Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:01

Ишкерлерден куралган шаардык кеңеш ишин баштады


Бишкек шаардык мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.
Бишкек шаардык мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ишин баштады. Бир топ чыр, кайра шайлоо менен коштолгон өнөктүктөн соң ишке киришкен шаардык кеңешке алты партиянын өкүлдөрү кирди. Алгачкы сессияда шаардык кеңештин төрагасы болуп Куванычбек Конгантиев шайланды.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 30-июлдагы алгачкы жыйынында ант берип кызматка киришти. 11-июлдагы кайра шайлоонун жыйынтыгында алты партия жети пайыздык чектен ашкан эле. Ага ылайык, “Эмгек” партиясы 11, “Ата Журт-Кыргызстан” 9, “Ишеним” 8, “Ынтымак” 7, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Социал-демократтар” партиялары бештен мандатка ээ болгон. Мунун ичинен “Эмгек”, “Ата Журт -Кыргызстан”, “Ишеним”, “Өнүгүү-Прогесс” партиялары көпчүлүк коалицияны түзсө, “Ынтымак” жана Социал-демократтар оппозицияда калганы белгилүү болду.

Ишкер, куруучулардан куралган шаардык кеңеш

Жарым жылга жакын убакытка созулган өнөктүктөн соң шаардык кеңешке кимдер келгенине баам салалы.

Буга чейинки жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо да, бул ирет да биринчи келген “Эмгек” партиясын “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, ишкер жана саясатчы Аскар Салымбеков түзгөн. Салымбековдордун үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү буга чейин да шаардык кеңештин бир нече чакырылышында депутат болуп келсе, бул жолу өздөрү негиздеген “Эмгек” партиясы аркылуу алгачкы жолу шайланды. 11 мандатка ээ болгон фракциянын лидери болуп ишкердин иниси, буга чейин бир нече жолу депутат болгон Жумабек Салымбеков шайланды. Фракция курамында “Дордойго” тиешеси бар, андан башка бир нече ири компаниялардын өкүлдөрү бар.

Ал эми “Ата Журт-Кыргызстан” партиясы жакында гана түзүлгөн партиялардын бири. Расмий түрдө партиянын лидери Айбек Мааткеримов деп көрсөтүлгөн менен түзүлгөндөн кийин эле ийгиликтүү болуп Бишкек баштаган бир нече аймакта жеңишке жеткен саясий бирикмени УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет.

Бул партиянын шаардык кеңештеги фракциясын Алымбек Бактыбеков башкарат. 30 жаштагы Бактыбеков ушул аптада көз жумган саясий ишмер Үсөн Сыдыковдун небереси, экс-депутат, "Манас" аэропортунун мурдагы төрагасы Бактыбек Сыдыковдун уулу.

Ал эми “Ата Журт-Кыргызстандан” депутат болгон Куванычбек Конгантиев болсо шаардык кеңештин төрагалыгына шайланды. Бул партиядан да негизинен ишкерлик менен алектенгендер депутаттык мандат алышты.

Мурда-кийин саясий чөйрөдө белгисиз болгон “Ишеним” аттуу партия бул жолку шайлоодо 7 пайыздык босогодон аша алды. Юстиция министрлигинин каттоосунда партиянын лидери деп Мирлан Ибаков аттуу адам көрсөтүлгөн. Бирок буга чейин жыйынтыгы чыгарылган шайлоодо Улуттук коопсуздук комитети “Ишенимди” Ош шаарында административдик ресурс колдонду деп шек санап, түзүүчүлөрүнүн бири, ошол учурда Ош облусун башкарып турган Жарасул Абдураимовду атаган. Абдураимов учурда экономика жана финансы министринин орун басары. Ал эми фракциясын буга чейин шаардык кеңеште депутат болгон Сайдахмат Исмаилов жетектейт.

Ал эми быйыл жыл башында пайда болгон “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев түзгөн. Жети мандатка ээ болгон фракциядан парламенттин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин иниси Таалай Сариевди жана кызы Наргиза Жолдошбаеванын көрүүгө болот. Мындан башка да бизнес менен алектенген адамдар бар. Фракция лидери болуп буга чейин “Республика-Ата Журт” партиясынан шаардык кеңештин депутаты болгон Казыбек Эргешов шайланды.

Соңку парламенттик, шаардык кеңештеги шайлоого катышуудан баш тарткан Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев түзгөн “Өнүгүү-Прогресс” партиясы беш мандат алды. Анын курамында Бишкек машине куруу заводунун жетекчиси Олег Попиков, “Кыргызпатенттин” мурдагы башчысы Манас Абдылдабек уулу сыяктуу адамдар кирди.

Буга чейинки добуш берүүдө добуш сатып алуу болду деп арыз жазып, жыйынтыгын жокко чыгарууга жетишкендердин бири - Социал-демократтар партиясы да шаардык кеңешке келди. Аны Кыргызстан Социал-демократиялык партиясын тарттырып жиберген, абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары негиздеген.

Оппозицияда калган Социал-демократтардын шаардык кеңештеги фракциясын мурдагы президенттин кенже уулу Кадыр Атамбаев жетектемей болду.

Кадыр Атамбаев
Кадыр Атамбаев

45 депутаттан турган шаардык кеңешке мурдагы чакырылыштардагы 12 депутат кайрадан шайланды. Жаңы депутаттардын көпчүлүгү ишкердик менен алектенген бизнестин өкүлдөрү, мурда-кийин жогорку кызматты ээлегендердин уул-кыздары, жек-жааттары бар. Калаа кеңешине келгендердин ичинде билим берүү, саламаттык сактоо тармагында иштегендер жокко эсе. Мындай көрүнүш соңку бир чакырылышка мүнөздүү көрүнүш.

Шаардык кеңештин шайлоосуна эки ирет катышып, бир аз добуш айырма менен өтпөй калган “Реформа” партиясынын лидери Клара Cооронкулова мурдагы чакырылыштардан эч кандай айырма көрбөй турат:

“Кандай болсо да жаңы адамдар келди. Бирок бул адамдардын артында тургандар мурдагы эле күчтөр. Баяга эле күчтөр, баягы эле кызыкчылыктар, менчиктин ээлери. Алар каржылап, өздөрүнө ылайыктуу чечимдерди кабыл алдырат. Олигархия келди деп айтсак болот. Ошондуктан, жаңы курамдан эч кандай өзгөрүү күткөн жокмун. Экинчиден, азыркы Конституциялык реформага ылайык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасынын ролу да азайып бара жатат. Жалпысынан шаардык кеңеш мааниге ээ болбой калды”.

Султанбеков: Оппозиция бирикпесе дагы жеңилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:52 0:00

“Ишеним” партиясынан депутаттыкка шайланган Рысбай Аматов азырынча бир жактуу баа берүү туура эмес экенин айтууда. Депутаттын пикиринде, шаардык кеңештин чыныгы дарамети жана жүзү жарым жылда барып белгилүү болот:

“Эми сыртынан тон бычып, баа бергендер көп эле болушат. Мисалы, мени деле курулушчу кылып салышкан. Болбосо, таптакыр бул тармакка тиешем жок. Азыркы жаңы келген депутаттардын өмүр-баянын, кайсы чөйрөдө иш кылганын 100 пайыз билбейм. Бирок жеке тажрыйбама таянып айта турган болсом, жарым жылда шаардык кеңештин деңгээли, канчалык принципиалдуу экени белгилүү болуп калат”.

Эмне үчүн маанилүү?

Бул жолку шаардык кеңешке шайлоонун таржымалы узун болду. Алгач быйыл апрелде шайлоо өтүп, анда алты партия уткан эле. Бирок добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар, добуштарды сатып алуулар боюнча арыздардан улам шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Мындан соң кайра шайлоо жарыяланып, шаардык кеңеш эми гана иштеп баштады. Анын алдында бир катар милдеттер турат. Эң алгач транспортко жол акыны көтөрүү боюнча маселени карашы керек. Майдын башында жол кирени жогорулатууну талап кылган кичи автобустардын айдоочулары иш таштап, шаардыктарды бир жумага жакын түйшүккө салган.

Ал учурда мэрия жаңы шаардык кеңеш ишин баштаса эле жол кирени көтөрүү маселеси караларын убада кылган. Буга кошумча, быйылкы кургакчылыктан улам борбор калаадагы сейил бактар куурап, оор кырдаал жаралган.

Мындан сырткары жергиликтүү парламент Бишкектин мэрин шайлашы керек. Учурда мэрдин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов буга чейин кызматта калууга аракет кыларын жашырган эмес. Шаардык депутаттардын баркы дал ушул мэр шайлоого келгенде өсөт.

Жарандык активист Адил Турдукулов шаардык кеңеш өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөмсүз экенин айтууда.

“Чынын айтканда Бишкек, Ош шаардык кеңештеринин укуктары кеңири. Бюджетти бекитет, мэрди шайлаганга укугу бар. Бирок алар бул укуктарды анча кеңири колдоно албай келишет. Анткени, ал жерде бийликке көз каранды ишкерлер, үй куруучулар турушат. Бул жолу деле принципиалдуу өзгөрүүнү көргөн жокмун. Экинчи өзгөчөлүгү - шаардык кеңеш мурдагы саясий элитанын балдары, алардын уландысы. Ошол эле Атамбаев, Конгантиевдин, Ош шаардык кеңешиндеги экс-министр Нурлан Сулаймановдун уулдарынын келгенин айтсак болот. Алар бул органды жогорку саясатка тепкич катары колдонушат”.

Партиядан партия которгон Конгантиев спикер болду

Ант берип ишке киришкен соң депутаттар дароо эле төраганы шайлашты. Бул жолу шаардык кеңештин төрагалыгына “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон Куванычбек Конгантиев шайланды.

Куванычбек Конгантиев
Куванычбек Конгантиев

41 жаштагы Конгантиев шаардык кеңеште жаңы киши эмес. Ал буга чейин эки чакырылышта эки башка партиядан депутат болгон эле. Бирок коомчулукка Конгантиев шаардык кеңештин депутаты катары эмес, атактуу фамилиясы аркылуу таанымал. Анын атасы Камбаралы Конгантиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда өлкөнүн башкы прокурору, атасынын иниси Молдомуса Конгантиев ички иштер министри болгон.

Кенже Конгантиев Борбор Азиядагы Америка университетин аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты. Ал акыркы сегиз жылда улам бир партиядан партияга өтүп, депутат болуп келе жатат. 2012-жылы “Республика” партиясынын шайланса, 2016-жылы “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келген.

Былтыр парламенттик шайлоодо бийликчил “Биримдик” партиясынан ат салышкан. Жыйынтыгы жокко чыккан 11-апрелдеги шайлоодо Куванычбек Конгантиев "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы" менен шайлоого катышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партияны добуш сатып алуу фактысы үчүн шайлоодон четтеткен. Андан бир ай өтпөй ал “Ата Журт - Кыргызстан” партиясы аркылуу Бишкек кеңешине келип отурат.

Куванычбек Конгантиев ал үчүн партиялык идеология маанилүү эмес экенин жашырбайт. Жергиликтүү маалыматтык сайттардын бирине маегинде:

"Мен үчүн негизги приоритет - шайлоочулардын каалоосу. Алар мени шаардык кеңеште көргүлөрү келишет. Ошондуктан, кайсы бир партия менен барганым маанилүү эмес. Мага депутаттык шайлоочулардын талабын, каалоосун аткаруу үчүн керек”, -деп билдирген.

Жергиликтүү шайлоолор өлкөдө президенттик башкарууга өтүп, бардык мыйзамдарды ага шайкеш келтирүү жараяны жүрүп жаткан учурга туш келди. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттин укуктары кеңейип, түз дайындоо ыкмасы күчүнө кирүүдө.

Бул шайлоо Садыр Жапаров президенттикке толук кандуу киришкенден кийинки алгачкы добуш берүүлөрдүн бири болду. Жапаров бийликке келгенге чейин шайлоолордо карапайым адамдар мамлекеттик башкарууга катышарын убада кылып келген. Бирок акыркы шаардык кеңештин курамы мурдагы учурдан эч айырмаланбаганын байкоочулар белгилеп жатышат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG