Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Жардамдын артындагы үгүт


Орусиянын Коргоо министрлиги Италияга жөнөтөн жардам.
Орусиянын Коргоо министрлиги Италияга жөнөтөн жардам.

Бир нече күн мурун Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшкө жардам бериш үчүн орусиялык аскердик дарыгерлердин тобу келген. Пандемия башталгандан бери Орусиянын аскер медиктери Сербияга жана Италияга жөнөтүлгөн.

Италияда алар негизинен дезинфекция иштерине катышкан. Орусиядан барган миссиянын айланасында ал өлкөнүн басма сөзүндө бир топ талаш-тартыш жүрдү.

«La Stampa» гезитинин кабарчысы Жакопо Якобони макалалары үчүн орус элчисинин, орус Коргоо министрлигинин катуу сынына, ал тургай опузасына туш болгон. Италиянын бийлиги жооп кайтарып, Орусияга жардам үчүн рахмат айтуу менен катар өз оюн эркин билдирүү жана сын-пикир айтуу укугу өлкөнүн фундаменталдык баалуулуктарынын пайдубалын түзөрүн белгилеген. Жакопо Якобони «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- Эмне себептен сиз эң башынан эле орус аскер медиктеринин жардамына күмөн саноо менен карап келгенсиз?

- Мен күмөн санагам деп айта албайм. Окуянын чоо-жайы мындайча өнүккөн. «La Stampa» гезитине чыккан макалада Италиянын премьери Жузеппе Конте менен орус президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу айтып бергенбиз. Сүйлөшүүнүн эртеси бизге орустардын чоң аскер учактары келе баштаган. Алар аскердик дарыгерлерди, бактериологиялык согуш боюнча адистерди кошо ташып келишкен. Бул ишти премьер өзү уюштурган жана тескеген. Орусиядан аскердик медиктер келатканынан коомчулук кабардар болгон эмес. Анан да 50 тоннадай жүк ташый алган килтейген «Илюшин» учактарын жиберүүнүн эмне кажети болгону түшүнүксүз бойдон калды. Адашпасам 20га жакын ошондой учак болгону 350 миңдей маска, өпкөнү дем алдыруучу аппараттарды (ИВЛ), башка материалдарды ташып келген.

Кийин ИВЛдердин ошол сериясынын айрымдары күйүп кеткен учурлар эсиңерде болсо керек. Ошол кемтиги бар жабдыктарды АКШга да жөнөтүшкөн. Бирок макаланы жазып жаткан кезде андан кабарыбыз жок болчу. Кыскасы бизди айтып бергенибиз орустарга жакпай калды.

- Демек Орусияга эч кандай сын айтылган эмес?

Журналист Жакопо Якобони.
Журналист Жакопо Якобони.

- Мен болгону саясий жана аскердик чөйрөдө жогорку кызматтарды ээлеген эки булактын ошол жардамдын 80% пайдасыз деп айтып бергенин жазгам. Кийин гана чындап эле жардамдын көлөмү анча көп эмес экенин билдик. 350 миңдей беткап деп айтпадымбы. Эң негизгиси ошол аскердик бөлүк бактериологилык дезинфекцияга адистешет экен. Ошол эле учурда НАТОнун Химиялык, биологиялык, радиологиялык жана өзөктүк аскер кошуунундагы Италиянын бөлүгү эң мыкты болуп эсептелет. Анда эмне себептен орусиялык адистерди алып келишкени да суроо жаратпай койбойт.

Андан тышкары кээ бир булактар өз ара сүйлөшкөндө гана эмес, басма сөз үчүн да айтып беришкендей, контингентте орус аскердик чалгын кызматынын - БЧБнын адамдары да бар болчу. Мисалы муну НАТОнун Химиялык, биологиялык, радиологиялык жана өзөктүк аскердик батальонунун мурдагы командачысы Хамиш де Бреттон Гордон айткан. Кийин бул тууралуу башка басылмаларда да бир топ материалдар жарык көргөн. Кыскасы, ушундай мазмундагы макалаларым үчүн орустар абдан кыжырданышкан. Иш жүзүндө мен аларды сындаган эмесмин. Болгону бир катар булактардын маалыматтарына таянгам. Ооба, Италия өкмөтүнүн, премьер Контенин дарегине сын айтылган. Премьер Путин менен дээрлик жеке мамиле түзүп алган.

Кайталап кетет элем, Конте Орусиядан Коргоо министрлигине таандык аскердик учактар, аскер адистери келерин калың элге жарыялаган эмес. Мисалы Кытайдан келген дарыгерлер Кызыл Чырым аркылуу жөнөтүлгөн. Же кубалык адистер аскердик медиктер эмес болчу.

Анан да орусиялык топ Римдин жанындагы Пратика ди Маре аэропортуна конуп, аскердик техникасы менен түндүктөгү Бергамо шаарына жөнөгөнү, 600 чакырым жолду Орусиянын желектерин желбиретип колонна менен басып өткөнү өзүнчө бир үгүт операциясын эске салды.

- Ошентсе да орусиялыктар оор учурда жардам беришти да, кандай пайдасы тийди?

- Алар негизинен карылар үйлөрүнүн дезинфекциясына катышкан. Бергамо шаары жакта коронавирустун чоң очогу чыкканын билесиздер. Алар жакшы иш алып барышты. Канча карылар үйүн тазалашканы азыр эсимде жок. Мунун бардыгына макалам чыккандан кийин күбө болгонбуз. Кандай болбосун, ар бир жардам - албетте, жакшы жышаан деп айтар элем. Бирок жардам берүүнүн контекстин да түшүнүш керек. Ошол көмөктү коштогон шарттар, айланасындагы жагдайлар кандай? Жогоруда айткан аскердик парад ошончолук зарыл беле? Беткап менен ИВЛ алып келиш үчүн ошончолук аскердик техниканы, чоң-чоң учактарды жөнөтүүнүн кажети бар беле? Мисалы, Египет 2 миллион беткап жиберип, бирок анын айланасында эч кандай үгүт жүргүзгөн жок. Менимче, жардамдын айланасындагы үгүт операциясы талаштуу.

Анын үстүнө чалгын кызматынын офицерлери да бар болчу деген маселе да көп талкууга жем таштады. Миссиянын башчысы генерал Сергей Кикоть (орус Куралдуу күчтөрүнүн Радиациялык, химиялык жана биологиялык аскерлеринин командачысынын орун басары), мисалы, Сириянын президенти Башар Асадды химиялык курал колдонуп жатат деген айыптоодон коргоо керек болгондо Гаага шаарына жөнөтүлгөн. Асадга Идлиб, Дума аймактарында химиялык курал колдонгон деген кине коюлганда Москва аны коргоого активдүү катышканы эсиңиздерде болсо керек. Муну Орусия Италиядагы миссияга гуманитардык гана эмес, стратегиялык жактан канчалык маани бергенин белгилеш үчүн айтып жатам.

- Орусиянын Римдеги элчиси, кийин Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы гезиттин редакторуна кат жазып, сизди абдан сындашкан. Эмне себептен ушундай катуу сынга туш болдуңуз?

- Менимче, эркин маалымат каражаттары үчүн кадыресе эле макалалар болчу. Бирок ушундай реакцияны пайда кылды. Орус Коргоо министрлиги гезитибизге, мага каршы абдан катуу, ал тургай коркуткан сөздөрдү колдонуп билдирүү жасаган. Бирок Италия - эркин өлкө, медиага «муну жазгыла, муну жазбагыла» деп эч ким көрсөтмө бере албайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG