Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Сулайманов: жаңы эреже парламентке билимдүүлөрдүн келишине шарт түзөт


Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов

Жогорку Кеңеш "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми парламенттеги 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Партияны тандаган шайлоочу тизмедеги 55 талапкердин ичинен өзү тандаган талапкерге да (преференциалдык) добуш бере тургандай ыкма киргизилди. Мындай ыкманы демилгелеп, мыйзамды өзгөртүүгө кызыкдар болгон депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов менен маектештик.

- Сиз партияны, анын ичинде талапкерди да тандоону киргизүү үчүн активдүү аракеттендиңиз. Эмне үчүн бул ыкмага артыкчылык бердиңиз?

- Бул преференциалдык шайлоо ыкмасын кыргызча айтканда даректүү деп айтсак болот. Бул деген - партияны, андан сырткары партиянын ичиндеги талапкерди да түз тандай алат. Учурда иштеп жаткан мыйзамда шайлоочу партияны гана шайлайт. Кайсы талапкер экенине карабай бир гана тандоо бар. Шайлоочу тандаган партиянын ичиндеги талапкерди шайлоочунун тандоосуна карабай эле партия лидерлери, саясий кеңеш өзүнүн кызыкчылыгына карап сунуштап келген. Аны шайлоочу өзгөртө албайт эле. Мындай ыкмада шайлоочунун тандоо укугу түздөн-түз бузулуп келген. Депутаттарды тандоо жолу жакшы болбогондуктан парламенттин азыркыдай сапатта куралышын шарттады. Эгерде, эл үчүн чыныгы лидерлерди, жаратман, билимдүү талапкерди тандоого шарт болгондо мындай көрүнүш болбойт эле. Ошол тандоого эртеби-кечпи барышыбыз керек болчу. Бирок биз бир топ кечирээк ушул ыкмага бардык.

- Шайлоону жөнгө салган бул мыйзам, мындай тажрыйба чөлкөмдө кандай бааланат?

- Биздин жаңы мыйзам кабыл алынганга чейин эле, иштеп жаткан мыйзамдарыбыз, шайлоо өткөрүү эрежелерибиз кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу алдыда болчу. Мындай эрежени киргизүү менен биз дагы алдыга кеттик деп ойлойм.

- Ушул мыйзам кабыл алынганга чейин бир топ талаш-тартыш, кээде кер-мур айтышуулар да болуп жатты. Бул эреженин киргизилишине кимдер эмне үчүн каршы болду?

- Көпчүлүк депутаттар колдоп жатышты. Бирок, каршы күчтөр да көп болду. Каршы болгондор булар - акчасына таянган, таанышына ишенгендер. Партиянын тизмесинин алдыңкы сабына туруп алып, тизменин арт жагындагы элге эмгеги сиңген талапкерлердин эмгеги менен парламентке келип алууну өздөштүргөндөр аябай эле каршы болушту. Эми бул жерде чыныгы атаандаштык пайда болот. Эркин атаандаштыкка шарт түзүлөт. Анан чыныгы лидерлер алдыга суурулуп чыгып келишет. Жасалма жол менен, партиянын алдынкы “алтын” орундугу менен, акчасынын салмагы менен келген олигархтар деген түшүнүктөр жоюлат. Биздин аракетибизге жогорудагыдай жолго көнгөндөр аябай эле каршы туруп, бут тосууга аракет кылышты.

- Шайлоо босогосун да үч пайыздан беш пайызга жогорулатууда компромисске бардык деп айттыңыз эле. Кимдер менен, эмне үчүн сүйлөшүп жаттыңыздар. Эмне үчүн андайга кызыкдар болушту?

- Эми мыйзамдын авторлору менен ушундай сүйлөшүүгө барып, компромисске барууга туура келди. Бул жерде эми үч пайыздан беш пайызга жогорулашы көп партиялардын парламентке барышына тоскоолдук жаратат, оорчулук болот. Бирок, ошол эле мезгилде сүйлөшүүлөр менен биригүүлөргө түрткү болот. Бул мыйзамда пайыздык босогонун канча экенине карганда партия ичинен жеке тандоо укугу берилип жатышы кыйла жогору турат. Жетишкендик ушунда.

- Октябрь айында парламентке шайлоо өтүшү керек деген да сөздөр айтылып жатты эле. Эми жаңы ыкма техникалык жактан оорчулук жаратып, даярдык үчүн убакыт жетишпей шайлоону дагы кийинкиге жылдырганга мажбур кылбайбы?

- Эми октябрда шайлоо өтүшү керек деген аракет болуп жаткан. Бирок, борбордук шайлоо комиссиясы дагы бир ай даярдык үчүн убакыт сурап жатат. Эгер алардын суранычын аткарган болсо, балким шайлоо ноябрдын аягында өтүп калат. Андан арыга калбайт. Кандай болгондо да ушул жылдын аягына чейин шайлоо өтүп, жаңы жылга жаңы парламент иш башташ керек. Азыр эми техниканын, санариптештирүүнүн жетишкен мезгили. Бардык маселени тез жана ыңгайлуу кылып чечип койсо болот. Болгону шайлоо урналарын программалоону жасаш керек. Аны жасоого көп убакыт кептейт. Таза жана элдин кызыкчылыгындагы шайлоону камсыздаш үчүн бул маселе эмес деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG