ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун барымтасынан бошотула тургандардын тизмеси Израил бийлигинин колуна 28-ноябрда тийди. Haaretz басылмасы кабарлагандай, өкмөт бул тууралуу алардын жакындарын кабардар кылды.
Алдын ала маалыматка караганда, шейшембиде дагы 10 израилдик туткун бошотулат. Ал эми Израил бийлиги түрмөдөн кое бериле турган палестиндердин тизмесине дагы 50 киши кошулганын билдирди. Алардын баары аялдар. Ушуну менен израил түрмөлөрүнөн бошотула турган палстиндердин саны 350гө жетти. Алардын 140ы буга чейин кое берилди.
ХАМАС радикал уюму менен Израилдин ортосундагы ок атышууну токтотуп, туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу эки күнгө узартылган. Бул тууралуу эки тараптын ортосунда арачы болгон Катар менен АКШ 27-ноябрда билдирди. Ошол эле күнү кечинде мурунку төрт күндүк макулдашуунун алкагында ХАМАС куралдуу тобунун барымтасынан бошотулган 11 киши Израил тарапка өткөрүлүп берилди. Алардын арасында үч жаштагы эгиз балдар да бар экени кабарланды.
Ал эми Тель-Авив түрмөдөн 33 палестин аялды жана өспүрүмдү Эл аралык Кызыл Чырым уюмуна өткөрүп берди.
Макулдашуу күчүнө кирген 24-ноябрдан бери ХАМАС радикал уюму 60тай туткунду бошотту. Алардын арасында чет өлкөлүктөр мамлекет бийликтери менен түзүлгөн өз ара макулдашуунун алкагында эркиндикке чыгып жатышат.
АКШ, Египет жана Катардын арачылыгы менен түзүлгөн төрт күндүк макулдашуунун алкагында ХАМАС барымтадагы 50 израилдикти кое бермек, ал эми Израил түрмөдөгү 150 палестинди бошотмок. Газа тилкесинде ок атышуу токтоп, 200 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жана төрт жүк ташуучу машине күйүүчү май киргизилмек.
ХАМАС куралдуу тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алган. Израил аталган радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган. Андан бери ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо министрлиги 15-миңдей киши набыт болгонун билдирип келет. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Газа: ХАМАСтын барымтасынан 12 туткун, Израил түрмөсүнөн 30 палестин бошотулду
28-ноябрда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюмунун барымтасынан дагы 12 киши бошотулду. Бул тууралуу Израилдин өкмөт башчысынын кеңсеси билдирди. Маалыматка караганда, бошотулгандардын баары аялдар. Арасында Таиланддын эки жараны бар.
Израилдин түрмөлөрдү тейлеген мекемеси макулдашууга ылайык 30 палестин шейшембиде эркиндикке чыкканын тастыктады.
Жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу күчүнө кирген 24-ноябрдан бери ХАМАС радикал уюмунун барымтасындагы 51 израилдик жана 20дан ашуун чет өлкөлүк бошотулду. Чет элдиктерди алардын мамлекеттеринин бийлиги өз дипломатиялык каналдары аркылуу туткундан чыгууда.
Израил армиясы дүйшөмбүдө 11 туткунду өткөрүп алганын бышыктады. Алардын ичинде үч жашар эгиздер бар. Газа тилкесинде согушту токтотуунун башкы арачысы - Катар бийлигинин маалыматында барымтадан чыккандардын үчөө француз, экөө немис жана алты киши Аргентинанын жарандары экени белгиленген.
78 жаштагы Рути Мундер барымтада кызы жана небереси менен отурган. Ал туткунда «канчалык кыйын болсо» үмүт үзбөй отурганын Израилдин медиасына айтып берди. «Мен оптимисттик маанайда акыры бир күнү бошотушат деп эле отурдум. Биз го бул жерде аманбыз, канча кишинин канын төгүштү деп ойлодум. Менин уулумду Нир-Оз кибуцунда өлтүрүштү».
ХАМАС куралдуу тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алган.
Дүйшөмбүдө Израилдин түрмөлөрүнөн 33 палестин (30 бала, үч аял) бошотулду. Жалпы эркиндикке чыккан палестиндердин саны 350гө жетет.
Алардын арасында Этаф Жарадат да бар. 51 жашка толгон күнү эркиндикке чыккан аял эки жыл мурун соттун чечими жок эле абакка камалган.
"Эркиндикке чыкканыма ишенбей турам. Түшүмдөй сезилет. Кудайдын кудурети менен болду го. Бул эркиндик канчалык кан төгүү менен коштолду", - деген палестин аял эки уулу, иниси Изарилде түрмөдө отурганын айтты.
Газа тилкесине Израил армиясы согуш ачкандан бери курчоодо турган анклавда гуманитардык кырдаал курч. Таза суу, тамак-аш, дары-дармек, күйүүчү май тартыш. БУУнун эсебинде, тилкедеги 2.3 миллион калктын 1.8 миллиону үй-жайын таштап, түштүк тарапка качууга аргасыз болду.
Хан-Юнисте баш калкалаган тургун Рами ал-Ризек согуш токтосо экен деп тилейт. "Эл эптеп күн көрүп жатат. Дагы канча күтөбүз? Баарыбыз кырылып калгыча күтөлүбү?", - деди ал журналисттерге.
Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку беш күндө толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун "эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин" дүйнөлүк уюм эскертти.
АКШнын, Египеттин жана Катардын арачылыгы менен түзүлгөн төрт күндүк макулдашуунун алкагында ХАМАС барымтадагы 50 израилдикти кое бермек, ал эми Израил түрмөдөгү 150 палестинди бошотууга милдеттүү. Газа тилкесинде ок атышуу токтоп, гуманитардык жардам, анын ичинде күйүүчү май киргизилмек.
Эл аралык арачылар Газада ок атпоо режимин улантуу аракетин көрүүдө
Шаршембиде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюму барымтадан туткундардын кезектеги тобун бошотсо, Израил түрмөлөрүнөн палестиндерди чыгара турганы кабарланды.
29-ноябрда Газада согушту убактылуу токтотуунун эки күндүк мөөнөтү аяктайт.
Израил өкмөтүнүн өкүлү Эйлон Леви Газадагы ок атпоо режими "үчкө бир" кишини айырбаштоо менен беш күнгө узартылышы ыктымал экенин шейшембиде билдирген.
AFP агенттиги өз булактарына таянып, ХАМАС радикал тобу дагы “ок атпоону төрт күнгө узартууга” макул экенин жазды.
Газадагы согушту токтотуу боюнча башкы арачы Катарда сүйлөшүүлөр уланууда. Доха шаарына АКШнын Башкы чалгын башкармалагынын жетекчиси Уильям Бёрнс, Израилдин Чалгын кызматынын (Моссад) башчысы Давид Барнеа жана Египеттин чалгын кызматынын жетекчиси Аббас Камел барганы маалым болду.
Бёрнс жана Барнеа Катардын премьер-министри Мохаммед бин-Абдурахманом Аль-Тани менен өзүнчө кезиккени тууралуу кабар тарады.
24-ноябрда жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу күчүнө киргенден бери ХАМАС радикал уюму барымтадан жапысынан 51 туткунду бошотту. Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.
Газада ок атпоо режимин улантуу тууралуу сүйлөшүү уланууда
Бейшембиге караган түнү Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун ортомчулар аркылуу сүйлөшүүсү жүрүп жатканы кабарланды. Маалыматка караганда, жаатташкан эки тарап тең аны узартууга макул. Буга чейин эл аралык арачылардын ортомчулугу менен жетишилген макулдашуу эки жолу узартылды.
ХАМАС радикал уюму күнүгө барымтадагы 10 туткунду Израилдин трмөлөрүндөгү 30 палестинге айырбаштоого макул болгон.
Шаршембиде согушкерлердин барымтасынан 16 туткун, анын ичинде эки орус жана төрт тай жараны бошотулду. Аларга айырбашталчу 30 палестин Израилдин түрмөлөрүнөн эркиндикке чыгары мурдарак кабарланган. Алардын 16сы жашы 18ге чыга элек өспүрүмдөр, 14ү аялдар.
24-ноябрда жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу күчүнө киргенден бери ХАМАС радикал уюму барымтадан жапысынан 87 кишини бошотту. Израилдин түрмөлөрүнөн коё берилген палестиндердин саны 380ге жетти.
7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн ашуун адамды согушкерлер барымтага түшүрүп, Газа тилкесине алып кеткен. Миңдеген киши жараат алган.
ХАМАСтын чабуулунан кийин жөөт армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесинде согуш баштаган. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 15 миңден ашуун киши набыт болгонун маалымдады. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес. БУУнун агенттиги бери дегенде 1,8 млн киши жер которууга аргасыз болгонун жарыялады.