- автор Гүлайым Ашакеева
Израил армиясы Газадагы Аш-Шифа ооруканасында ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркет террордук уюм деп тааныган) согушкерлерине каршы операция жүргүзүүдө. Миңдеген киши турган ооруканада абал адам чыдагыс экени кабарланды.
Израил армиясы ХАМАС радикал тобун Газа тилкесиндеги эң чоң медициналык комплексте командалык борборун жашырган, анын алдындагы туннелдерде барымтадагыларды кармаган деп айыптады. Радикал топ менен оорукананын жамааты аны четке каккан.
Улуттар Уюмунун эсебинде Аш-Шифада миңдеген киши – бейтаптар, медициналык кызматкерлер, аргасыз баш калкалагандар турат.
Шаршембиде эл аралык маалымат агенттиктери Аш-Шифа ооруканасынын бөлүмдөрүндө дарыгерлер ары-бери чуркап, бейтаптарды сактап калуунун аргасын көрүп жаткан видеолорду жарыялады.
"Бул эмне деген азап болду. Чаңдан, түтүндөн тумчуккан жарадар бейтаптарды эптеп эвакуация кылып жатабыз", - деди энтиккен медиктердин бири керебетте жаткан бирөөнү сүйрөп баратып.
Хирург Ахмед эл-Мохаллалат элдин баары оорукананын имараттарында камалып турганын, кырдаал өтө коркунучтуу экенин "Рейтер" агенттигине телефондон айтып берди.
"Бомбалап жатат. Оорукананын ичинде жана тегерегинде аткылоо болууда. Мунун баары жакын эле жерде болуп жатканы жүрөктү түшүрөт. Танктар оорукананы айланып ары-бери жүргөнүн түшүндүк", - деди телефондон сүйлөгөн дарыгер.
Al Jazeera телеканалынын кабарчысы Аш-Шифанын короосунда израилдик танктар турганын, аскерлер оорукананын бир имаратына киришкенин ошол жерден айтып берди. Ага чейин Би-Би-Си ушундай эле маалыматты жергиликтүү тургундун айтканына таянып тараткан.
Израил анклавдагы эң чоң медициналык комплекстин алдында ХАМАС радикал тобунун командалык башкаруу борбору, барымтадагыларды кармоо үчүн туннелдер жайгашканын билдирген.
Жөөт армиясынын өкүлдөрү Аш-Шифадагы хамасчыларга каршы "так жана таамай" операция жүрүп жатканын жарыялап, алардын танктары ара төрөлгөн балдарга инкубаторлорду, дары-дармек, тамак-аш жеткиргенин маалымдады. "Израил карапайым калк менен эмес, ХАМАС менен согушууда"- деди ЦАХАЛдын өкүлү Даниел Хагари.
"Чалгын маалыматтарына таянып, оперативдик зарылдыктан улам ЦАХАЛдын күчтөрү Шифа ооруканасынын белгилүү бир аймагында так жана таамай операция жүргүзүүдө. Газа тилкесинде ЦАХАЛ жердеги операцияларын ХАМАСты жок кылып, барымтадагыларды бошотуу үчүн жүргүзүп жатабыз", - деди Хагари.
ЦАХАЛ согуш башталгандан бери ооруканада баш калкалаган миңдеген кишиге, бейтаптарга, медиктер жамаатына чыгып кетүүнү эскерткенин, ал үчүн атайын жол берилгенин билдирген. Бирок аны оорукананын жамааты жана баш калкалап тургандар четке каккан.
Маалыматка караганда, ушул тапта Аш-Шифада 650дөй бейтап жана аргасыз жер которгон беш миңден ашуун киши баш калкалап турат.
Бир айдан ашуун согуш жүрүп жаткан палестин анклавында гуманитардык кырдаал өтө курч. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Аш-Шифада өлгөндөр көп экенин, анын ичинде инкубатордо жаткан ара төрөлгөн балдар күйүүчү май түгөнгөндө чарчап калганын билдирди.
Уюмдун өкүлү Маргарет Харрис ооруканада соңку 48 саатта 20 өлүм катталганын белгиледи. "Анткени кырдаал дагы кыйын жагына кетиши ыктымал. Тамак-аш тартыш, медиктер эптеп таза суу алып келип жатышат. Суу куюлган резервуарлар талкаланган. Дарыгерлер алар араң жаткан бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоодо", - деди Харрис.
Курчоодо калган медициналык комплексте адам чыдагыс абал түзүлгөнүн, операциялар анестезиясыз жасалганын, суу, тамак тартыш экенин, үй-бүлөлөр коридорлордо корголоп турганын, короодогу сөөктөр жыттанып кеткенин күбөлөр эл аралык маалымат агенттиктерине маалымдашкан. Шейшембиде ооруканынын дарыгери Аш-Шифада 200 кишинин сөөгүн комплекстин аймагында жерге жашырууга аргасыз болушканын айтып берген.
ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин администрациясы согушта 11 миңден ашуун киши набыт болгонун, алардын 8 миңдейи балдар менен аялдар экенин, жараат алгандар 30 миңге чукулдаганын маалымдады. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салганда 1200 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун адамды Газанын аймагына барымтага алып кеткен. Ошондон бери туткундардын жакындары алардын амандыгын тилеп, Израилден, дүйнөлүк коомчулуктан барымтадагыларды бошотууга жардам сурап жатат.
Соңку маалыматта Газа тилкесиндеги Аш-Шифа медициналык комплексинин аймагына израилдик танктар киргени кабарланды. Улуттар Уюмунун эсебинде ооруканада миңдеген, балким 10 миңдей киши – бейтаптар, медициналык кызматкерлер, аргасыз баш калкалангандар турат.
Израил Газа тилкесиндеги ири медициналык комплекстин ичине жана астына ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм деп таанылган) командалык пунктун жашырган деп айыптады. Радикал топ менен оорукананын жамааты аны четке каккан.
Аш-Шифада камалып калгандар курчоо маалында каза болгон бейтаптарды бир жерге көмүүгө камынганын "Рейтер" агенттиги кабарлаган. Би-би-синин араб кызматынын кабарчысына оорукананын дарыгери 200 кишинин сөөгүн комплекстин аймагына жашырууга аргасыз болушканын айтып берген.
Согушкерлердин маалыматына караганда, ооруканада 40 бейтап каза болду, арасында инкубаторлордо май түгөнүп калганда чарчап калган үч ымыркай бар.
Израил оорукана курчоодо калганын четке кагып, чыгып кетүүгө жолдор бардыгын билдирди. Дарыгерлер жана комплекстегилер сыртка чыгам дегендер аткылоого туш болгонун айтышууда.
Маалымат каражаттары, анын ичинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосу бул кабарларды көз карандысыз булактардан текшере алган жок.
Бир айдан ашкан согушта палестин анклавындагы эң ири медициналык комплекстин көпчүлүк бөлүмдөрү оорукананын айлана-тегерегинде жүрүп жаткан кармаштардан улам иштебей калды.
Газадагы ооруканалардын жетекчиси Мохаммед Закут кырдаал апаатка айланып баратканын сүрөттөдү.
"Ооруканалардын коридорлорунда ары-бери жылып жүргөндөр бутага илинип, кирип-чыгууга мүмкүн эмес. Шиванын чыгышы болобу, батышы болобу - коопсуз коридор деген жок", - деди догдур Закут.
77 жыл мурда салынган Шифа - Газа тилкесинин Римал районунда жайгашкан анклавдагы эң чоң медициналык комлекс. Анын курамына үч оорукана кирет.
Согуш башталганы ооруканада жанан анын айлана-тегерегинде он миңдеген палестин баш калкалап турду. Бирок соңку сааттарда бир топ тургун, медициналык кызматкер чыгып кеткенин Улуттар Уюму билдирди.
Мохаммед Закут дүйшөмбүдө билдиргендей, медициналык комплексте 650 бейтап, 500 медициналык кызматкер жана болжол менен 2,5 миңдей баш калкалаган киши калды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Аш-Шифадагы кырдаал "оор жана кооптуу" экенин, оорукана дээрлик иштей албай калганын белгиледи.
"Үч күндөн бери электр жарыгы, суу жок, токтобогон жарылуулар менен аткылоолор ансыз да араң турган кырдаалды оорлотту", – деди эл аралык уюмдун жетекчиси Теодор Гебреисус.
АКШнын президенти Жо Байден дүйшөмбүдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "бул оорукананы коргоо керек" деп айтты.
"Ооруканага карай азыраак радикалдык аракеттер жасалат деген үмүт менен ошону күтөм",- деди америкалык лидер. Ал "израилдиктер менен бул маселени талкуулай турганын" кошумчалады.
Израил медициналык комплекстин ичине жана астына ХАМАС командалык пунктун жашырып, карапайым калкты калкан кылып жатат деп айыптады. Бирок ага далил келтирбегенин "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги жазды.
Радикал топ жана оорукананын кызматкерлери ЦАХАЛдын маалыматын четке какты.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемесинин өкүлдөрү жана Шифа ооруканасынан чыга албай калгандар жөөт армиясынын балдар жана башка жабыркагандар эвакуацияланып жатат деген билдирүүсүн четке каккан.
11-ноябрда ЦАХАЛдын өкүлү Даниел Хагари оорукананын чыгыш тарабы чыгып кетүүнү каалаган палестиндерге ачык экенин, оорукананын кызматкерлери менен түз байланыш бардыгын маалымдаган.
Ал-Кудс ишин токтотту, БАПОРдун эскертүүсү
Газа тилкесиндеги экинчи чоң оорукана палестиндердин Кызыл чырым уюму билдиргендей, өткөн дем алууда күйүүчү май түгөнүп, жарык өчкөндө ишин токтотту.
Ал-Кудс ооруканасында операция болуп төрөгөн Федаа Шанган түштүк тарапка качып бараткандарга кошулууга аргасыз болгон.
"Жараатым айыга элек. Чарчап-чаалыгып, араң эле турам. Алар оорукананы танктар, бульдозерлер менен курчап аткылашты. Бейтаптар, балдар, аялдар, кары-картаңдар менен эч кимдин иши жок", - деди илкип баскан аял.
Кызыл чырым уюму дүйшөмбү күнү тынымсыз ок атуулардан улам ооруканага менен байланыша албаганын билдирди.
Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттиги (БАПОР) күйүүчү май тартыш болгондуктан, Газадагы иши токтоп калышы мүмкүн экенин дүйшөмбү күнү эскертти.
“Газага күйүүчү май жеткирүүгө уруксат берилбесе, гуманитардык операциялар 48 саат ичинде үзгүлтүккө учурашы ыктымал”, - деп жазды агенттиктин Газадагы директору Томас Уйат Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнгө.
Палестин качкындары боюнча агенттиктин жетекчиси Филипп Лаззарини күйүүчү майдын корун толуктоо өтүнүчүн жөөт аскерлери жоопсуз калтырганын билдирди.
Израил бийлиги күйүүчү майды ХАМАС согуштук аракеттер үчүн колдонуп жатканын, анын кору тилкедеги муктаждыктарды жабууга жетиштүү экенин жүйө келтирди.
ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин администрациясы согушта 11 миңден ашуун киши набыт болгонун, алардын 8 миңдейи балдар менен аялдар экенин, жараат алгандар 30 миңге чукулдаганын маалымдады. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
ЦАХАЛ Газа шаарына "тереңдеп" кирди
Жөөт армиясы Газанын кварталдарына тереңдеп кирип, хамасчыларга сокку урууну күчөткөнүн жекшембиде кабарлады. ЦАХАЛдын өкүлү 20 кишини кармап, алар Израилде сурак берип жатканын билдирди.
Жөөт аскерлери анклавдагы ал-Рантисси балдар ооруканасынын жер төлөсүндө ХАМАСтын жоочуларынын курал-жарак кампасы табылды делген сүрөт, видео көрсөттү. Алар бул жерде 7-октябрда согушкерлер барымтага алган израилдиктер кармалган болушу толук ыктымал экенин айтышты.
Хагари көрсөткөн кадрларда кадимки турак үй, чакан ашкана жана ага жанаша казылган туннел шахтасы көрүнөт. ЦАХАЛдын өкүлү туннел ХАМАСтын аскер-деңиз командирлеринин биринин үйүнө алып барарын айтты. Бирок эл аралык медиа агенттик видео качан жана кайда тартылганан бышыктай албай турганын эскертти.
Премьер-министр Беньямин Нетаньяху эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу талабын четке кагып, Газа тилкесинде ХАМАСтын жоочулары жок болмоюнча кармаш улана турганын кайталады.
"Эгер тынчтыкты кааласак, анда ХАМАСты жок кылуу шарт. Израил аны жасашы керек жана анын өтөөсүнө чыгат", - деди Нетаньяху америкалык NBC агенттигине жекшембиде.
Израил бийлиги Газа тилкесинде жердеги аскердик операциялар башталгандан бери 41 жоокеринен айрылганын билдирди.
7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салганда 1200 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун адамды Газанын аймагына барымтага алып кеткен.
Өткөн жума күнү Израил кандуу кол салууда набыт болгондордун расмий эсебин 1400дөн 1200гө өзгөрттү. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лиор Хайат түшүндүргөндөй, бул акыркы статистика эмес, бардык сөөктөр аныкталгандан кийин дагы өзгөрүшү мүмкүн. Хамастын согушкерлеринин колунан өлгөндөрдүн арасында чет өлкөлүк жарандар да бар.
Израилдин армиясы - ЦАХАЛ шейшемби күнү аскерлери ХАМАС куралдуу тобу көзөмөлдөгөн Газадагы парламенттин, өкмөттүн жана полиция кеңсесин басып алганын жарыялады.
ХАМАС тобу АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган.
ЦАХАЛ инженердик факультеттин имаратын да басып алганын, ал жерде “курал-жарактар жасалып турганын” билдирди. “ХАМАС террордук уюмунун өкмөттүк мекемелери согуштук максаттарда, анын ичинде 7-октябрда Израилге кол салууга даярдык көрүү үчүн колдонулган”, - деп айтылат Израилдин армиясынын билдирүүсүндө.
ХАМАС куралдуу тобунун жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул койгондо туш келди ок атып, 200дөн ашуун кишини барымтага алган. Израил ХАМАСка согуш жарыялап, палестин анклавын бомбалай баштаган.
БУУ соңку күндөрдө 200 миңдей палестиналык Газанын түндүк бөлүгүн таштап кеткенин, түштүктө гуманитардык абал кескин начарлаганын 14-ноябрда билдирди. Маалымат боюнча тилкенин түндүгүндө бир гана оорукананын бейтаптарды кабыл алууга шарттары бар. Израил жергиликтүү тургундарды Газа шаарынан жана айланасындагы райондордон чыгып кетүүгө чакырган.
Тилкенин түштүк тарабында орун алган баш калкалоочу жайлар толуп калган. БУУнун кызматкерлери 160 кишиге бир ажаткана туура келерин айтышат. Согуш башталгандан бери жалпысынан Газада 1,5 миллион киши там-ташын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Ал арада анклавдагы ири Аш-Шифа ооруканасында камалып калгандар курчоо маалында каза болгон бейтаптарды көмүүгө камданганын Рейтер агенттиги кабарлады. Алар ымыркайларды эвакуациялоо планы жок экенин айтышууда. Ага чейин Израил көчмө инкубаторлорду жөнөтүүгө убада берген.
Медициналык комплексти курчоого алган Израилдин аскерлери ал жерде ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу "командалык пунктту жайгаштырган, бейтаптарды тирүү калкан кылып пайдаланууда" деп айыптап келишет. Уюм муну танып, ооруканада 650 бейтап менен 5-7 миң жер которгон киши калганын, алар дрондор менен көзгө атарлардын бутасына айланганын айтууда.
Согушкерлердин маалыматына караганда, 40 бейтап каза болду, арасында инкубаторлору күйүүчү майсыз иштебей калган ара төрөлгөн үч ымыркай бар.
Израил оорукана камоолго алынганы тууралуу маалыматтарды четке кагууда жана ичиндегилер үчүн чыгып кетүү жолдору түзүлгөнүн билдирди. Дарыгерлер жана комплекстегилер чыгуу аракетин көргөндөр аткылоого туш болгонун айтышууда.
Маалымат каражаттары, анын ичинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна бул кабарларды көз карандысыз булактардан текшерүүгө мүмкүн болбой турат.