Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

13:17 30.11.2023

Израил менен ХАМАС радикал тобунун ортосунда ок атышпоо режими дагы бир күнгө узартылганын Израилдин премьер-министринин кеңсеси маалымдады. Сүйлөшүүлөргө ортомчу болуп жаткан Катардын Тышкы иштер министрлиги да муну тастыктады.

CNN кабарлагандай, шаршемби күнү ХАМАС барымтадагылардын бир тобун бошотуп, дагы бошотула турган 10 адамдын тизмесин бергенден кийин гуманитардык тыныгуу узартылды.

АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо режими 24-ноябрда күчүнө кирип, улам узартылып келатат. Маалымат каражаттары ХАМАС күн сайын ондон адамды бошотуп жатканын жазууда. Бул аралыкта Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.

13:18 30.11.2023

Газа тилкесинде ХАМАС радикал тобунун барымтасында турган дагы 14 киши 29-ноябрдын кечинде бошотулду. Алардын 10у Израилдин жараны, экөө Таиланддын тургундары экени маалымдалды. Анын алдында Орусия менен Израилдин кош жарандыгы бар эки аял бошотулганы айтылган.

АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо режиминин алтынчы күнү аяктады. Маалымат каражаттары эл аралык арачылар Газа тилкесинде ок атпоо режимин улантуу аракетин көрүп жатканын жазды.

Израил ХАМАС менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элек. Сүйлөшүүлөр Катар, Египет жана кээде АКШнын ортомчулугу менен өтүүдө.

14:20 30.11.2023

Газа тилкесинде ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ) радикал тобунун барымтасында турган дагы 14 киши 29-ноябрдын кечинде бошотулду. Алардын 10у Израилдин жараны, экөө Таиланддын тургундары экени маалымдалды. Анын алдында Орусия менен Израилдин кош жарандыгы бар эки аял бошотулганы айтылган.

Израил менен ХАМАС радикал тобунун ортосунда ок атышпоо режими дагы бир күнгө узартылганын Израилдин премьер-министринин кеңсеси маалымдады. Сүйлөшүүлөргө ортомчу болуп жаткан Катардын Тышкы иштер министрлиги да муну тастыктады.

ХАМАС экстремисттик тобу менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо режиминин алтынчы күнү аяктады. Маалымат каражаттары эл аралык арачылар Газа тилкесинде ок атпоо режимин улантуу аракетин көрүп жатканын жазды.

Израил ХАМАС менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элек. Сүйлөшүүлөр Катар, Египет жана кээде АКШнын ортомчулугу менен өтүүдө.

24-ноябрда жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо келишими күчүнө кирген. Убактылуу тынчтык режими алгач төрт күнгө макулдашылып, кийин дагы эки күнгө узартылган. Бул аралыкта ХАМАС радикал уюму барымтадан 51 туткунду бошоткон. Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.

ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.

Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун "эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин" дүйнөлүк уюм эскертти.

16:58 30.11.2023

Иерусалимдеги автобус аялдамасында белгисиз эки адамдын туш келди аткылоосунан үч киши - бир аял жана эки улгайган эркек набыт болду. Жети киши жабыркады, алардын төртөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Израилдин Куткаруу кызматы билдирди. 30-ноябрдын таңында болгон окуяны полиция теракт катары мүнөздөдү.

Азырынча аткылоо үчүн жоопкерчиликти бир дагы топ өз мойнуна ала элек. Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир кол салгандар ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун мүчөлөрү деп ишендирүүдө.

Ал арада Израилдин өкмөт башчысынын кеңсеси Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу бир күнгө узартылганын билдирди. ХАМАС радикал тобу бейшембиде барымтадан бошотула турган он адамдын тизмесин расмий Тель-Авивге берди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG