Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:42
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

22:27 7.11.2023

16:05 7.11.2023

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш кезектеги жолу Газа тилкесинде ок атышууну дароо токтотууга чакырып, аймак "балдар көрүстөнүнө айланып баратканын" билдирди.

"Күнүгө жүздөгөн балдар-кыздар набыт болуп же жараат алганы тууралуу кабарланууда. Төрт апта ичинде соңку отуз жылдагы башка жаңжалдарга салыштырмалуу көп журналист мүрт кетти", - деди баш катчы.

Ал Газа тилкесине генераторлор үчүн күйүүчү май киргизүү зарыл экенин кошумчалады. Азырынча Израил бийлиги күйүүчү майды аталган аймакка киргизүүгө уруксат бере элек. Израил аны ХАМАС куралдуу тобу колдонуп кетиши мүмкүн деп кооптонот.

Ал эми Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн Гуттериштин балдар көрүстөнү тууралуу сөзүн четке какты.

“Отуздан ашуун жашы жете элек бала, анын ичинде тогуз айлык наристе Газа тилкесинде согушкерлердин барымтасында отурат. Алардын ата-энелерин көз алдында өлтүрүп кетишкен. Газанын көйгөйү-бул террордук топту жок кылуу аракетин көргөн Израил эмес, ХАМАС”, - деп жазды ал X социалдык түйүнүнө.

ХАМАС куралдуу тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылып, 240тан көп адам барымтага алынган. Ошондон бери ЦАХАЛ Газа тилкесин курчоого алып, абадан сокку уруп, аскерлери жерде согушкерлер менен кармашып жатат.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бир айдан бери он миңдей адам набыт болду. Алардын төрт миңден көбү балдар.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

13:13 7.11.2023

ХАМАС тобунун колунда кармалып турган израилдик жарандар барымтадан бошотулмайынча Газа секторун аткылоо токтобой турганын 6-ноябрдын кечинде ABC News каналына курган маегинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Ошону менен катар ал гуманитардык максатта «тактикалык тыныгуулар» болушу ыктымал экенин айтты:

«Барымтадагы биздин жарандар бошотулмайынча Газадагы аткылоо эч токтобойт», – деген Нетаньяху саат-сааты менен берилип жаткан тактикалык тыныгуу буга чейин да болуп келгенин кошумчалады жана аткылоо токтосо израилдик армия ХАМАСтын согушкерлерине каршы жүргүзүп жаткан аракеттерине тосоолдук жаралышы ыктымал экенин белгиледи.

Гуманитардык “тактикалык тыныгуу” жана барымтадагыларды бошотуу маселесин дүйшөмбү күнү Нетаньяху АКШ лидери Жо Байден менен да талкуулады.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге кол салып, 1400дөй адамдын өмүрү кыйылган. 240тан ашуун кишини согушкерлер барымтага алышкан. Ошондон бери жөөт армиясы Газа тилкесин курчоого алып, абадан сокку урууда.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан набыт болгондордун саны 10 миңге чамалаганын билдирди.

12:00 6.11.2023

Израилдин армиясы Газа шаарын толук курчоого алууну аяктап, жээкти көздөй жылды. Бул тууралуу армиянын расмий өкүлү Даниэл Хагари билдирди жана бул окуяларды ХАМАС радикал тобуна каршы согуштагы "өтө маанилүү кадам" деп атады.

Анын сөзүнө караганда, жекшембиде, 5-ноябрдын кечинде Газа секторун экиге - түндүк жана түштүккө бөлүү аяктады. Хагари Газанын жашоочуларын коопсуз жерге, аймактын түштүгүнө кетүүгө чакырды.

Анын алдында Израил карапайым тургундардын чыгып кетиши үчүн бир канча саатка коридор берген.

The New York Times басылмасы соңку апталарда Израил Газанын жүз миңдеген тургунун Египетке убактылуу жайгаштырып туруу тууралуу тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазды. Анда израилдик дипломаттар мындай аракеттерди "гуманитардык демилге" катары бир катар мамлекеттер менен талкуулаган. Сунушту АКШ жана Британия өңдүү бир катар өлкөлөр четке каккан.

Согуш башталганга чейин Газа тилкесинде эки миллиондон ашык адам жашаган. Учурда алардын 1,5 миллионго жакыны жер которууга аргасыз болду.

Ал арада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ири агенттиктеринин башчылары жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биргелешкен кайрылуу жасап, Газа тилкесиндеги ок атышууну чукул токтотууга чакырды.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ХАМАС тобу барымтага алган 240тан ашуун киши бошотулмайынча, Газаны аткылоо токтобосун билдирген жана "гуманитардык тыныгуу" жарыялоо чакырыктарын четке каккан.

Радикал топ көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги куралдуу жаңжал башталган 7-октябрдан бери тилкеде бери дегенде 9488, Иордан дарыясынын батыш жээгинде 144 киши каза тапканын билдирди. Израил тарапта 1400 киши набыт болду, 240тан ашууну барымтага алынды, дагы бир нече кишинин дайыны белгисиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG