2023-жылдын январь-июль айларында жеке адамдардын чет өлкөдөн акча которуулары 31,6% аз болду. Бул былтыркы жети айлык көрсөткүчкө караганда 510,8 млн долларга аз дегенди билдирет.
Чет өлкөдөн жеке акча которуулардын 90% ашуунун Орусиядагы мигранттар менен мекендештердин каражаттары түзөт. Алардын Кыргызстанга акчаны аз которуп калышына кандай жагдайлар таасир этүүдө?
Орусия аймагында иштеген кыргызстандык мигранттардын бири Эмилбек Кадыров бир жылдан бери Санкт-Петербург шаарында коомдук транспортто айдоочу болуп иштейт. Ал барган сайын рублдин куну качып, тапканы мурдагыдай берекелүү болбой калганын кеп салды:
“Мурда 90 миң рубль 100-105 миң сом болчу. Азыр 90 миң рубль которсоң, 80 миң сом аласың. 25 миң сом артка кетип калдык. Бул жакта текшерүүлөр да көп. Жөн кетип баратсаң да милиция кызматкерлери документиңди текшерип, алып барып камап, Украинадагы урушка үгүттөй баштайт. Кыргызстанга кетип калсаң, ал жакта иш болбосо... Көптөр кетип жатат, документи бүтүп кеткен эле адам кайтып келбей жатат. Азыр Европага кеткендер да көп. Орусияга анча кызыкпай калышты. Андан көрө Европага туруктуу жашоо документин алса болот, аны 1000-1500 долларга алат. Европанын айлыгы 200 миң сомдон кем эмес”.
Орусия отуз жылдан бери кыргызстандык мигранттардын негизги каражат табуу булагы болуп келген. Бирок чет жактан, анын ичинде Орусиядан Кыргызстанга жеке акча которуулар барган сайын азайып жатканын Улуттук банктын маалыматтары да ырастайт.
Алсак, 2023-жылдын январь-июль айларында чет өлкөдөн Кыргызстанга 1 млрд 107,3 млн доллар жеке адамдар тарабынан которулган. Бул мурдагы жылдын жети айында которулган каражаттан жарым миллиарддан ашуун долларга аз.
Статистикалык маалыматтарга карасак, Орусиядан жөнөтүлгөн жеке которуулардын суммасы 2022-жылдын октябрынан бери тынымсыз азайып келет. Июль айын эле алчу болсок, быйыл 145,9 млн доллар которулган, бул былтыркыдан 17,9 млн долларга аз. Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет (132,2 млн доллар). Экинчи орунда алыскы чет өлкөлөр турат. Улуттук Банктын маалыматында башка өлкөлөрдөн 6 млн, АКШдан 4,5 млн, Түркиядан 1,7 млн доллар каражат которулганы жазылган.
Орусиядан которулган жеке акча которуулар негизинен эмгек мигранттары менен соодада иштегендердин жөнөткөн каражаты болуп саналат.
Эксперттер 2022-жылдын башынан берки Орусиядагы каатчылык жана согушка байланыштуу санкциялар кыргыз мигранттарынын абалына олуттуу таасирин тийгизгенин белгилейт. Муну менен катар, орус рублинин куну июнь айынан бери төмөндөп, учурда сомго наркы 90 тыйындын тегерегинде болуп калды.
Финансы жаатындагы талдоочу Арсланбек Кененбаев акча которуулардын азайышын негизинен орус рублинин куну түшүп кеткени менен түшүндүрөт. Албетте, ага башка дагы жагдайлардын таасири бар.
“Рубль бир жылда 100% девальвацияга кетти. Өткөн жылы доллар 50 рубль болчу, азыр 100 рубль болуп калды. Биздин мигранттар айлыкты рубль менен алат. Валюталык кризистен улам ушундай жыйынтык болууда. Рубль 100% девальвация болду. Биринчи маселе курска байланышкан. Экинчиси, айлык азайды. Салыштырып карасак, сом менен рублдин куну башка. Орусияда айлыктын сомго карата көлөмү азайып кеткенинен улам айрым мигранттарыбыз кайтып жатса керек. Согуштан улам да болуп жатат. Биздин мекендештердин көбүнүн орус паспорту бар. Алар мобилизациядан коркуп, бул жакка кайтып келүүдө. Ошондуктан бул жерде валюталык кризис, мобилизация жана айлыктын көлөмүнүн азайышы сыяктуу факторлор бар”.
Мигранттардын мекенине которгон каражаттары жыл сайын 2,5 млрд доллардан ашып, Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 1/3 барабар болот. Алардын 90% ашууну Орусиядан келет. 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам мигранттардын которгон акчасынын көлөмү кыйла азайып кеткен. 2021-жылдан баштап которулган каражаттын көлөмү кайра өсүп, 2022-жылы 3 млрд долларга чукул сумма менен рекорддук көрсөткүчкө жеткен.
Эгерде соңку беш жылдын январь-июль айларындагы акча которуулардын статистикасын салыштырчу болсок, быйылкы сумма 2020-жылдагы пандемия убагындагы көрсөткүчтөн да төмөн.
Айрым эксперттер 2022-жылдагы өсүшкө Орусияга салынган санкциялардан улам Кыргызстан аркылуу сатылган товарлардын көбөйүшү түрткү берди деп эсептейт.
Экономист Элдар Абакировдун талдоосунда, Кыргызстанга которулган каражаттын өйдө-ылдый болуп жатышына Орусиядагы каатчылыктын түз таасири тийүүдө:
“Бул жерде биздин кийим тигүү тармагын айтсак, мен талдаганда Орусияга Zara өңдүү бир топ брендден 5-6 млрд долларга кийим-кече келчү экен. Санкциянын айынан Орусияга бир топ товарлар барбай калды. Кытайдан биз аркылуу барып калды. Анан Кыргызстандын тиккен кийимдеринин көлөмү да беш эседен көпкө өстү. Ошол акча которуулардын арасында, албетте, биздин кийим тигүү тармагынын акчасы да бар. Орусиянын өзүндө дагы көптөгөн жумуш орундарда мобилизациядан качкан орустардын орду бошоду окшойт. Алардын ордуна биздин мигранттар иштеп калышты. Ушинтип, бир жылда жалпысынан көлөм өстү. Бирок Орусиянын экономикасы бир аз оорлошуп, рубль түшүп кеткенде таасирин эми сезип атабыз”.
Кыргызстандын 7 млн калкынын 1 миллиондон ашууну миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда жана теңинен көбү орус жарандыгын алган.