Төрт күнгө созулган саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган макулдашуу тууралуу Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель «Твиттер» баракчасына «Биз муну ишке ашырдык!» деп жазды.
Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрон «Европа үчүн тарыхый күн» катары сыпааттады.
"Бул саммит тарыхтагы эң узак гана жыйын болбостон, төрт айдан берки биринчи жолу көзмө-көз жолугушуу болду. Бул дагы чоң жетишкендик. Баарынан дагы саммиттин жыйынтыгы чынында тарыхта кала тургандай болду", - деди Макрон.
17-июлда башталган саммит эки күн гана болмок, бирок Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлери айрым маселелер боюнча орток пикир таба алышпаганы үчүн жыйын дагы эки күнгө созулду.
27 мамлекеттин лидерлери экономиканы калыбына келтирүү фондун түзүү боюнча бир мунасага келишти. Анын жети жылдык бюджети 1,1 триллион еврону түзмөкчү.
Пандемиянын кесепеттерин жоюу жана экономиканы калыбына келтирүүгө 750 миллиард евро бөлүнмөй болду. 390 миллиард доллар кайтарымсыз грант катары коронавирустан өзгөчө жапа чеккен мамлекеттерге берилет.
Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель бул туура чечим болгонун билдирди.
"Бул жакшы жана күчтүү макулдашуу, эң негизгиси бул ушул тапта Европа үчүн эң туура макулдашуу", -деген Шарль Мишель "жалпы келечекке болгон ишенимди көрсөтө алдык", - деп кошумчалады.
Алгач Шарль Мишель коронавирустан катуу жабыркаган мамлекеттерге 500 миллиард евродой кайтарымсыз грант бөлүүнү сунуштаган. Бул демилгеге Австрия, Голландия, Швеция жана Дания каршы чыгышты. Бир катар талаш-тартыштардан кийин гранттын көлөмүн кыскартууга туура келди.
Ал эми насыя катары бериле турган каражат 360 миллиард еврону түздү. Аны алуу үчүн өкмөттөр долбоор жазып, Еврокомиссияга жана Еврокеңешке сунушташы керек.
Макулдашууга ылайык, бул каражаттын отуз пайызы айлана-чөйрөнү коргоону эске алган долбоорлорго бөлүнүшү зарыл.
Ошондой эле саммиттин катышуучулары грант каражат жана насыя укуктук мамлекеттин стандарттарын жана Европа баалуулуктарынын негиздерин сактаган өлкөлөргө берилишин колдошту. Мындай чечимге Венгрия менен Польша башында каршы чыгып, акыры бул боюнча дагы мунаса табылгандай.
Эске сала кетсек, Европа комиссиясы 2017-жылы Польшаны европа баалуулуктарын сыйлабаганы жана укуктук мамлекеттин принциптерин бузганы үчүн айыптаган. Быйыл апрелде Польшадагы сот системасынын реформасы боюнча жаңы иликтөө баштоо сунушталган.
Еврокомиссия Варшавадан сот системасын евростандарттарга шайкеш келтирүүнү талап кылып келет.
Европада коронавирустан эң катуу жабыркаган мамлекеттердин катарына Италия, Испания, Швеция жана Франция кирет.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.