агенттигинин кабарчысы сөзгө тарткан жергиликтүү тургундардын бири, беш баланын атасы Ибрагим Газа тилкесиндеги абалды ушундай сүрөттөйт.
Анын айтымында, “сөөктөр, адамдардын дене мүчөлөрү жаткан, канга боёлгон көчөлөр, бомбалоолор көрүнүп турса да, бул трагедия дүйнөнүн көз жаздымында калды”.
5-декабрда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Газадагы абалды “акыр заман” деп сүрөттөгөн.
1-декабрда ок атышууну убактылуу токтотуу келишими соңуна чыккандан кийин Египет аркылуу жеткирилген гуманитардык жардам эселеп азайды, ал тилкенин түштүк бөлүктөрүнө гана жетүүдө. Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, акыркы төрт күндө Рафахтын жашоочуларын гана эң зарыл азык-түлүк менен камсыздоо мүмкүн болду.
Израилдин армиясы палестиналыктарды түштүктөгү ошол калаага кетүү көрсөтмөсүн берген. Бирок ал жер, Хан-Юнис дагы бомбаланганы, ондогон киши каза тапканы кабарланды.
Буга чейин Би-Би-Синин жериндеги кабарчысы жергиликтүү жашоочуларга таянып, тилкенин ортосундагы Жабалия лагерин жөөт армиясы курчап турганын, танктары аткылап жатканын маалымдаган.
Улуттар Уюму анклавдын 2,2 миллиондой жашоочусунун 1,9 миллиону жер которгонун билдирди.
"Журналисттин өлүмүн согуш кылмышы катары иликтеш керек"
7-декабрда Amnesty International укук коргоо уюму Израилдин октябрдагы соккусунан Ливанда каза болгон Reuters кабар агенттигинин журналисти Иссам Абдалланын өлүмүн жана алты кишинин жарадар болушун согуш кылмышы катары иликтөөгө чакырды. Уюмдун баамында, сокку жайкын адамдарды бутага алган болушу ыктымал.
Human Rights Watch дагы израилдиктер карапайым элге атайлап сокку урган болушу мүмкүндүгүн белгилеп, муну согуш кылмышына теңесе болорун билдирди.
Reuters бейшембиде жарыялаган иликтөөдө айтылгандай, ЦАХАЛ Израил тараптан аткан аткылоолордо Абдалла окко учкан, алты кабарчы жарадар болгон. Журналисттер ошол маалда Ливандын аткыланышын алыстан видеого тартып атышкан.
Бул айыптоого жооп кайтарган Израил өкмөтүнүн басма сөз катчысы Эйлон Леви иликтөөдөн кабары жоктугун, аскерлер жөн-жай адамдарды бутага албаганын билдирди.
"Андай кабарларды уккан жокмун, бирок Израил ХАМАС тобуна каршы операциясында согуш жүргүзүүнүн эл аралык укуктук нормаларын сактап келатат. Биз тынч кишилерди эмес, ХАМАСты бутага алуудабыз. 7-октябрдагы кыргынды уюштурган террористтердин артынан сая түшкөндө карапайым элге коркунуч келтирбөөгө аракеттенүүдөбүз", - деди ал.
Радикал топ башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги бейшембиде жоготуулар тууралуу маалыматты жаңыртып, согуш жүрүп жаткан эки айда палестиналык 17 миң 177 киши набыт болгонун, 46 миңи жараат алганын билдирди.
Бул санды көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.
Израил ХАМАС кол салган 7-октябрдан бери 1200дөй киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген. Шейшембидеги маалыматка караганда, жерде операция башталгандан бери 79 жөөт аскери набыт болду.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кремлдеги жолугушууда Газа тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.
Ирандын президенти Орусияга сапарынын алкагында Батышты Газадагы палестиндиктерди "тукум курут кылууга көмөктөшүп жатат" деп айыптаганын Reuters билдирди.
Ага ылайык, Иран менен Орусиянын лидерлери сүйлөшүүдө эки тараптын аскердик кызматташтыгы өсүп жатканы тууралуу сөз кылышкан жок. Тараптар экономикалык, анын ичинде мунай-газ өндүрүү тармагын талкуулашты.
Путин менен Раиси беш сааттан ашуун убакыт сүйлөштү. Ирандын президентине чейин орус президенти Бириккен Араб Эмирликтеринин жана Сауд Арабиясынын лидерлери менен жолуккан.
Путин Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Газа тилкесиндеги кырдаал "маанилүү" деп белгиледи. Раиси Газа тилкесиндеги Израилдин аракеттерин "адамзатка каршы кылмыш" деп атады. Ирандын лидери Израилди Батыш өлкөлөрү менен АКШ колдоп жатканын "кайгылуу" деп атады. Путин мурдагы айтып келген сөзүн кайталап, "Газадагы балдардын кыйналганын көргөндө көзгө жаш айланат" деди.
Reuters белгилегендей, Батыш өкмөттөрү анын бул сөзүнөн кийин Украинадагы жай тургундардын өлүмүн эске салып, "эки жүздүү" мамиле катары баалашты.
Орусиянын мамлекеттик агенттиктери жана ТАСС орус-иран лидерлеринин жолугушуусун учкай гана чагылдырып, сүйлөшүүнүн мазмунун ачык беришкен жок.
Батыш өлкөлөрү жана Киев Орусияны Украинадагы согушта Иранда чыгарылган "Шахед" дрондорун колдонорун айтып келет. Акыркы убактарда мындай дрондор Орусиянын өзүндө чыгарылып жатканы айтылууда.
Орусия Иран менен Сирияда да кызматташат, экөө тең Сириянын президенти Башар Асаддын режимин колдошот. Иран Израилдин Газадагы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмуна каршы операциясын кескин айыптап келет. Израил Иранды ХАМАСты колдойт деп айыптайт.
Кремль Газа тилкесинде ок атышууну а
Газа тилкесинде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун жоочулары менен согушта Израил армиясынын Башкы штабынын мурдагы жетекчиси, азыркы израил өкмөтүнүн мүчөсү Гади Айзенкоттун уулу Галь Айзенкот окко учту.
Бул тууралуу ЦАХАЛ билдирди. Ага ылайык, акыркы жумаларда Израил армиясынын эки аскери набыт болгон, алардын бири 25 жаштагы улук сержант Галь Айзенкот Газа тилкесинин түндүгүндө согушта мерт болгон.
Анын атасы Гади Айзенкот Израил армиясынын Башкы штабын 2015-2019-жылдары жетектеген. Кнессетке оппозициядан депутат болуп шайланган.
12-октябрда, ХАМАС радикал тобу Израилге кол салгандан кийин улуттук биримдик өкмөтүнүн аскер курамына кирген.
Газа тилкесинде операция башталгандан бери ЦАХАЛдын 80дей аскери набыт болду, ХАМАС радикал тобунун өлгөн жоочулары тууралуу маалымат жок. Аталган топ көзөмөл кылган Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги тилкеде 17 миңден ашуун адамдын өлгөнүн кабарлоодо. Маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Газанын түндүгүндө да, түштүгүндө да катуу согуш болуп жатканы кабарланууда. ЦАХАЛ түштүктөгү Хан-Юнис шаарын алууга аракеттенип жатат. Израил армиясы тилкенин түндүк тарабында согушуп жаткан ондогон "хамасчылар" туткунга түшүп бергенин маалымдап, ал тууралуу тасма таратты.
Израилдин түндүгүн Ливан тараптан "Хезболла" радикал тобу аткылап, бир киши мерт кеткени кабарланды.